Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Кудайга кимдер калп айтат?


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Адамдар менен иштеген кесиптегилер (жетекчилер, саясатчылар, судьялар, журналисттер, мугалимдер, дарыгерлер) шалаакылык кылса - накта кылмышкер болгону. Ал эми паракорлор – өз элине, өлкөсүнө чыккынчылык кылгандар.

Алыкулдун ыр сабын ким «жакшырткан»?

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм.

Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Кечээ жакында мен сыйлаган дин аалымы Мамбетасан Ибраев «Фейсбуктагы» өзүнүн барагына Алыкулдун бул ыры совет доорунда бурмаланган экен деген мааниде пост жазды:

«…Жакында Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агабыздын А.Осмонов тууралуу жазган «Ыр сабындагы өмүр» деген китеби колума тийип калды. Бул китептин мукабасын ачканда эле мени түйшөлткөн ойлорго чекит койгон окуя болду. А.Осмоновдун өмүр баянын чагылдырган бул китептин биринчи эле бетинде биз жогоруда сөз кылган ыр саптары жазылган экен. Бирок биз окуп жүргөн ыр кийин бурмаланганына көзүм жетти. Сөзүбүздү далилдеш үчүн ырдын төрт сабын өзгөртүүсүз мисал келтирели.

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм.

Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.

Партияга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Ушул саптарды окуп алып, чынын айтсам, абдан сүйүндүм. Алп акыныбыздын бул ырын партиянын (адабий цензура) камчысынан корккондор өзгөртүп коюшкан. Ал эми залкар акындын өмүр баянын терең изилдеген агайыбыз Кеңеш Жусупов ырдын түп нускасын таап, китептин башкы бетине жарыяласа керек...».

Бул эки тексттин кайсынысын түп нуска (оригинал), кайсынысын бурмаланган варианты десек болот? «Кудайга» деген үч муундуу сөздүн ордуна төрт муундуу «партияга» дегенди коюп угуза окусак, ыргагы даана бузулганын байкайбыз. Салттуу 11 муундук саптардын катарына 12 муундуу сап сыйышпай, ыргагы бузулуп жатат. Үйрөнчүк жазмакерлердин «ырларында» мындай алешемдиктер көп эле кездешет, бирок Алыкул Осмонов ушундай жазышы мүмкүн беле?

Менимче, бул ырда «Кудайга» деп эле жазылган. «Партияга» дегенге басмадан эле такыбасынган бирөө алмаштыра салган окшойт.

Бейишке белет саткандарды Кудай кечиреби?

Алыкулдун «Кудайга калп айтканы» – ошол атеисттик идеология үстөмдүк кылган доордо «Кудай жок!» дегендей сөздөрдү жалпы хор менен кошулуп миң ирет кайталаганы болушу ыктымал. Бирок чын эле ошондой деп ойлогондуктан эмес, тоталитардык бийликтин «талашсыз чындыгын» аргасыздан кайталап турган. Ал кыргыздын мен деген акын-жазуучуларынын ичинен нукура таланттуусу да, кишилик абийирин таза сактаганы да болгон. Кудайга жакпаган бир да иши жок – репрессия жылдары эч кимге айгак болбогон, кызмат-мансапка кызыкпаган. Ошондуктан Теңир анын «калптарын» кечирди деп ойлойм.

Бирок «мындай айт, тигиндей жазба» деп бийлик тескебеген азыркы кезде беш маал намазын калтырбай, бир күндө 100 жолу «кудайлаган», ал түгүл ажыга эки-үч ирет барып келген кишилердин канчасы такыба да, канчасы динди бетке кармаган алдамчылар экенин кайдан билебиз?

Кудайды алдап, элдин башы айлантып, бейишке белет саткан чайкоочу «таксырлар» толуп жатат. Аларды Кудай кечиреби?

Бул саптагы идеяны бир гана формалдуу диний нук менен чектеп түшүнүш керек эмес. Анткени адамдын Теңир менен болгон мамилеси келтирген келмеси, окуган намазы, кармаган орозосу ж.б. аркылуу эле жүзөгө ашырылбайт. Диний жөрөлгөлөрдү аткарбаса да, кишичилигин бийик сактап, үй-бүлөсүндөгү, жашаган чөйрөсүндөгү, өлкөсүндөгү, иштеген жумушундагы парз-милдеттерин дайым жакшы аркалап жүргөн инсандар бар. Булардын жашоо таризи кантип эле Жаратканга жакпасын?

Ошентсе да бул жарыкта эч нерседен өксүбөй, төгөрөгү төп келип, баардык жагынан татыктуу жашаган адамдар өтө сейрек кездешет. Жакшы ата-эне ортозаар эле дос болуп чыккан учурлар болот. Мүнөзү жибектей, жакындарын жанындай көргөн күйүмдүү киши начар жаран болушу да толук ыктымал – булардын катарында кечээ эл ажал менен арбашып жатканда дары-дармекти он эсе кымбат саткан кызыл кулактар да бар.

Баласын же жубайын жакшы көргөнчөлүк жумушуна үзүлүп түшө иштеген, жасаганын эч кынтыксыз деңгээлге жеткиришке дегдеп турган таанышыңыз барбы?

Акыйкатта бул жарыктагы адамдык милдеттерин таза аткаруу да Кудайга сыйынуу болуп саналат эмеспи. Жаратканга табынуунун бул ыңгайы формалдуу «такыбалыктан» миң эсе жогору бааланышы керек. Анткени алар турмуштагы билип туруп жасаган күнөөлөрүн, ал тургай кылмыштарын намаз, орозо, соопчулук, ажылык сапар ж.б.у.с. аркылуу кечиртип алууга болот деп эч качан диний жөрөлгөлөрдү бетке кармабайт.

«…ишке келгенде көк жал бөрү экен...»

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун атактуу композитор Д. Шостаковичти эскергендеги бир сонун сөзү бар (орус тилинде окуган элем, эстегенимди кыргызчалатайын):

«Жапакеч, күйүмдүү Дмитрий Дмитриевич, ишке келгенде көк жал бөрү экен! Узак жылдар бою иштешип, кадырлаш болгон квартеттин музыканттарын ушундай катуу сындап, каарын салганда, бери жакта отурган биз таң калдык» (астын сызган мен. – Ж.Т.).

Алыкул да өзүнүн акындык вазипасына ушундай катаал жоопкерчилик менен карап, Сөз өнөрүнө эч качан чыккынчылык кылган эмес. «Ырына бир мертебе калп айтпаган»!

Акындын ырындагы лирикалык «Мен» - анын өзү эле эмес. Ал жалпы эле Акын журтуна чыгармачылыктагы эң жогорку талапты эскертип жатат.

Кеп жалаң эле өнөр адамдары жөнүндө эмес. Башкаларды туурабай, ээрчибей, курулай дымакка алдырбай, колунан кайсы иш жакшы келерин даана сезип-туюп, өз кесибин адашпай тандагандар жөнүндө. Жердин демин сезип, айдаган эгинине, өстүргөн багына арамдыкты жолотпогон эмгекчил дыйкан; ар бир макулуктун «жанын» билген малчы; жасаган же оңдогон буюмун кынтыксыз кылып ээсине тапшырган уста; балдардын акылын өстүрүп, дилин тазарткан мугалим; калыстыктан тайбаган сот; медицина боюнча билимин өмүр бою өркүндөтүүдөн талбаган дарыгер... – булардын баары «ырына бир мертебе калп айтпагандар».

Тескерисинче, шалаакы иштеп, кесибин акча табуунун булагы гана деп билгендер – Кудайды алдагандар. Биз дал ушул ишке жоопкерчиликсиз мамилени достук, туугандык ж.б. мамиле менен жууп-чайыган жаман адатыбыз менен өнүгө албай отурабыз, очорулуп.

Айрыкча адамдар менен иштеген кесиптегилер (жетекчилер, саясатчылар, судьялар, журналисттер, мугалимдер, догдурлар) шалаакылык кылса - накта кылмышкер болгону. Ал эми паракорлор – өз элине, өлкөсүнө, мамлекетине чыккынчылык кылгандар.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG