Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Эки кедей кудалашса дорбо алышат...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дордой десе эле жергиликтүү элден баштап чет элдиктерге чейин "Дордой" базарын түшүнүп калды.

Айрымдар гана мына ушул «Дордой» базарын түптөп, 30 жылдан бери элин жумуш менен камсыз кылып, мамлекетке миллиондогон салыгын төгүп келаткан белгилүү ишкер, меценат Аскар Салымбековдун чоң атасынын аты Дордой болгонун билишет.

Биз сөздүн маанисин чечмелеп аткан соң, мисал келтирүү менен айтсак бир топ түшүнүктүүрөөк болот го дейм. «Дооронбек бирөөлөрдөн токмок жеп келген окшойт, ээрди дордоюп шишип калыптыр» дейт. «Дордок бет кара бала экен» дейт. Же «дордойгон баласы бар» дейт. Дордой деген сөз ушундан келип чыккан.

Кыргызда бүркүттөрдүн бир түрүн «Дордок баатыр» деп коюшкан.

Эми «дорбо» деген сөзгө келсек, кичинекей капты «дорбо» дейт. «Мамыда турат байлоолуу, манаттан дорбо жайлоолуу» деген кеп бар, кээде аттын башына жем салып илине турган жем баштыкты да дорбо деп атаган. «Эки бай кудалашса жорго алышат, эки кедей кудалашса дорбо алышат» деген да макал болгон. Ошентип каптын кичинесин дорбо дешкен. Азыр таардан согулуп жасалган мындай дорболор музейлерде эле болбосо жок болуп калды окшойт.

Эми «доюр» деген сөзгө келели. Беттегенин бербеген, айтканынан кайтпаган адамдар болот го, ушундай мүнөздөгү кишилерди «доюр киши экен» дешкен. «Анын доюрдугу кармаса, жандыра албайсыңар» деген.

«Досондо» деген сөз да көп колдонула бербегендиктен көбүбүз билбесек керек. "Досондо” деген жакын дос дегенди түшүндүрөт экен. Бул боюнча «Досондонун жаны бир, Куданданын малы бир» деген макал айтылат. Ушундан улам «Досондону ант урат, Куданданы бата урат» деп коюшчу дешет.

«Дөбө» дегенге келели. Кыргызда «дөбө» менен «төбө» деген сөздөрдүн тамыры бир, экөө тең окшош түшүнүктөгү сөздөр. Илгери аксакалдар айылдагы бийик дөбөгө отуруп алып, эл-журттун төбөдөгү (баштагы, жүрөктөгү) маселесин чечкени бекеринен болбосо керек.

“Бийик дөбөгө чыксаң көзүң ачылат, жакшы менен сүйлөшсөң көңүлүң ачылат” дешкен алар.

Тээ этектеги талаадан мейманчылап келгендер “Силердин “Төбөңөр - жайлоо, төшүңөр - кыштоо, төрүңөр - бейиш турбайбы!” деп суктанып кайтканы бекеринен эмес чыгаар.

“Кыргыздын Ала-Тоосу силкингенде казактын талаалары дир этеди” деп казактын төкмөлөрү ырдаган эмеспи. Маселе мындан да тереңде. Көрсө бир дарактын кош бутагындай болгон эки элдин дөбөсү да, төбөсү да кыргыздар болгонун улуу Шаакерим да, улуу Аалы Токомбай уулу да тынбай айтып, жазып келишкен.

Кыргыздын карыялары бекеринен:

Аманыңда балдарым, ар бириң бирден дөбөсүң, Күн-төбөңдө, Жер-бутуңда турган кезде жөн жүрбөй бирдеме жасап калгыла деп айтышпаган.

Адамды алкаганда:

- Төбөң көккө жетсин балам!, - деген.

Каргаганда:

- Оо, төбөңдөн тийгир!, - деген.

Жаан басылбай жаап берген күндөрү:

- Жарыктык асмандын төбөсү түшүп калган бейм, - дешчү.

- Баягы эл сыяктуу элиң жок, баары эле төбөсү түшүп калган көргө окшоп калыптыр, - дейт.

- Байкап мамиле кылгыла, анын төбөсүндө көзү бар киши, - дейт. Акылдуу, алдыны көрө билген, сезимтал, байкагыч киши, абайлап сүйлөгүлө дегени.

Төбө ыйык болсо, дөбө бийик болгон. Бийик дөбөдөн айыл-кыштак, айлана-тегеректин баары алаканга салгандай даана көрүнгөн. Кыргызда чогулуп, акыл калчай турган ошондой касиеттүү дөбөлөр арбын.

Таластагы - Кароол-Чоку, Оштогу - Сулайман Тоо, Сары-Өзөн Чүйдөгү—Байтиктин Басбөлтөгү, Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол, Ат-Башыдагы Чеч-Дөбө, Жумгалдагы - Кызарт, Алтайдагы - Үч Сүмөр ушундай ыйык дөбөлөрдөн болуп саналат.

Ар бир өрөөндүн өзүнчө төбөсү болсо, Кыргыз Жеринин төбөсү - Кетмен Төбө.

Кыргыз акындарынын төбөсү - Токтогул. Ары жагы Анжыян, бери жагы Арка кыргыздарынын акындарынын баары Кетмен-Төбөгө келип, Токтогулду ээрчип, кеп-кеңешин угуп, өнөрүн үйрөнүп жүрүп кайтканы бекеринен болбогон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG