Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 18:27

Кыргыз поэзиясынын Саврасову


Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев.

Жакында Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармаларынын үч томдук жыйнагы жарык көрдү. Ага жазылган акын Жыргалбек Касаболотовдун баш сөзүн окурмандарга сунуш кылабыз.

Акындын сөзү, сүрөткердин көзү

Нукура кыргыз баласы бул жарык дүйнөнү үзгүлтүксүз, бүтүн, чулу түрүндө карайт экен. Башкасын кой, Жараткандын өзүн да анын жаратып жасап койгон нерсесинен улам тааныйт, жакшы көрөт, суктанат. «Ооо кагылайын Кудай! Жер-суу, тоо-ташыңдан айланайын Кудай! Жалынмак менден, жалгамак Өзүңдөн» деп биз көрүп калган карылардын эртең менен эрте туруп жалынганында эле кыргыздын бүт ааламга болгон теңдешсиз сыйы, көз карашы, мамилеси сезилип турбайбы. Эшикке чыгып эки жакты караса эле көзүнө урунганы жер-суу, тоо-таш, көгөргөн көк, агарган ак болуп турса башка эмне аркылуу жакшы көрмөк эле, Кудайды? Аныгында да Жараткандын улуулугу - жаратылыштын адам колунан келбей турган кереметинде, ченебеген чеберчилигинде, төгөрөгү төптүгүндө эмеспи? Андыктан кыргыздар турмушундагы болгон нерселерди да табият аркылуу таанып, салыштырып, туюп келгени ошо. Кыргыз акындары байыртан болмушту эки улуу теманын – «Аккан Суу» менен «Дүнүйөнүн» алкагында ачып келген.

Ошондон болсо керек, кыргыз турмушунда ушуга чейин өзгөрүлбөй кылымдар бою келаткан төрт мезгил - далай акындардын, ойчулдардын, сөзмөрлөрдүн түгөнгүс кенчи. Бирок кийинки жазма поэзияда атайылап ошого арнап, кадимкидей эле жаз, жай, күз, кыш аркылуу жаратылыштын көркүн да, өз тагдырын да, турмуштагы өзгөрүүлөрдү да, дүйнө таанымын да атайылап баяндаган топтомдор жок, болсо да жокко эсе деп айтсак болот.

Кыргыздын белгилүү акыны Шайлообек Дүйшеевдин менин колумдагы төрт мезгилге арналган ырлар жыйнагы ушунусу менен кызыктуу. Өзгөчөлүгү да ошол аркылуу даана ачылат.

Шайлообек Дүйшеевдин үч томдук жыйнагы.
Шайлообек Дүйшеевдин үч томдук жыйнагы.

Бул жыйнактын жаралышы бекеринен эмес. Адатта кыргыз жазма акындары өз ичине сүңгүйт, өз сезимдерин, өз тыянагын, өз турмушун баяндайт. Залкар философ-акын Калчоро Көкүлов: «Менин илгертен келаткан адатым – ушу дүйнө менен эле кармаша берем. Кармашып эле келатам, же бир кармашыбыз бүтпөйт, деги бири-бирибизди жеңе элекпиз» деп айтканы көп поэзия чеберлеринин дүйнө таанымына үндөш. Кыргыздын көп мыкты акындары ошентип дүйнө менен чулу кармашат, «Дүйнө жана Мен» деген диалогдо жашап, ошондой эрөөлдө жүрүп өтөт.

Ал тургай кыргыз коомчулугу автордун өзүн деле көп жыл бою биринчи иретте саясий лириканын чыйырын салган, коомдук көкөй кести маселелерге окурманды түйшөлтө билген курч публицист акын катары билгени эч кимге жашыруун эмес. Анын кыргыз тили жөнүндө, кыргыз элинин абалы жөнүндө тээ Союз ыдырап бараткандагы жазган саптары өз кезегинде кыргыз жаштарынын аң-сезимин өзгөртүп, ушул сөздөрдү жазып жаткан, шаарда эле туулуп-өсүп, негизинен шаарда эле жетилген менин да жарандык позициямды калыптандырууга кыйла салым кошконун айта кетпесем болбойт.

Ал эми турмуштун миң кырдуу конкреттүү деталдарына, алардын сүрөттөмөсүнө кайрылган, терең үңүлгөн кыргыз акындары чанда эле кездешет. Алардын көбүнөн кыйла айырмаланып, Шайлообек Дүйшеевдин бир чоң, балким жакшы ачылбай келаткан башкы өңүтү - ал илгертен бул жашоону чебер сүрөткердин көзү менен караган акын. Анын көзү – өтө кылдат сүрөтчүнүн, фотографтын, кинооператордун көзү. Балким сөз өнөрүнө аралашпай киного, сүрөт өнөрүнө баш-оту менен кирсе ал жакта абдан мыкты чыгармаларды жаратмак. Анын туюму – бул дүйнөнү анын көзгө урунган көркөмү аркылуу кабылдаган жандуу, сезимтал кыргыздын туюму. Шайлообек Дүйшеев – кыргыз поэзиясындагы мыкты сүрөтчү.

Жыйнактын башында айтылуу орус сүрөткери Алексей Саврасовдун чыгармачылыгына, басып өткөн жолуна, көркөм ыкмасына, автордун кийинки турмушуна тийгизген таасирине кеңири орун берилген. Ал тургай сүрөт темасы жалпы эле бул жыйнактын өзөгүн баштан-аяк тепчип өтөт. Саврасов өзүнүн көп картиналарын ар кандай вариантта тарткан сыңары, китепте акын өзү да тигил же бул темадагы ырларын ар кандай вариантта сунуш кылган.

Мисалы:

Жашоо деп мал-жан дүрбөгөн,

Жаз тостук жалган дүйнөдөн.

Бейиттер келип жок болуп,

Бетеге кайра гүлдөгөн...

Анан ушунун эле 2-варианты:

Жандын баары жашаш үчүн дүрбөгөн,

Жазды тостук жазыгы жок дүйнөдөн.

Бейиттери келер менен жок болуп,

Бетегеси келер менен бүрдөгөн.

Баарынан кызыгы, алардын ар бири – тек гана машыгуу иретиндеги кошумча варианттар же бири-биринин туундусу эмес, биринен бири калышпаган, ар башка формага салынган кадыресе өз алдынча, бүткөн чыгармалар. Саврасов орус кышын сүрөттөп даңазасын арттырса, автор кыргыз кышын, асыресе Ат-Башынын айтылуу аязын кемелине келтире чагылдырып жүрүп отурган.

Мыкты акындын чеберчилигинин белгилеринин бири - кыска эле текстте көп маанини, сезимди, процессти бере алганында. Сыйымдуулугунда! Китепте мындай мисалдар өтө көп.

Алтүндөгү сууда калган кийиздей,

Асманы да үнү жок жаайт жиникпей.

Агып түшкѳн чагылган да көрүнбөйт,

Ата берип жок кылышкан кийиктей.

Ортосунда чындык менен жалгандын,

Ойноок болду окугандан калган муун.

Оюнчуктар батпай турат дүкөндө,

Оюну жок, бирок бүгүн балдардын.

Бул эки куплетте өтө көп нерсе бар. «Сууда салган кийиздей» үнү жок жаап аткан жамгырдын таасын элеси, ата берип жок болгон кийик, окубай да, ойнобой да калган азыркы муун, оюнчук дүкөнгө батпаган заман, анын баарын өз балалыгына салыштырып эскерип отурган автордун жан маанайы... Замандын сүрөтү кадимкидей көзгө тартылат.

Же болбосо өңчөй табиятка арналган саптарын алалы:

Арык бойлоп чакчыгайлар тызылдап,

Кеч мышыктай жылып кирет иңирден.

Чийдин жашыл үкүлөрү ызылдайт,

Чиркейлердин салмагына ийилген.

Элестеттиңерби? Ошол иңир азыр мышыкка окшоп жыла басып келаткандай, чийге конгон чиркейлердин илеби жаныңдан өткөндөй...

Баарынан да кадимки эле кыштын сүрөттөмөсүн акын сөз менен жазбай эле, өтө чоң чеберчилик менен мультфильмге тарткандай көрөбүз.

Кылчылдайт, аппак кийгени.

- Кыш белең? - десек:

- Ии, - деди.

- Үйгө кир, даам сыз? - деди энем,

Үй муздак болчу, кирбеди.

Очоктун оозу тегерек,

Ой жатты мени тебелеп.

«От жагып койсок эмине,

Олтуруп кетпейт беле!»- деп...

Кыштын өзүн үшүткөн суукту да, ойдо жокту болтурган кызыктуу фантазияны да, ага аралаш баарына төгүл-чачыл кыргыз мүнөзүн да кошул-ташыл аралаштырып, бир бүтүнгө жууруп салган мындай табылгалар өтө сейрек кездешет.

Жыйнакка мурун чыккан ырлар да кирген. Алардын ичинен Токтогулдагы чөп чабык, «Күндү бирөө таштап кеткендей» аптап, «боюнан бошонгон аялдай» аялуу күз мыкты тартылганын, бир даары сөз чеберлеринин мыкты баасына татыганын кайталап отурбайлы. Болгону жогоруда сөз болгондой, фактынын да, ага байланышкан турмуш чындыгынын да, салыштыруунун да сыйымдуулугун камсыз кылган, арабакеч тууралуу «Күздөгү ыр» аттуу картинанын фрагменттерин мисалга тарткым келет.

«Өзөндүн ташы калды,

Өмүрдүн азы калды.

О, Кудай чөп деп жүрүп,

Өзүмдү ташыгамбы?

... Кыздарым «сыйлашам» деп,

Күйөөгө тийе качкан.

Уулдарым «жыргатам» деп,

Калаага кире качкан».

... Араба талаа кезет,

Араба. Талаада кеч.

Кызарган Күн батаар жак.

Кыйшайган арабакеч...

Бул ашык-кеми жок бир адамдын өмүрү. Кызарып батып бараткан Күн аркылуу ошол жолдо өмүрү өткөн, жашы жетип кыйшайып бараткан арабакечтин турмуш таржымалын, керек болсо сапарынын соңун тартып берген финал. Мындай ыкманы адатта режиссёрлор жакшы колдонот.

Демек, бул жыйнак – жалаң эле табияттын ар кандай ракурстагы элеси эмес. Анын баалуулугу - Шайлообек Дүйшеев бул китепте табияттын төрт мезгили аркылуу өз жашоосун сүрөттөгөн. Анын ичинде баары бар. «Кыздарды чөмөлө кылып катып алган» жаштыктын деминен тартып, «тууган дебей туура атылган ок болгон, тунарыктап турганында сом болгон» Турдубек досуна чейин. «Заматта Ак Аюуга окшоп калган» кышкы Ак-Сайдан тартып орустун нан жыттанган талааларына чейин. Баарынан маанилүүсү – биз ошонун баарын акындын көзү менен кошо карайбыз.

Автор өзүн акыл астында жөн акын эмес, сүрөткер катары сезип турганы Саврасовдун картиналарынан алган таасиринен эле эмес, дагы бир ырынан даана көрүнөт:

Өз элим деп өңдөн азып,

Өзгө күнгө кактандым.

Кагаз - талаа, а өмүр - кар,

Карандаштай аз калдым...

Бул өтө баалуу салыштыруу. Аныгында салыштыра келсек адам аттуулар баарыбыз карандашпыз. Өз жашообуздун сүрөтүн кылык-жоругубуз, баскан-турганыбыз, сүйлөгөн сөзүбүз, калтырган изибиз, жасаган ишибиз менен өзүбүз тартабыз. Боёкторун башкалар, турмуш, мезгил кошуп жүрүп отурат. Көбү акын өкүнүч менен байкаган эски алиппедей болуп тамызгы иретинде отко ыргытылса, саналуусу гана башкаларга үлгү болуп, көздүн жоосун кандырат, өлбөс-өчпөс турмуш сабагын калтырат.

Болгону, Шайлообек Дүйшеев - эмнеге тийсе ошону булгай берген көнүмүш карандаш эмес, жашоону чын дилинен жакшы көргөн, өзү эле жакшы көрбөй, сүрөттөмөлөрү аркылуу башкага да жакшы көргөзгөн, бул дүйнөнүн кооздугун, кереметин унутуп калган адамдын кайрадан жашагысын келтирген, көбү алыстан гана суктанып тим болгон Ат-Башыга да башкалардын арзуусун арттырган, күн желесиндей Жандуу Карандаш.

Жашоону жакшы көрүү демекчи, бул жыйнактын башында сөз болгон Саврасовдун таасирине байланыштуу эң мыкты ырлар тууралуу атайын аягында сөз кылып атам. Мунун жөнү бар.

Сагынтасың, элестейсиң, күлѳсүң,

Сабак бүтпөй, санайм сааттын мүнөтүн.

Саврасовдун айтып жатат эжейим,

Чар каргалар учуп келген сүрөтүн.

Жазды оруска апкелиптир каргалар,

Жаз апкелген мындай карга кайда бар?

Терезеден көчө жакты карасам,

Тегеренип жаап жатыптыр майда кар.

Булуттары коргошундай ныкталган,

Бук болгондо крест, чиркөө жыттанган

Орустардын ала шалбырт асманын

Ошондо мен билбейм кимден кызгангам.

Ак чамбыл жол, уй-кой өткөн, киши өткөн,

Алакандай айыл ушул биз өскөн.

Кайыңдыга жаз апкелсем дечү элем,

Каргаларды уурдап алып китептен.

Көктү көздөй кое берип көп кылып,

Көчөлѳрдү, талааларды көк кылып.

Сен басуучу жолдун баарын гүл кылып,

Сен басуучу жердин баарын чөп кылып.

Эжей калып, сабак калып, бак калып,

Эл бүткөндүн бардыгына мактанып,

Энеме да алпарбастан саа гана,

Эң биринчи барат элем Жазды алып!...

Ал кыз эмгиче балпайган байбиче болгондур. Өзгөрбөй турган эмне бар? Өзгөрбөй турган жашоо кумары, каргаларды китептен уурдап алып сүйгөнүнө жаз алып келгиси келген балалык кыял, анан ошол түбөлүк кайталанып жашообузга жарык чачып, улам жаңырып турган жаздын өзү гана бар экен, көрсө. Же, дагы бир вариантында айтылгандай:

Адырдын жолун теминтип,

Арыктын суусун элиртип.

«Айылга жазды биринчи,

Апкелген бала» дедиртип,

жазды алып келгиси келген көксөө түбөлүк экен. Ал көксөөсүнө автор дал ушул китептеги ырлары аркылуу жетти деп эсептейм. Анткени бул жыйнактагы табияттын, турмуштун, окуялардын сүрөттөмөсү кадимкидей жашагыңды келтирет. Андыктан окурмандын көңүлүнө жаз тургай төрт мезгилдин баарын, ага кошуп өз дүйнөсүн кучагына батыра албай энтеңдеп көтөрүп кирип келген Шайлообек Дүйшеевдин өнөрүнө окурман катары чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Аягында айтаарым - адатта кыргыздын акындары жашы улууларын үлгү тутат, кетирген кемчиликтери болсо үндөбөй баалуу сабак алат, жакшы-жамандын айырмасын өз Жолунда пайдаланат, бирок кичүүсү улуусунун китебине баш сөз жазбайт. Андай вазийпа жашы улууларына тиешелүү. Аны жашы улуулар кандай аткарып атат, ошол берип аткан ак батасынын жоопкерчилигин сезип атабы-жокпу, кеп башка, бирок жалпы эреже, калыптанып калган салт ушундай. Андыктан Шайлообек байке бул жыйнагына пикир жазып беришимди суранганда чочуп кеттим. Адегенде тамаша экен деп ойлодум. Жок, чын экен. «Эми мен жашы улуусу эле деп Сүйүнбай Эралиевди кайдан барып издеп отурайын?» дегенде бир эсе күлүп, бир жагынан сөзгө жыгылып макул болдум. Чын эле, ак саманды жаман деп чөптү кайдан табасың? Кыргыз интеллигенциясы болгон-бүткөнүбүз, жакшы-жаманыбыз менен турган турпатыбыз ушул. Башкасы жок. Башка бирөө четтен келип кыргыз үчүн талдап бербейт экен.

Ошентсе да бул айтылгандар китепке жазылган баш сөз эмес, китептеги чыгармалардын биринчилерден болуп даамын татып ырахат алган окурмандын пикири катары кабыл алынса экен деп, автордун чыгармачылыгын чын жүрөктөн урматтаган окурмандардын бири,

Жыргалбек Касаболотов

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG