Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Сөз дайра: өпкөсү казандай, өтү аяктай


Иллюстрациялык сүрөт.

«Аш көп болсо каада көп» дегендей, илгерки бир доордо эсирген бай-манаптардын ойлоп тапкан «оюндарынын» бир түрү ушул «Өпкө чабыш» болгон.

Чоң аш-тойлордо эки тараптан башы таз кишилерди чыгарып, бел курчоосуна чейин чечинтип салышып, жаңы союлган койдун өпкөсүн колдоруна карматып, бири-бирин чапкылаткан.

«Жарчы «төө чечмейге» чейин «өпкө чабыш» мелдеши болорун жар салды» дейт.

«Өпкө чабыш» да, «төө чечмей» обу жок оюндары кийин Совет бийлиги келгенден кийин жоюлган.

* * *

Бирок мындан улам «өпкө чабуу» деген ырым калган. Айрым аймактарда бул жөрөлгө колдонулбай калган менен айрым жерлерде азыркы күндөргө чейин колдонулуп да келет. Маселен бирөө алыс жактан аман-эсен кайтып келгенде же катуу оорудан айыгып чыкканда, «кырсык, оору» ушуну менен кошо кетсин деп ырым кылып эчки союп, өпкөсүн ошол кишинин денесине тийгизип ырымдагандан кийин өпкөнү ошол кишинин башынан тегеретип ыргытып итке таштаган. «Калканбай бир улак ала келди да Сатылганга өпкө чапты» дейт.

* * *

«Өпкөмдү чабайын» дейт. Жакшы көргөн кишисине же баласына карата жалынып-жалбаруу иретинде колдонулат. «Өпкөмдү чабайын, суу алып келе койчу?» дейт. Кээде муну «Кара жанымды чабайын!» деп да айтат.

* * *

«Өпкөсү оозуна келүү» дейт. Кышылдап катуу күйүгүү, демигүү, энтигүү. «Абдыш демигип өпкөсү оозуна келип, кайра кетип, катуу кыйналып жатты» дейт. Кээде бул сөз коркуп, апкаарый түшкөндө да колдонулат. «Дардаш алактап, коркконунан өпкөсү оозуна кептелди» дейт.

* * *

«Өпкөсүн калбыр кылуу». Аябай жалынып-жалбырынуу. «Өпкөсүн калбыр кылып жалынып-жалбарынса дагы кыз макул болгон жок» дейт.

* * *

«Өпкөсү көрүнүү» дейт. Өтө кедей, жакыр, начар абалда жашоо. «Өпкөбүз көрүнүп араң турганда андай чоң иштер биздин колубуздан кайдан келмек эле?» дейт.

* * *

«Өпкөсү көбүү». Шолоктоп көп ыйлагандан улам энтигип, буулугуп, зоругуп калуу. «Бала ыйлай берип өпкөсү көөп калды» дейт.

Экинчи түрү - катуу күйүгүү, демигүү. «Силерге жетейин деп чуркай берип өпкөм көөп, демигип калбадымбы» дейт.

Үчүнчү түрү - дардаңдап ашкере мактануу, көйрөңдөнүү. «Мактана берип, өпкөсү көөп чыкканын өзү да билбей калды» дейт.

* * *

«Өпкөсү казанбактай болуу». Бирөөгө катуу таарынып калуу, капа болуу. «Алжанга айтып койгула, кокус угуп калса өпкөсү казанбактай болуп калат» дейт. «Анын өпкөсү казандай, өтү аяктай болду» деп да айтылат.

* * *

«Өпкөсүн колуна кармоо» дейт. Обу жок мактануу. «О, кудай албагыр, аның өпкөсүн колуна кармап алып жүз метрге атаандашсыз чуркаган эме экен» дейт.

* * *

«Өпкөсү жок» деп коет. Муну түз маанисинде түшүнбөш керек. Өпкөсү жок дегени жеңил мүнөз, көйрөң, курулай күүлөнүп, мактанып жээлиге берген дардаңкүү кишилерге айтылган сөз. «Анын башынан эле өпкөсү жок болчу» дейт.

* * *

«Өпкө-жүрөгүн чабуу». Жалынып-жалбаруу, жакшы көрүү, болгон мээримин төгүү. «Апасы качан болсо эле өпкө-жүрөгүн чаап, жалынып-жалбарынып турган жакшы киши экен» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG