Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:57

Келгиле, “кер” деген сөздү чечмелейли.

“Кер” деген сөз баштапкы маанисинде өңдү, түстү билгизип, кыргыздар малга, анын ичинен жылкыга көбүрөөк колдонгон. Мисалы: “кер бышты, кер байтал, кер тору ат” деп койгон. “Кер ооз ат экен” десе, “оозу катуу ат экен” дегенди билдирген.

“Кер” сөзү бара-бара адамдарга да айтыла баштаган. Мисалы: “Аныңдын өңү кер сары болуп, апийимчиге окшоп турат, байкасаңчы?” деген. “Атаганат, Кемел кер мурут, келишкен жигит эмес беле!” деген. Кыргыздар кер сөзүн ошондой эле дыйканчылыкка да колдонуп, бышканы калган арпаны “Арпа кер жаак болуп калды” деп айткан.

“Марал” деген сөзгө “кер” сөзүн кошуп, “Кер марал” деп айткан. Мындай салыштыруу менен келин-кыздарды сыпаттап, “Кер маралдай керилген келин экен!” деп суктанган.

Экинчи мааниси. “Эртең суу кирсе, короону каптап кетет, арыкты тазалап коелу” десем, “такыр эле кежигеси кер тартып койду” дейт. Бул “иштегиси келбей койду, каалабай койду, жалкоолонуп койду” дегенди билдирет. Мындан улам “Кер-мур айтышып кеттик” дейт. Жаман-жакшы сөздөр менен айтышып кеттик, урушуп кеттик деген маанини билдиргени.

“Такыр эле кер такым неме экен, жыла турган эмес” дейт. “Кер такым”, “Кер аяк” дегени, бирди айтсаң экини айтып шылтоологон, иштегиси келбеген, сүйлөгөндөн башка касиети жок кишилерге айтылат.

Кыргызда “кериге тартуу” деген да кеп бар. Ишти начарлатуу, оң ишти артка тартуу, бүтө турган ишти атайылап кечеңдетүү, илең-салаң кылуу дегенди билдирет.

“Кери кеткендин сакалы кекиртегине бүтөт” деген да ылакап бар.

“Кер ооз” деген сөзгө келели. Оң сүйлөсөң атайылап тескери сүйлөгөн, тигил же бул адам тууралуу сөз кыла калсаң дароо эле: “Жанагы таякчан жалгыз бутпу?”, “И, тиги сарбагыштардын арасындагы сары саякпы?”, “Баягы арам сийдик немеби?” деп өмүрү жакшы сөз менен оозанбаган, адамдарды уруу-уруусуна, кебете-кешпирине, кылган ишине, кылган кызматына карата бөлүп-жарып сүйлөгөн бузуку, ниети кара, жаман адамдарга багышталган сөз. Мындай шылуундар уялаган мекемени “Ошол кер ооз кетмейинче ал жериңдин иши эч качан оңолбойт” деп коюшат.

Биздин тилибизде “Кере матап, кер тушоо” деген сөз да айтылат. Бир нерселерди айтып кайра-кайра жекире берүү, кекете берүү, тынчтык бербөө дегенди түшүндүрөт. “Эмне эле кере матап, кер тушап калгансың” деп коет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG