Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Күкүк менен Зейнеп


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз элинин уламыштарында: «... Илгери, илгери Күкүк деген жигит менен Зейнеп деген кыз болгон экен. Эки жаш бойго жетип калган кездеринде бири-бирин жакшы көрүп калып, баш кошуп, бала-чакалуу болуп, бактылуу өмүрлөрүн чогуу жашап өткөргүлөрү келишет.

Үйлөнчү мезгил жакындап, куда болгусу келген ата-энелери эки жаштын тоюна камданып жаткан учурда күтпөгөн кырсык болуп... Күкүк эли-жерин коргош үчүн жоого аттанып кеткен бойдон дайынсыз жок болот. Зейнеп күтө берип... күтө берип... күйөөгө чыкпай... акыры кызын аяган ата-энеси кудасына түшүндүрүп, калыңын кайтарып, кызын бөлөк жигитке күйөөгө бермек болгондо Күкүгүнөн башканы каалабаган Зейнеп бир түндүн ичинде кушка айланып, ошол бойдон бактан-бакка конуп, Зейнеп куш «кү-күк-үк-төп» сайрап калган дешет.

* * *

Дагы бир айтымында, Күкүк жок болбой эле, Зейнеби менен жолукканы аз калганда, ага чейинки кылган күнөөсүн Кудай кечирбей, экөөнүн ортосуна куш учуп өтө алгыс аска пайда болуп... мына-мына кошулабыз деп жакындап калганда эле экөөнүн ортосуна асман тиреген зоока пайда болуп, анан ошол зооканы ашып өтөбүз деп, аркы бетиндеги Күкүк кушка айланып, берки бетиндеги Зейнек да кушка айланып, анда деле ашып өтө албай, анан зоонун ары жагындагысы өмүр бою «Зей-неп!» деп какшап, зоонун бери жагындагысы «Кү-күк!» деп какшап калышкан экен деп айтылат...

* * *

Ошондон улам «Күкүк менен Зейнептей» деген сөз келип чыккан. Бири-бирине жете албай, көрүшө албай сагынышкан, көрүшсөк деп дегдешкен, аябай эңсешкен адамдарга карата колдонулат. «Бечаралар, акыркы күндөрү тим эле Күкүк менен Зейнеп болуп кетишпеди беле!» дейт өтө таттуу, ынак болуп кетишпеди беле дегени.

«Күкүк болуп кирүү», кээде «күкүктөп кирүү» деп коёт. Бул сөз суунун агынына карата айтылат. «Кышында кар оор түшкөндүктөн, эми күн ысыганда сай-сайларга суу батпай күкүктөп кирди» дейт.

Ырчылардын үнүн жакшы экен деп мактагысы келгенде «Күкүктөй болгон кооз үнү бар тура!» деп койгон учуралар кездешет.

«Күн тийген жердин күкүгү» деген бар. Кимдин иши оң тартса же кимде бийлик болсо ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама деген мааниде. «Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып жан багуу сендейлердин колунан келет деди» дейт.

Кээде ушул эле маанидеги сөздү «Күн тийген жердин чоросу» деп да коёт. «Парламент өз милдетин аткарбай эле, күн тийген жердин чоролоруна айланып калбадыбы» дейт.

«Күлүккө күн салгыча, байталга бак берсин» деген макал калган. Бирөөдөн жардам күткөнчө өзүң аракет кыл деген мааниде.

«Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет» деген макал айтылат.

«Күндүн кызылы менен батсын!» деген каргыш бар.

«Күндүн мурду чыкканда» деп коёт. Албетте, бул сөздү түз маанисинде түшүнүүгө болбойт. Эртең менен эрте, күн жаңыдан нурун чачыратып, тийип келаткан маалда деген мааниде айтылат. «Биз күндүн мурда чыккан кезде Соң-Көлгө кирип келдик» дейт.

«Күндүн көзү чачыраганда» деген да бар. «Күндүн көзү чачыраары менен бээлерди желеге имерип, кулундарды байладык» дейт.

Дагы бир түрү айтылат, «күндүн мурду чалганда» деп. «Куугунчулар түн катып отуруп, качып бараткандарга күндүн мурду чалганда жетип барышты» дейт.

«Атаганат, өмүр деген беш күндүк турбайбы!» дейт, өмүрдүн кыскалыгына өкүнүч билдиргени.

«Жаман ит күндүз үрөт» деген макал бар.

«Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат» деген да макал бар. Бул макалды бүгүн Кыргызстандын турмушунан көп кездештирсе болот. Анткени мамлекетти ичип-жеп, миллиондорду уурдап-тоногон уурулардын көбү сотко жеткенде суудан кургак чыгып кутулуп кетип жатканы демейдеги көрүнүштөрдүн бири болуп калган. Ушундан улам акчалуу уурулар сотко акча берип кутулуп кете беришет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG