Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-май, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Курч акын, шайыр акын, даана акын 70те


Шайлообек Дүйшеев

Кыйчалыш маалда ойготкуч акыны болгон элдин келечеги бар. Кыргызстандын Ички Теңир-Тоосунун койнунда, Ат-Башы жергесинде 1950-жылы 23-февралда туулган Кыргыз эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык торколуу тоюна арналган блог.

Кайдыгерликти жеңүүгө чакырык

Ар бир муундун акын-жазуучулары өз үнүн элге жеткириш үчүн ар башка атаандаш төрдү колдонот тура. Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай акындар ат үстүндө же боз үйдө отуруп ырдап, комуз чертип, сөөк агартса, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Эшенаалы Арабай уулу, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков сыяктуу бабаларыбыз падышалык оторчулук доорунда эле калем жорголотуп, кагаздагы чыгармалары менен калайыкты сабаттуулукка үндөгөн.

Кеңеш доорунун соңку чейрек кылымын алсак, Ала-Тоонун калкынын жеңилбес рухун чыгармаларында шөкөттөп берген Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыков, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев сыяктуу калемгерлер чыкты. Алар 1960-80-жылдары кыргыздын карт тарыхына жана дастандарына астейдил мамиле кылууга, өтмүштү калыс үйрөнүүгө чакырып, ар кыл публицистикалык, көркөм чыгармаларды жарыялашканы маалым.

«Кайра куруу» доорунда элеттиктердин, көчөдөгүлөрдүн, үйсүздөрдүн, укугу тепселгендердин, жалпысынан, теңата укугун талашууга даап, өз эне тилин мамлекеттик тил макамына жеткириш үчүн күрөшкөн кыргыз элинин үнүн тайманбастан билдире турган инсандар аба менен суудай керек болду. Андайларды коммунисттик «саясий Олимпке» жакындардан эмес, бийликтеги жалгыз партияга (КПССке) эч бир көз каранды болбогон, чоң кызмат аркалабаган, саясий карьераны ныпым ойлобогон катмардын өкүлүнөн, жаштардан көбүрөөк күтүшүбүз ыктымал болчу.

Ошондо суурулуп алдыга чыккан дал ошондой калемгер - жаш акын Шайлообек Дүйшеев агабыз эле. (Кийин да ал эч бир саясий партияга мүчө болгон жок. Маркум Мелис Эшимканов «Бей-бечаралар» партиясына эч азгырып мүчө болтура албай койгон, ини досу Болот Шернияз да «Ата Мекен» партиясына мүчөлүккө жолото албай койду. Себеби Шайлообек агай - саясий топтордон эркин инсан).

Сыйлуу төргө жакын улуу муундагы акын-жазуучулардан айырмаланып, Шакебиз эл көйгөйүн карапайым калайыктын ичинен туруп, мындайча айтканда, улагадан туруп эле шардана кылып чыга келди.

Анын 1988-жылы жазылып, кийин улам кеңейтилген «Кайдыгерлик» чыгармасы өз учурунда кагылган добулбас катары «Кайра куруу» доорунун тарыхында калды.

Падышалык оторчул бийлик жана кийин алардын ордун баскан коммунисттер Ала-Тоодогу нечендеген мурдагы тарыхый аталыштарды жерип, өздөрүнүн «татуировкасын» таңуулагандыгы жөнүндөгү Шакебиздин ыр саптары ошол 1988-жылы деле «тентек» ой болгон:

«...Кыргыз жери кыргызча эмес,

Сосновка, Покровка,

Чүйдө дагы Покровка,

Көлдө дагы Покровка,

Таласта да Покровка,

Покровка, Покровка, Покровка,

Кыргыздын жериндеги татуировка!.

Эгерде бул сыяктуу ырды кимдир-бирөө 1930-40-жылдары жазса, балким, атылып кетмек, 1950-жылдары жазса сүргүнгө айдалып кетмек, 1960-84-жылдары жазса, өмүр бою (тактап айтканда, СССР жыгылганга чейин) «кара тизмеде» калмак жана чыгармалары эч жарык көрмөк эмес.

Кыргыз улутунун кызыкчылыктарын коргогон, «Манас» эпосун иликтеген, эгемендик идеясына багыт берчү ойлорду китебинде камтыган, кыргыз тилинин макамын чыңдагысы келген далай айдыңдар совет доорунда жайран болуп кетишти же абактан кийин айдыңдык жумуш таппай жүрүп өтүштү. Касым Тыныстанов, Тазабек Саманчин, Кубанычбек Нурбеков, Ракым Усубакунов... Бул тизмеге «бадышаны кулатып, бартияны кан (хан) кылдык» деп партократиялык режим орногонун сынга алган, «басмачылардын акыны» катары жектелген айтылуу Казыбек казалчыны ж.б. эркин ой ээлерин ошол «Кайра куруу» доорунун соңку жылдарында гана кошо баштадык.

Дал ошол тагдыр чечээр «Кайра куруу» доору, айкындык үчүн күрөш жүргөн 1988-жыл үчүн деле Шакебиздин ыры «журт ойготор» (эски коммунисттик цензуранын өкүлдөрүнүн тили менен алганда «журт бузар») чыгарма, уккан кулакты да, аңдаган мээни да сергиткен атуулдук чыгарма болуп калды.

Солдон оңго карай – Шайлообек Дүйшеев, Ч.Бакасов, М.Рыскулбеков, К.Тагаев, К.Жусупов, А.Керимбаев.
Солдон оңго карай – Шайлообек Дүйшеев, Ч.Бакасов, М.Рыскулбеков, К.Тагаев, К.Жусупов, А.Керимбаев.

Бул «Кайдыгерлик» ырын көтөрүлүшчү обончу-ырчы агабыз Сагынбек Момбеков Совет доору ураганы калган кездеги Бишкекте коммунисттик өкмөткө каршы нааразылык жыйындарынын учурунда гана эмес, 1991-жылкы жайындагы «Өмүр көчү» жүрүшү маалында жана башка учурларда Кыргызстандын ар башка дубандарындагы шаар-кыштактарды түрө кыдырып, эл аралап гитардын коштоосунда аткарып жүрдү.

Ошентип, ыр кудурети музыка кудуретине жуурулушуп, дал ушул «Кайдыгерлик» ыры аркылуу Шакебиз менен Сакебиз ар кимиси өз жолу менен элдин сезимине бүлүк салып, жаш муундарды сергек ойго жетелеп, «Көйгөйгө тирикарак көз менен кара!» деп ураан чакырып жүрүштү.

Сагынбек Момбеков «Элдик курултайда» ырдоодо. 17-март, 2010-жыл.
Сагынбек Момбеков «Элдик курултайда» ырдоодо. 17-март, 2010-жыл.

Баса, бул «Кайдыгерлик» ыры «Кайра куруу» доорунан да ашып түштү. Бул ыр азыр деле ойгото электер бар, эми бизге айла жок деңизчи!

Алар үчүн Шайлообек акын бул ырынын дагы бир шиңгилин береги эле «бакиевдик доордо», 2008-жылы жарыялады.

«Кайдыгерлик деген неме,

Кайран элди

Чокуга чабабы дейм,

Кара жолго кареги агабы дейм.

<…>

Кайдыгерлик деген неме,

Абыке-Көбөш болуп,

Ажалын сунуп турат,

Кайнатпай көчүгүңө

Карандай сууну күндө

Куюп турат,

Карасаң маңдайыңда

Калк эмес, кыргыз эмес,

Кашайган дудук турат!.

Тилегеним, эми эл-журтубуз эки ыңкылапты баштан кечирген соң, алдыдагы жылдары деле «Кайдыгерлик» ырынын жаңы шиңгилин жазуу үчүн акынга орчун себеп табылбаса экен!..

«Манас» жана Айтматов таануу

...Кийин анан ыраматылык энем айтпадыбы: «Ка-ап, балам! Мен сени ойготуп ийдим... Бекер ойготуп ийиптирмин, «Манас» айтып аткан экенсиң, үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып», –– деп. Жин тийген экен деп энем мени силкип тургузуптур да, молдого жетелеп барыптыр. Билем, мен молдого алып барганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин, балким?
Шайлообек Дүйшеев

Шакебиздин чоң дөөлөтү, чоң сыймыгы – анын чыгармаларындагы эл кадырлаган рух, эл маашырланган эркин ой.

Агабыздын атуулдук аң-сезиминин калыптанышында «Манас» эпосунун опол тоодой орду бар экен.

Ал түгүл Шакебиз деле жаштайынан манасчы болуп кала жаздаганын мындайча эскерет:

«Кенедей кезимде айылдагы көчөнүн тияк-бияк өйүзүндөгү чал-кемпирлер «Манас» окутушчу, мага. Мен баягы эле көк китепти (кошмо вариантты) көтөрүп алып окучумун. Эч тажачу эмесмин. «Бүттү, балам, эми кет, бул жеринен бүктөп кой, эртең келип оку калганын», - деп тамак-несин берип, анан мени үйгө кетиришчү. Аябай күтчүмүн, "«Манасты» баягы жеринен баштаймын, буюрса" деп. Кийин анан ыраматылык энем айтпадыбы: «Ка-ап, балам! Мен сени ойготуп ийдим... Бекер ойготуп ийиптирмин, «Манас» айтып аткан экенсиң, үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып», - деп. Жин тийген экен деп энем мени силкип тургузуптур да, молдого жетелеп барыптыр. Билем, мени молдого алып барганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин, балким».

Шайлообек агабыздын бул маегин окуп, бала чагымда айыл аксакалдарына ар башка кечте ошол «көк мукаба» кошмо вариантты окуп берип жаткан ыраматылык атам Кадырмамбет Чоро ажы уулу эске түштү (ал киши ыр жазчу эмес, тек гана элет жергесиндеги 1920-60-жылдардагы чогулган калайыкка китеп окуп берүү салтын уланткан); Эчки-Башы айылындагы семетейчи Дуңкана атабызды эстедим; залкар манасчы Жусуп Мамайды, Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда, Ак-Тоодо (Чыгыш Памирде), Хотандын Кең-Кыр айылында «Манастан» үзүндү айткан кытайлык кыргыз туугандарды эстедим.

Тыныбек манасчы Сагынбай Орозбак уулуна таасир эткен экен, Сагынбай 1916-жылы улуу көтөрүлүш жеңилгенден кийинки Үркүндө Какшаалга барып, Балбай Мамайга (Жусуп Мамайдын агасына) өз өнөрүн тааныткан экен. Ала-Тоодо Сагынбайдан Саякбай, андан Шаабай, Сапарбек жана башка манасчы аталар бата алышкан... Ушул чынжыр уланып, көрсө, 1950-жылдардын соңунда элеттиктерге «Манастын» кошмо вариантын окуп берип жүргөн Шакебизди да ойготуп кеткен тура.

Акыры Шакебиз «Манас» эпосунун айрым окуяларын акындык жүрөгү менен чечмелеп, 2010-жылы күзүндө китеп кылып жарыялады.

Албетте, «Манастын» үзүндүлөрүн салтка ылайык оозеки төгүп, манасчылык өнөрүн ушул күндөрү да татыктуу аркалап жүргөн замандаштарыбызга миң мертебе таазим этебиз.

Ошону менен бирге, акын Шайлообектин бул аракетин да коломтодогу отту өчүрбөй, очокко жаңы отун калагандай маанилүү далаалат катары баалайбыз. Шакебиздин ыр варианты тууралуу айрым сын кептер да айтылды, бирок чыгармачылык дүйнөсүндө «сыя челектен чыкпаган калем уч гана эч ката кетирбейт» деген чындык сөз бар эмеспи!

Айматов таануу тармагынын илимпоздору да Шакебиздин өзгөчөлөнгөн эмгектерин иликтеп келишет.

Фолклордук мурас деген соолугус мухиттен таасир алган Шайлообек акын «Манастан» кийин эле кыргызды бүт дүйнөгө даңаза кылган Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кошогунда мындайча айырмалуу саптарды камтыйт:

«...Кымбаттуу уулун жоготуп,

Кыйналып журтуң турабы?

Кыйла элден келип канчанын

Кылгырып жашы кулады.

Кыйырды билген адамга,

Кыргыздын эле тоосу эмес,

Кыямат,

Кылымдын тоосу кулады.

Теминип булут тектирден,

Тескери акты булагы.

Тебелеп келген ажалдын

Текебер беле сурагы.

Теңдешсиз уулун жоготуп,

Теңселип журтуң турабы.

Тескейден келип канча элдин,

Тегизди билген адамга,

Тектирдин эле тоосу эмес,

Теңирдин тоосу кулады...»

Шайлообек Дүйшеевдин маркум Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап жазган «Кудайдын тоосу кулады» деген эскерүү китеби (анда кошок да, кара сөз эскерүү да камтылган) 2018-жылы жарык көрдү.

Досу Эсенбай Нурушев жазган Айтматов таануу жаатындагы серебиндей (Нурушев Э. Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос. -- Бишкек, 2018.) эле, Шакебиздин ушул чыгармасы да өзгөчө талкуунун бутасына айланды да калды.

Айрымдары «Теңирдин тоосу кулады» дегенге чычалап чыгышты. Ала-Тоо аймагы жалпы Теңир-Тоонун бир бөлүгү экендигин, кыргыздар гана эмес, тектеш жана коңшулаш башка элдер да кайгырып турган ошол 2008-жылдагы учур дагы эле жадыбызда. Чынында да Теңир-Тоонун эң ири чокусу урап түшкөндөй эле болгонун жазып, Шакебиз өз кошогун кылымда учурабаган сөз менен шөкөттөй алган деп эсептейм.

Шакебиз сөз берметин издеген учур.
Шакебиз сөз берметин издеген учур.

Ай ушул «Агындылар» ай!

Алтымыш жаштан өткөн соң, тулпар атын (Пегасты) улам жаңы өңүттү көздөй камчыланган Шакебиз публицистиканы, эскерүүнү, жанытмаларды жана ыр саптарын бири-бирине ширелткен «Агындылар» китебин жаратты. Бул китеби аркылуу да ал нечендеген замандаштарын жандантып койду. Эми мурдагы колхоз бригадирлеринен жана кампачыларынан бери Шакебизге атаандашып, өздөрүнүн «Чамындыларын», «Кап түбүндөгү кагындыларын» жана башка аталыштардагы үлкөн же чакан чыгармаларын басма үйлөрүнө ала чуркашты.

Дегиңкиси, булардын бардыгы - дурус жышаан; анткени секулярдык өлкөбүздөгү алтындай убакытты сабатсыз дааватчыларды жана «министр үч аял алышы керек, падышага төрт аял ылайык» деп мыйзамсыздыкка чакырып билермандык кылгысы келген кээ бир молдолорду тыңдаганга караганда, үй-бүлөлүк жана айылдык санжыра камтылган айдыңдык эскерме китепти жазууга коротуу алда канча майнаптуу эмеспи!

Шакебиз өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында. Бишкек. 26-февраль, 2011-жыл.
Шакебиз өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында. Бишкек. 26-февраль, 2011-жыл.

Кызыгы ушул - мында да Шакебиз жаңычыл болду. Калемгерлер мурда өзүн-өзү цензуралоо өнөкөтүнүн айынан айтпай келген жагдайларды, анын ичинде өзү деле ыңгайсыз калышы ыктымал болгон учурларды деле, Шакебиз агынан жарылып бапылдап айтып, ымандай сырын төгүп, окурмандардын бир далайын арбап алды. Анын «Агындылары» постсоветтик Кыргызстанда нагыз «мыкты сатылган» (бестселлер) китепке айланды.

Айтылуу журналист агабыз Жаныбек Жанызактын «Айтматовдун айымдары» тууралуу жазгандарына бери жактан туруп эле «ызаланып», залкар жазуучунун намысын коргош үчүн Жакебизди сотко бермекчи болгон айрым жөкөрлөрүн Чыңгыз агай өзү тыйып коюп, ал түгүл бул айымдар жөнүндө өзү да кийинчерээк жүрөк толтосунан чыккан сөздөрү менен эскерген. Демек, Чыңгыз атабыз жердеши Жаныбек агайга карата чоң адамгерчилигин көрсөтүп тим болбостон, өзүнүн көзүнүн тирүүсүндө калайык билгиси келген жагдайлардын чындыгын ачыкка чыгарганга салым кошуп кеткен эмеспи.

Шакебиз болсо өз бала чагындагы баштан кечирген окуяларды, шаардан келген классташ кызын кантип сүйбөй калганынан бери божурап баяндап, анын арасында өз замандаштарынын, устаттарынын, кесиптештеринин бир далайынын бейнесин таамай сүрөттөп берет. Элетти эзген айрым партократтардын кулк-мүнөзүн жана кылыктарын жаап-жашырбай сыпаттайт.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агабыз Экинчи дүйнөлүк согуштан көзү азиз болуп кайткан ардагер Аянкул тууралуу мыкты чыгарма жазган. Аянкул атаны мен да көрүп, салам берип калдым. Кээде Нарын шаарынан Эчки-Башы айылына келип кетчү. Нарын шаарындагы базардын кире беришинде баянда ойноп, калайыктын берген акчасын бүлөсүн багууга огожо кылчу. Сөз жүзүндө согуш ардагерлери тууралуу көбүртүп сүйлөгөн менен, иш жүзүндө бийлик өкүлдөрү Аянкул атадай кишилерди оор акыбалда калтырышканын кийин гана аңдадым.

Нарын шаарында дагы бир карып инсан бар эле. Аны «Жинди Айша» деп коюшчу. Шайлообек агабыз «Агындылар» китебинде дал ушул аял тууралуу эстен чыкпай тургандай баяндап жазыптыр. Мен да Нарын шаарында эркектер кийчү батиңкени байпаксыз кийип алып, алагүү болуп, өзүн шылдыңдагандарга тап берип коюп жүргөн, эч кимге залалы жок бул аялды көп көрүп калчумун.

Шакебиз: «Жинди Айша убагында ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу келин болгон экен, аны ушинтип райкомдор жинди кылып салыптыр» деп айтышчу» деп жазып келип, өзүнчө бөлүмчөдө «райкомдор убагында кимди гана жинди кылган жок» деген сүйлөмдү кыстарып кеткени мага кызык болду.

Чын эле, «Жинди Айша» атыккандай акыбалга кабылардан мурда ал акыл-эстүү, татынакай айым болгондур? Тоталитардык коомдун жазалоочу машинеси аны да жазыксыз жеринен коркутуп-үркүтүп ушундай акыбалга кириптер кылгандыр? Ким билет? Балким, архивдердин жашыруун корлору ачылганда бул аялдын тагдырынын сыры да ачыкка чыгар?

Айтор, кайгы-муңга баткан, обочодо калып запкы көргөн бул аял жөнүндө жагымдуу сөз айтып, андан боюн жыйырган учуру үчүн кайра өзүн күнөөлүү сезгенин мойнуна алган Шакебиз ызалантып, кор кылынып, тебелендиде калган кишиден да өмүр кумарын жана адамдык кадыр-баркты туя билген достоевскийчил маанайын айгинелетип турабы деп ойлойм.

«Агындылар» китебинин мукабасы. 19-октябрь, 2014-жыл.
«Агындылар» китебинин мукабасы. 19-октябрь, 2014-жыл.

«Агындыларда» кээ бир сырлардын жандырмактары да кезикпей койбойт. Маселен, атайын ат арытып Таластан келип, «Асаба» эркин гезитинин кеңсесине баш баккан бир чоң эне өзү ала келген калпакты Хасан Каскадропко кийгизмекчи болот. «Өз колум менен берип койом, ал киши азыр жок эле», - деп Шакебиз тигил чоң энени жылуу-жумшак узатат.

Эгерде ошол чоң эненин көзү тирүү болсо жана «Агындыларды» бери дегенде барактап көргөнгө мүмкүнчүлүк алган болсо, анда ал энебиз Шакебиздин: «...Менин Хасанга түздөн-түз тийешем болгондуктан, эми ага кенен токтолбой эле коёюн», - деген сырдуу саптарын окуганда кантти экен дейм да? «Мына сага!» деп санын чаап алды бекен?

Чокчолой Баатыр сыяктуу эле Хасан Каскадроп да такмазачы «асабачылар» ойлоп тапкан адабий ысымдардан экенин биз айттырбай эле боолголочубуз, бирок Шакебиздин Каскадропко тийешеси бар экенин ал өзү тигинтип мойнуна албаса, кантип билмек элек!..

Ыраматылык Табылды Эгембердиев агабыз «Агындылар» китебин «кара сөз менен ырдалган поэма» деп жогору баалаганы эсте (2013).

Дүйнөлүк адабияттын өрнөктөрүн аздектеген котормочу

Баса, айрым замандаштары Шакебизди жалаң гана кыргыз тилинде жарык көргөн адабият менен оозанган калемгер катары кичирейтип сыпаттап салган учурларга өзүнчө каяша айта кетким келет. Ошол эле китепкөй ойчул Табыкебиз өзүнүн «Агындыларга» жазган баш сөзүндө Шайлообек Дүйшеевди «орусча китеп окубаса да» деп чымчылап кеткен жери бар, бирок Шакебиздин өзүнүн эле чыгармачылыгы мындай бир беткей бааларга тактоо киргизди го деп ойлойм.

Василь Быков, Гродно шаары. 1974-жыл.
Василь Быков, Гродно шаары. 1974-жыл.

Анткени, биринчиден, Шакебиз студент чагында эле Габриэл Гарсиа Маркес (1927-2014), Расул Гамзатов (1923-2003), Василь Быков (белорусча: Васіль Уладзіміравіч Быкаў; 1924-2003), Василий Шукшин (1929-1974), Валентин Распутин (1937-2015) сыяктуу залкарлардын чыгармаларын кубалап, издеп жүрүп окуган.

Эсимде, ыраматылык фантаст Беганас Сартов (1945––1978) жетектеген «Тоо жылдыздары» ийримине Шакебизге удаа биз да барып катышып жүрдүк (Беганас агай каза болгондон кийин чыгармачыл ийримди адабиятчы Советбек Байгазиев, акын Акыл Уйлубаева жетектешти). Шакебиздин досторунан Нуралы Капаров, Жаныбек Өмүралиев (Юморалиссимус), мага теңтуш Кыялбек Урманбетов, Алтын Акпарова, Бурулкан Сарыгулова, Клара Кичинемолдоева, Жыпар Акунова, ж.б. да бар эле.

Беганас Сартов жубайы Алтын менен. 1960-жж.
Беганас Сартов жубайы Алтын менен. 1960-жж.

Ийримдин коноктору – Жолон Мамытов, Табылды Муканов, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, Каныбек Эдилбаев жана башкалар - чет элдик адабияттын устаттары тууралуу кеп салбай койгон учурлар деги эле болчу эмес. Шакебиз да башка элдерден чыккан акындардын агымга каршы турпаты тууралуу кеп салып калчу.

«Агындыларын» окусак, Шакебиз байыркы грек жана рим адабияты боюнча дарс уккан экен (бул сабактан берген Апенди Кадыркулов деген маркум окутуучусун да эскертет). Демек, дүйнөлүк адабият жаатындагы дарстар милдеттүү түрдө окулган жана студент өзү да айрым дүйнөлүк классикалык чыгармаларды бери дегенде кыргыз тилинде окуй алчу.

Ал эми КМУда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) филолог жана журналисттер үчүн кийинчерээк өзүнчө чыгармачыл ийрим иштеди. КМУдагы Султан Раев, Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев, Фатима Абдалова, ж.б. таланттуу жаштар студент кезинен эле тири карак чыгармалар жазып чыгышкан. Улуулардан Бекбосун Байтоков, сарыколдук (жерге-талдык) Мирзахалим Каримов, Чолпонбек Абыкеев агаларыбыз да аралашты.

Албетте, Шакебиз өзүнөн кийин келе жаткан толкундун өкүлдөрү менен камыр-жумур болуп эле чогуу кайнап жүрдү. Айрымдарга окшоп «ак ыр» жазууга азгырылбады. Уйкаштык, ыргак менен ойду чагылдыруу Шакебиздин көөдөнүндө өзүнөн өзү оргуп төгүлүп тургандыктан, ал жасалма поэзиялык каражаттарга азгырылган жок го дейм.

Дал ошол кезеңде, демек студент кезинде эле, Шакебиз орустун элет жытын даңазалаган акыны Сергей Есениндин (1895-1925) ырларын кыргызчага алгачкы ирет которууга аракет кылган болчу.

Эми, чыгармачылыгы толукшуган чакта, Шакебиз далай чет элдик акындардын ыр берметтерин орус тилинен кыргызчага татынакай которуп келет.

Маселен, XX кылымдын башындагы орус адабиятындагы символизмдин көрүнүктүү өкүлү Александр Александрович Блок (1880-1921) жазган ырлардын Шакебиз жүзөгө ашырган котормолорун ыракаттанбай окуй албайбыз.

Өрнөк да келтире кетпесек болбос.

Александр Блоктун скифтер тууралуу ырынын Шакебиз жүзөгө ашырган котормосунун акыркы саптары кечиримдүүлүккө, ынтымакка жана бейпилдикке чакырат:

Орусча түп нускада:

Мильоны — вас. Нас — тьмы, и тьмы, и тьмы.

Попробуйте, сразитесь с нами!

Да, скифы — мы! Да, азиаты — мы,

С раскосыми и жадными очами!..

Шакебиздин котормосунда:

«Силер - мильон. Биз - түмөнбүз, түмөн, түмөн, түмөнбүз,

Эр болсоңор, салгылашка чыккыла!

Скифтербиз! Азиатпыз, түгөнгүс, түгөн, түгөн, түгөнгүс,

Кыйгач көзбүз, ач көзбүз биз, уккула!..»

Соңку саптарынын орусча түп нускадагы тексти:

Не сдвинемся, когда свирепый гунн

В карманах трупов будет шарить,

Жечь города, и в церковь гнать табун,

И мясо белых братьев жарить!..

В последний раз — опомнись, старый мир!

На братский пир труда и мира,

В последний раз на светлый братский пир

Сзывает варварская лира!

Шакебиздин котормосунда:

«Чегинбейбиз, кутурган гунн ээр-токумчан жашооңорду жайдак аттай будалап,

Өлүктөрдүн чөнтөктөрүн тоноп, сууруп чачса да,

Чиркөө менен шаарларды өрттөп, үйүр-үйүр жылкыларды аркы-терки кубалап,

Европалык адамдардын этин кууруп жатса да!

Эски дүйнө, каргыш тийгир! Акыркы ирет - көзүңдү ачкын, ойгонгун!

Тынчтык, Эмгек, Бир туугандык - кылымың!

Акыркы ирет, биздейлерге биримдиктин зарылдыгы жаткандыгын ойлонгун,

Баскынчынын чакырыгында ырынын!»

Александр Блок «Кышкы сарайда». 1917-жыл.
Александр Блок «Кышкы сарайда». 1917-жыл.

Александр Блок ушул ырынын орто жеринде өтө сонун чакырык таштаган (1918-жылы жазылган бул ырдын эң мыкты ою – пацифисттик үндөө дал ушул саптарда болсо керек деп ойлойм):

Орусча түп нускада:

«Придите к нам! От ужасов войны

Придите в мирные объятья!

Пока не поздно — старый меч в ножны,

Товарищи! Мы станем — братья!».

Шакебиз ал саптарды мындайча которгон:

«...Келгин бизге!

Согуштардын азабында кан кечкендер кол-бутсуз,

Тынч күндөрдүн кучагына тололу!

Кандын даты сиңген эски бычагы жок,

кылычы жок, кордуксуз,

Мындан ары чындап тууган бололу!»

Коммунисттик доордо далай эки жүздүүлөр, жемкорлор тарабынан ашыра колдонулуп, ышпалдасы чыккан «товарищ» («жолдош») сөзүн четке жылдырып, Шакебиз «чындап тууган бололу» деп кыргыздын кулагына майдай жаккан сөзгө гана басым жасайт.

Эми сөз оролу келди, котормо жаатындагы бир каалообузду да ушул жерге тепчий кетелик.

Шайлообек агайыбыздан айтылуу америкалык акын Генри Уодсворт Лонгфелло (Henry Wadsworth Longfellow; 1807 — 1882) жергиликтүү индейлердин фолклордук усулуна салып жазган «Гайавата жөнүндө ырлар» (The Song of Hiawatha) поэмасын орус тилиндеги котормосуна жана англисчеден сөзмө-сөз котормого салыштырып кыргызча дастан кылып сүйлөтүп берсе деп үмүт кылар элек.

Айтор, Шакебиз мындан ары дагы котормочулук данакерлигин жигердүү улантат деп терең ишенебиз.

Сый-урматка татый бериңиз!

Бул чакан макалабызда Шакебиз алган расмий жана расмий эмес сыйлыктар жана наамдар тууралуу айтып отурбайбыз. Алар тууралуу «Википедиядагы» макаладан жана башка Интернет булактарынан толугураак маалыматты окурман өзү таба алат.

https://ky.wikipedia.org/wiki/Дүйшеев,_Шайлообек

Президент Роза Отунбаева акын Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы. 21-февраль, 2011-жыл.
Президент Роза Отунбаева акын Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы. 21-февраль, 2011-жыл.

Айрымдар Шакебизге ушул сыйлыктарды алгандыгы үчүн да кине коюуга үлгүрүштү. Биздин оюбузча, бул сыйлыктар чыгаан акынды өздөрү издеп табышты. Келечекте деле таба беришет деп ишенем.

Ал эми сыйлык ээси мурда кандай жупуну, жөнөкөй болсо, ошондой эле карапайым мүнөзүнөн жанбай, зарыл болсо таңкы алтыда да ишке чыгып, эсепкердин (компүтердин) тергичин манжалары менен илбериңки сыдырып, какайганга деле, кичи пейилине деле бирдей мамиле жасап келгени келген.

Агабыз тууралуу 2011-жылы «Отко чуркаган бала» даректүү тасмасы (режиссёру - Бакытбек Турдубаев) тартылган. Бул тасма залкар акындын жөнөкөйлүгүн ого бетер айгинелеп берди.

Бул чакан тасма да, «Агындылар» китеби да Шакебиздин ишмердигин толук чагылдыра албагандыгы түшүнүктүү. Ал тууралуу Акбар Рыскулов, Түгөлбай Казаков, Эсенбай Нурушев, Разак Сайдилканов, Бекташ Шамшиев, Нуралы Капаров ж.б. агайлар нечендеген кызыктуу окуяларды саймедирлеп айтып келишет.

Шакебиздин «Азаттык» үналгысындагы мээнеткеч күндөрүнүн баяны, күлкүгө бөлөнткөн окуялары эле өзүнчө томдорго тете го деп ойлойм.

Сен үчүн бул «карантин» болсо, мага каран түн болуп жатат!
Шайлообек Дүйшеев

Бир шиңгил. Шакебиз менен дээрлик тушташ «Азаттыктын» Бишкек бюросунда иштей баштаган жазуучу жана журналист досубуз Султан Раев кеңседеги үн жазгыч жана оңдогуч тетиктерди үйрөнүп жаткан алгачкы айдагы баштан кечирип жүргөн кыйынчылыктарын бир жолу мындайча тамашалап сыпаттап калды:

- Биз азыр «Азаттыкта» «карантинден» өтүп жатабыз!

- Сен үчүн бул «карантин» болсо, мага каран түн болуп жатат! - деп Шакебиз дароо кесиптештерин кыраан каткы күлкүгө салды.

Акыры ал «каран түндү» таптакыр артка калтырды.

Эми Шакебиз, –– өз жашындагы далай калемгерлерден айырмаланып, –– өз үнүн студияда жаздырып, эсепкердеги программа аркылуу үнүн да, текстин да оңой-олтоң редакциялай алган, демек, эсепкерди Ат-Башыдагы жорголордой эле шыдыр теминген заманбап медиа кызматкери.

Ал азыркы жаш муундарга улут мурасы жаатында мултимедиа ыкмалары менен таалим берүүгө да кыйла салым кошуп келет (төмөнкү тасманы караңыз).

"Биймерген"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

"Биймерген" тасмасы. Сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики. Обону: Азамат Отунчиевдики. Бий аткаруучулар: "Жаз" бий тобу.

Сөз аягында биз өткөндөгү бир макалабыздагы каалообузга «110» деген санды кошумчалап, куттуктообузду жаңыртып коюуну эп көрдүк:

Урматтуу Шайлообек байке! 70 жаш торколуу тоюңуз кут болсун!

Теңир колдоп, ылайым байбичеңиз - Зейне жеңебиздин кашында, урпактарыңыздын төрүндө бакыбаттыкта 110го чыгыңыз!

Ошондо да эсепкериңиз аркылуу ырларыңызды ырааттуу төгүп туруңуз (ал кезде ырларыңызды Интернет аркылуу алеки заматта 200 тилге которуп алышаарын бөркүмдөй көрүп турам).

Ошондо да ырларыңыз менен жан сергитип, сүйүүгө чакырып, азилиңиз менен кытыгылап, курч сөздөрүңүз менен кайдыгерликтин көлөкөсүнөн арылтып, замандаштарыңызды ойгото бериңиз!

Гүлдесте.
Гүлдесте.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (57)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG