Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:23

Сүйүшкөндөр сүйлөшүшөт сөз менен


Иллюстрациялык сүрөт

Сергей Есениндин “Фарсы кайрыктары” түрмөгүндөгү ырлардын бирин акын Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда сунуштайбыз.

- Эмне себептен адамдар жинденгенде бири-бирине кыйкырып, бири- бирине бакырып сүйлөшөт?- деп сураптыр окутуучу окуучуларынан.

- Бири-бири тууралуу жаман сөздөрдү укканда чыдай албай, ачуулары келип кетет да, - дейт окуучулардын бири.

- Урушуп жатышса, анан жай сүйлөшмөк беле?, - дейт дагы бири.

- Эмне үчүн? Кыйкырышпай сүйлөшсө болбойбу? Жакын турган соң биринин сөзүн экинчиси бакырышпай сүйлөшсө деле угат да?-дейт окутуучу.

Окуучулар буга жооп бере албай, унчукпай калышат.

- Окутуучу сөзүн андан ары улантат:

- Билесиңерби балдар, адамдар урушканда алардын жүрөктөрү да бири-биринен алыстай баштайт. Жүрөк алыстаган сайын жан дүйнөлөрү да алыстай берет. Жакын турган менен алар бири-бирин таптакыр укпай калышат. Ошондуктан бири-бирине бакырып, кыйкырып, сөгүнүп сүйлөп калышат. Жинденген сайын катуулап кыйкырышат.

Ал эми адамдар бири-бирин жакшы көргөндө же бири-бирин сүйгөн учурда кандай болот? Билесиңерби? Андай кезде алар акырын сүйлөшөт. Алардын жүрөктөрү жалаң жакшылыкка, бири-бири жакшы көргөн сезимдерге мелт-калт толуп чыгат. Ошол толуп турган жакшылыкты аяп, төгүп албайлы деп акырын сүйлөшөт, атургай шыбырышап сүйлөшкөнгө өтүшөт.

Кай бирде сөздүн да кереги жок болуп калат, ошондо сөз менен эмес, көз менен сүйлөшүп калышат. Мындайда алардын жүрөктөрү менен жандары бири-бирине ушунчалык жакын болот.

Урушкан адамдар кыйкырган сайын алардын жүрөктөрү бири-биринен алыстай берет.

Биринин сөзү бирине жетпей калат, тилектери, ниеттери муздап, мамилелер кыйрайт, акырындап бири-бирине каттап турган жолдор жабылып, чөп басып, таш басып, бара-бара нугу да табылбай калат, ушуну ар дайым эсиңерден чыгарбагыла? Силер эч качан бири-бириңер менен кыйкырып, жинденип, сөгүнүп сүйлөшпөгүлө. Жүрөгүңөрдү аягыла, - деп сөзүн аяктаган экен окутуучу.

Ушундан улам мен сиздерге орустун атактуу акыны Сергей Есениндин “Фарсы кайрыктары” түрмөгүндөгү өзүм которгон “Сүйүшкөндөр сүйлөшүшөт көз менен” деген бир ырын тартуулайын деп турам.

Мен сараптан бүгүн минтип сурадым,

Канча тыйын болот жарты түмөн деп.

Лола үчүн күйүп барат бу жаным,

Фарс тилинде кантип айтат “сүйөм” деп.

Мен сараптан анан минтип сурадым,

Сылык-сыпаа, ичип айгай салбай тек.

Лола үчүн өлүп барат бу жаным,

“Өптүр” деген жароокер сөз кандай деп.

Мен сараптан дагы минтип сурадым,

Жүрөк сүрдөп, батыналбай коогалуу.

Кантем, айтчы, кандай айла кыламын,

Кантип айтам “мендиксиң” деп Лоланы.

Сарап мага сөзүн айтты нускалуу,

Сүйгөндүгүн айтпайт жалаң сөз менен.

Сүйүү деген үшкүрүнүү, кызгануу,

Сүйүшкөндөр сүйлөшүшөт көз менен.

Өбүшүүдө болбойт белги, ысым, ат,

Өбүшкөндө эстен танат тил деген.

Ээликтирген кызгалдактын жыты урат,

Ээриниңе эрип кетет бирдемең.

Кепилдикти талап кылба сүйүүдөн,

Ырахатын, ыйын дагы бөлбөгүн.

“Сен мендиксиң!” деп айталат сүйүнгөн,

Колдор гана чечип жатып көйнөгүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG