Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:08

Казатка минер ат экен...


«Айгак», «канкор», «казат», «кайберен», «кагын» ж. б. сөздөрдү чечмелейбиз.

Кыргызда илгертен бери эле «Уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара» деген макал айтылып келет. «Жаман айгак жанынан тартат» деген да бар. «Жанынан тартат» дегени «жанынан тѳлѳйт» дегенди билгизет. «Айгактын түбү ууру» дейт. «Ууру айгактан коркот» дейт, эмне үчүн? Анткени анын ууру экенин айтып коерун билгендиктен коркот.

Ал эми түштүк тарапта эгин же күрүч бастырган моло ташты «таш айгак» деп аташат.

Кийинки кездери «канкор» деген сѳздү бир эле маанисине карай түшүндүрүп, жазып, айтып жүргѳндѳрү байкалууда. «Канкор» дегендин биринчи мааниси - кан ичер, жырткыч, адамдын эң эле жаманы деген мааниде экендиги ырас. «Кара сууга кан куйган бул канкорду да эне тууганын карабайсыңбы!» дейт.

Бирок «канкор» сѳзүнүн экинчи мааниси - эр жүрѳк, баатыр, коркпогон адамдарды да ушинтип айткан. Бул сѳздү монгол тилинде «хонгор» деп коет. «Кудай бизге бериптир, канкор Манас келиптир!» деп жанатан эмне кылар айласын таппай турган кыргыздар кубанды» дейт. Мындагы «Канкор Манас» деген сѳз «кан ичер Манас» эмес, «баатыр Манас, эр Манас, шер Манас келиптир» деген мааниде айтылганы.

«Кайберен» деген сѳз бар. Бул жапайы жаныбарлардын колдоочусу дегенди билдирген сѳз. Кай бир учурда ошол жапайы жаныбардын, кийиктин ѳзүн да түшүндүргѳн учурлар кездешет.

«Кайберен» сѳзү «кайып эрен» деген эки сѳздѳн биригип, бир маанини билгизип калган. «Кийиктердин паашасы кайберен болот дечү эле» дейт.

«Кайгуул» деген сѳз бар. Аскер чалгынын ушинтип атачу экен. Кѳчмѳн доордо кѳбүнчѳ жѳѳ эмес, ат менен кайгуулдачу дешет. Мындай кеп айтылат. «Алдына салып чалгынды, артынан коюп кайгуулду» дейт. Демек, чалгынды алдына жиберип, артынан күзѳт койгонду айтып жатпайбы.

«Казат» деген сѳз бизге араб тилинен кирген. «Казат» деген «согуш» дегенди билдирген сѳз. «Казатка аттанды» дейт. «Согушка аттанды» дегенди билдирет. Ал «казат кишиси экен» десе «ал аскер кишиси экен» деген маанини билдирет. «Казатка минер ат экен» десе «жоого жарай турган ат экен» дегени. «Казат баштап урушсак, калк кырылып, эр ѳлѳѳр» дейт. Манастагы Чоң Казатты эстегиле.

«Казат» сѳзүнүн экинчи мааниси - ушул эле «казат» сѳзүнүн кыйыр түрдѳ айтылгандагысы. Мисалы «Дагы кандай казатыңды баштайын деп турасың!» дейт. «Казатым жетип ѳлбѳсѳм, акыры сага бирди кѳрсѳтѳм!» дейт. «Сен үчүн башымды казатка байладым!» дейт, дагы ушул сыяктуу.

«Казатташ эле» десе аскерлеш эле, согушта чогуу кызмат кылган киши эле дегени.

«Кабар» деген сѳз араб сѳзү экенин кѳбүбүз биле бербесек керек. «Кабар берди, кабар айтты, кабарлап жатышат» жана башка.

Эми ушул сѳздүн экинчи маанисин мисал менен түшүндүрѳлү. «Кечке кетмен чаап жүрүп, колум кабарып кетти» дейт. Орусча айтканда колдун чорун айткандагысы. Кээде бул сѳздү «Эмне эле кабагың ачылбай кабарып калгансың!» дейт. «Кабарбагын!» дейт.

Кыргыз тилинде бир эле сѳздүн бир канча маанилери болгон учурлар арбын кездешет.

Мисалы «кагын» деген сѳздү алсак, бир мааниси - карын шамал учуруп кеткен бетти «кагын» деп койгон. Кышында малын откозуш үчүн ушундай карын шамал айдап кеткен беттерге жайышкан. «Койду тескейге, кагындарга жайгыла?» дейт.

Бул сѳздү аялдар «О кагын алгыр!» деп балдарды каргап-шилегенде да колдонгон.

«Кагындын» экинчи мааниси күбүн деген маанини билдирет. «Кийимиңдин чаңын кагынып келдиңби?» дейт. «Ал этек-жеңин кагынып тура калды» дейт. «Айылын кѳздѳй жол тартты, ак шумкардай кагынып» дейт. «Ат аксады байгеден, аягын ташка кагынып» дейт. «Кабыргасынан кагынып, ооруканада жатат» дейт. «Кагынып-сѳгүнгѳнүңдү токтотсоң болбойбу, ѳсѳѳрүң калбай, ѳлѳѳрүң калганда калжактап!» дейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG