Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:59

Жыландын сырты жумшак, ичи заар


Иллюстрациялык сүрөт.

«Заар» деген иран тилинен кирген сѳздү чечмелейли.

«Заар» деген «уу» дегенди билдирет. «Жыландын сырты жумшак, ичи заар» дейт. «Ал чакырайып, чакчайып, оозунан заары тѳгүлүп турду» дейт. «Ѳңү заар киши экен» дейт. «Бетке айткан сѳздүн заары жок» дейт.

Бул сѳздүн экинчи мааниси бар экенин «ортозаар» деген мисал менен айтсак болот. «Ортозаар адис экен» дейт, «ортозаар киши экен» дейт. «Анча мыкты эмес адис, анча мыкты эмес киши экен» дегени.

«Таң заарынан туруп аттанып кетишти» дейт. «Эрте туруп аттанып кетишти» дегени.

«Заардуу тил» дейт. «Тили ачуу» дегени.

Эми «кадыр» деген сѳзгѳ келели. «Кишиге кадыры жок» десе, башкаларга баркы жок, урматы жок дегени. «Кар да кетер, кадыр да ѳтѳр» деген макал айтылат. «Ач кадырын ток билбейт» дейт. «Кардыма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм» дейт. «Анын эл ичиндеги кадырын кетирди» дейт.

Кыргыздар жаш ѳлчѳмүн табият менен ѳлчѳгѳн учуру да болгон. Мисалы «эки кар баскан мал тура» десе, эки жаштагыны айткан. «Алты кар баскан калтар» десе, кара-күрѳң түстѳгү алты жашар түлкүнү айткандагысы.

«Кар» сѳзүнүн дагы бир мааниси, «кар болуу, азап тартуу, кор болуу» деген маанидеги сѳз. «Кайран эл кар болду» дейт.

Ал эми «кара» деген сѳздүн андан да кѳп мааниси бар. Кара ат, кара буура, кара кой, кара боз, кара чаар, кара тору жана башка. «Кѳздүн карасы» дейт. «Кесерге карасы жок» дейт. «Жүрѳгүндѳ карасы жок киши экен» дейт. «Кара суук» , «кара эле балекет», «кара санатай», «ак жерден кара болду», «карасы бетке тартылды», «калың берип, кара чачып алган катыны» дейт. Мындагы «кара чачып алганы» дегени «кѳп кара мал берип алганы» деген мааниде.

Экинчи мааниси, «Асманды карады», «Жигиттин ѳзүнѳ караба, сѳзүнѳ кара», «Катын эрди карайт, эр жерди карайт», «Кийин жер карабасаңар эле болду», «Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан ѳлѳт», «Ал сени жамандап жатканда сен карап турасыңбы?» жана башка ушул сыяктуу сөздөр.

«Кѳңүл картайбайт, кѳз картаят» дейт. «Адам ѳзүнѳн кийинкилерди кѳрүп картаят» деген да бар. «Санаа саргайтат, убайым картайтат» деп да айтат.

«Кас» деген да арабдын сѳзү. Душман дегенди билдирген сѳз. «Аны менен касмын» дейт. «Досуңдун ашын касындай же» дейт. Ушул эле сѳздүн дагы бир мааниси «таза» дегенди да билгизет экен. Мисалы «кас буудан экен» десе, «таза кандуу жылкы экен» дегени. «Кас баатырлар келишти» десе, «чыныгы баатырлар келишти» деп түшүнсѳк болот. Мыкты шумкарды «Каса шумкар» деп, мыкты атты «Каса тулпар» дечү экен. Бир жерде «каса» деген сѳз «куулук, шумдук» деген маанини билдирсе, бир жерде «каса» деген сѳз ѳзгѳчѳ, мыкты, чыныгы дегенди билдирет экен.

Ал эми уяты жок ургаачыны «Касасы жок айгырдай» деп айтчу дешет.

«Кастар» деген сѳз - жашыруун, сырдуу дегенди билдирет экен. «Кастарын тикти» десе «ал мага жамандык издей баштады» дегенди, «кастарымды тиккенди азууга салып чайнадым» десе, «мага жамандык кылганды жок кылдым» дегенди билдирет.

«Кастарда, кастарла» десе, «баала, баркта» дегенди билгизет. «Канга токол болсом дейт, кастарланып оңсом дейт» деген ыр саптары бар.

«Качак» деген качаанак, качкын деген эле маанидеги сѳз. «Качаанак айгыр үйүрүн түгѳтѳт»деген макала айтылат. «Жардынын жалгыз аты качааган» деп да коет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG