Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:28

Шайтаны күчтүүдөн сак бол


Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында дөө-шаа, шах, шак деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

“Жалаң дөө-шаалар келишти” дейт. “Баары эле шаа мүйүз эркектер экен” дейт. Анда эмес “шаа” деген сөздү чечмелей кетели.

“Шаа” деген иран тилиндеги “шах” деген сөздөн келип биздин тилге кирген.

“Дөөдөй-шаадай сакалдуулар отурушту” дейт. Кадыр-барктуу, элге таанымал, урматтуу, жашы да, кызматы да чоң адамдар отурушту деген маанини билдирет.

“Шаа” сөзүнүн экинчи мааниси, “шаабыз жете турган эмес” дейт. Чама-чаркыбыз, алыбыз жете турган эмес дегени. “Ачылган пахтаны жыйноого шаасы жетпей, мектептин балдарын жардамга алып барышты” дейт.

“Шаалап иштеп жиберели” дейт. Көбүбүз бул сөздүн маанисин анча түшүнө бербесек керек. “Шаалап иштейли” деген “бири-бирибизге дем берип, бири-бирибизди сүрөп, шыктантып иштейли” деген маанини билдирет экен.

Эми “шайтан” деген сөзгө келели. “Шайтаны кармады” дейт. Жаман адаты кармады деген мааниде. “Шайтан кыз” деп коет. Бул сөз айтылышына жараша кээде оң, ал эми кээде тескери маанини да билдирет.

Мисалы, “Шайтан кыз, кыйын эмеспи, баланы ою келгендей ойноткон турбайбы!” дейт. “Байкагыла, башынан шайтаны бар кыз эле” дейт.

“Анын шайтанын кагып салдым!” дейт. Жинин басып салдым, жаман жоругун тыйып салдым деген мааниде.

“Шайтандай болуп кайдан чыга калдың?” дейт.

“Жакшы эле көнүп келатты эле, шайтаным кармап кетип чочутуп албадымбы” дейт.

“Эй аның жөн тура албай, шайтаны куюлуп турган эме экен” дейт.

“Шайтан мойнун сындырбайлыбы?” дейт.

“Анын башынан шайтаны бар неме, байкасаңчы?” дейт.

“Шайтандын шапалагындай болгон бала экен” дейт.

Эми “шак” деген сөздүн маанисине токтололу. “Бак-шак” дейт. “Шагы ийилген жүзүмзарды аралап жүрдүк” дейт.

“Шак” сѳзүнүн экинчи мааниси, “Ал кыздын бетинен шак өөп алып, чыгып кетти” дейт. “Мээме шак эле дей түштү” дейт. “Алаканын шак койду” дейт. “Жаакка шак дегизе бир чапты” дейт. “Анча болбогондо Арпачынын таягы Бообекке шак дей түшмѳк” дейт.

Үчүнчү мааниси, “таруу шак” дейт, “шак кайнаттым” дейт, ак шак” дейт.

Тѳртүнчү мааниси, түштүктүн айрым аймагында “шүүдүрүм түшүптүр” дегенди “шак түшүптүр” деп коет дешет.

Бешинчи мааниси “ала шак”, “шакшак”. “Козунун сынган бутун шакшактап айыктырып алдык” дейт.

“Шам” деген сөз да араб тилинен кирген. Орустун “лампа, свеча” дегенин “шам” деп айтсак жарашат. “Электр шамы” же “электр чырагы” дейт. “Намаз шам” дейт. “Шам кулак ат экен” дейт.

Кээде уят болгон адамды “Эми анын эмне шамы калды?” деп коет.

Кыргыздар байыртадан табият менен жакын болгондуктан жаратылыш кубулуштарын ар кандай аттар менен аташкан. Мисалы шамалдын түрлөрүн алалы. Ураганды “аркыраган шамал” десе, муздак шамалды “сары шамал” деген. Куюнду “куюн шамал” деген.

“Тоголок” дейт. “Башы тоголоктун баары эле адам боло бербейт” дейт. “Тоголок кат” дейт. “Балдарына бир тоголок кант алып бербейт” дейт. “Ал бечара тоголок жетим болчу” дейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG