Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:00

Ит жакшысын чык дебейт


Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" берүүсүндө этек, чымын жана чык деген сөздөрдүн маанисин айтып беребиз.

«Этек» деген сөзгө келели. Кадимки эле чапандын, күрмөнүн, көйнөктүн этеги. «Кыздар кош этек көйнөк кийишти» дейт.

«Эт уурдап баратканда этектен карматып койду» дейт. «Бөрү этектен, жоо жакадан алып турат» дейт. «Чокусунда кары бар, этегинде тоосунун бийиктеп өскөн талы бар» дейт.

«Эптеп этегин кармап жашап келдик» дейт. Бул сѳздүн мааниси - кедей, жакыр болгондуктан оокатуу кишилерди пааналап жашып келдик дегени. «Этек-жеңин кагынып туруп кетти» дейт. Ачуусу, жини келип туруп кетти дегени. «Өзү эле жеткен бечара эле, чалма этекке жолукканы андан бетер куурады» дейт. Бул жерде ансыз деле начар жашаган киши эле, аялы начар чыккандан бери андан бетер кыйын болду дегени.

«Чолок этек кишилер» көбөйдү дейт. Совет бийлиги менен кошо европалык костюм кийген кишилер барган сайын көбөйө берген. Ошого байланыштуу мындай кийингендерди «чолок этек кишилер» деп койгон. Кызматтагы адамдарды «Чолок этек активдер» дешкен.

Кыргызда «Этегиң эки болбогур!», «Этегиң жерге жетпегир!» деген каргыш маанисиндеги сөздөр да айтылган. «Ашыккан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе да, этеги жерге жетпейт» деген макал айтылып калган.

«Совет өкмөтүнүн жардамы менен айыл-кыштактардын этек-жеңи ырыскыга толду» дейт. Эл-жердин жашоо-турмушунун оңолгонун айтып жаткандагысы. Кедейлерди, жарды-жалчыларды «куу этек, жыртык этек» деп аташкан. Ойноок аялдарды «этеги ачык» деп коюшкан. Энелер келиндерге «Этегиңен жалгасын!» деп бата беришкен.

«Этегиңен жалгасын!» деген «Балалуу болгун» деген тилеги. «Айша жакшы жерге баргандан кийин этеги бүтөлүп, жеңи узарды» дейт. «Этеги бүтөлүп, жеңи узарды» дегени жашоо-турмушу оңолуп, кем-карчсыз жашап калды дегенди билдиргени.

* * *

«Чымынга» байланыштуу турмушубуздан көптөгөн сөздөрдү кездештирүүгѳ болот. Кашка чымын, кара чымын ж.б.

“Жайлоодо чымын-чиркей деген жок болот” дейт. Кыргызда жөндөмү, шыгы бар дегенди “чымыны бар экен” деп койгон. “Бул баланын барган сайын чымыны дыңылдап катуулай баштады” дейт. Шыгы күчөй баштады дегени. “Чымынды төөдѳй кылып көрсөткѳндү качан таштайсыңар?” дейт.

* * *

“Чык” деген “ным” дегенди билдирет. Кээде кыроону, “чык түштү” деп да коюшчу экен. Эпосто “Кырк эчкинин териси ашаткыда жатыптыр, чыгы менен катыптыр” дейт. “Этке чык куйгула” дейт. “Оозунун чыгы кургабаган неме экен” дейт. “Чырпыкты сыга кармаганда чыгы сарыкты” дейт.

Экинчи мааниси - “сааттын чык-чык урганы кулагына дале угулуп турду” дейт.

Үчүнчү мааниси - “Чык этип суу чыккан жок” дейт. “Чык этип тамган суусу жок, ээн талаа, эрме чөл” дейт.

Тѳртүнчү мааниси: “Тоого чык. Бакка чык. Сыртка чык. Жыйналышта чыгып сүйлөдү. “Эмне үчүн бизди “чык!” дейт, чык деп итти айтат эмеспи, деп силкинди” дейт. “Ит жакшысын чык дебейт” деген макал да бар. “Кулагына чейин кызарып чыкты” дейт. “Баары бир анын айтканына чыкпайт” дейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG