Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:33

Көз тууралуу сөз


Иллюстрациялык сүрөт.

Биз айтылуу тилчи илимпоздордун тобу түзгѳн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сѳздүгүнѳн» көзгө байланыштуу 130дан ашуун сөздөрдү учураттык. Азыр анын айрымдарын айта кетелик.

«Көз айырбоо» дейт. Бирөөнү же бир нерсени тигилип карай берүү, тиктеп тура берүү. «Ал мындай болуп кетерин такыр эле күтпөсө керек, канча жылдан бери көрө элек Гүлайдын басып келатканын көрөрү менен көз айырбай карап тура берди» дейт.

Ушул эле сөздүн «көзү албоо» дегени да бар.

«Көз акы» дейт. Кандайдыр бир ишти же бир нерсени көрүп билгендиги же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн ала турган үлүш деген мааниде колдонулган сөз. Кыргызда «чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар» деген макал айтылып калган.

«Көз артуу» дейт. Бир нерсеге абдан кызыгуу, суктануу, жетсем деп эңсөө. «Кедейдин күлүк аты, сулуу жары болсо көз артмайы бар бай-манаптардын ит оорусу бар эле дейт». Бул мисал Касымалы Баялиновдун чыгармасынан келтирилди.

«Көз ачып-жумганча» деп коет. Бир заматта, бир паста, дароо, тез арада, арыдан-бери деген кеп. «Көз ачып-жумганча анын башынан өткөн тарыхы чубуруп өттү» дейт.

Мунун «ачып көздү жумгуча», «ачкан көздү жумганча» дегендери да бар.

«Көз ачырбай» дейт. Тынымсыз, үстөккө-босток деген маанини билдирген сөз. «Эми эле күн жаркырап туруп, булут пайда болуп, жамгыр көз ачырбай төгүп жиберди» дейт.

«Көз байланган кез» дейт. Иңир, күүгүм кирген, каш карайып көзгө эч нерсе көрүнбөй калган маал. «Биз көз байланган кезде барабыз деди» дейт.

«Көз болуу» деп коет. Көздөп, кайтарып туруу, ээси келгенче карап туруу. «Биз эс алуудан келгенче үйгө жакшылап көз болуп тургула деди» дейт.

«Көзгө атар». Жазбай аткан, таамай атан, машыккан, адис мерген. «Карышкыр күч алып, малды кырып жибергенден кийин гана айыл көзгө атар мергендерди чогултту» дейт.

«Көзгө басар» деп коет. Жападан жалгыз, бир гана, бар болгону деген мааниде. «Айгүл - алардын көзгө басар жалгыз кызы» дейт.

Мунун экинчи мааниси да бар. Бирден-бир, мыкты, көрүнүктүү, көзгө көрүнүп, эл оозуна алынып калган, башкалардан айырмаланып турган дегени. «Болот Миңжылкыев ырчылардын көзгө басары эмес беле» дейт.

«Көзгө жылуу учуроо» дейт. Мурда көрүп-билип жүргөндөй, бирок унутулуп калгандай сезилүү, тааныш сыяктанып көзгө жакшы көрүнүү, жагымдуу сезилүү. «Тоонун арасындагы биз барган жер мурдатан эле барып-келип жүргөндөй көзгө тааныш сезилди» дейт. «Ботом, сенин көзүң мага жылуу учурап жатат, бир жерден көргөнсүп атам» дейт.

«Көзгө илбөө» деп коет. Теңине албоо, киши катарына көрбөй, тоготпой, өзүнөн башкаларга маани бербей, теңсинбей калуу. «Ал мансапка жетери менен көзүнө кишилерди илбей калды» дейт. «Бирди көрөрдө эле ушинтип карапайым элди көзүнө илбей калчу эле» дейт.

«Көзгө илешпеген» деген бар. Өтө тез жүргөн, аябагандай ылдам кыймылдаган дегенди түшүнтөт. «Бул тим эле көзгө илешпей чуркаган неме» дейт.

Дагы бир мааниси - эң эле кичинекей, өтө эле майда, кымындай, көзгө ачык көрүнбөгөн нерселерге айтылат. «Сааттын тетиктери жүрүп турган маалда көзгө илешпей калат тура» дейт.

«Көзгө көрүнөрлүк» деп коет. Алгылыктуу, бир нерсеге арзыгыдай, татыктуу дегендик. «Ал медицинада тез эле көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетишти» дейт.

«Көзгө көрүнүү». «Менин көзүмө акыркы кездери бир эле Ак тайлак көрүнчү болду» дейт.

Дагы бир мааниси: бойго жетүү, бой тартуу, чоңоюу. «Кечээ эле балдар менен ойноп, ботала болуп жүргөн кыз эле, эми бүгүн тал чыбыктай буралып, бойго жетип калганын карабайсыңбы?» дейт.

Үчүнчү мааниси - таанылуу, билинүү, жакшы жактары менен эл көзүнө көрүнүү. «Айсулуу Тыныбекова карандай мээнети менен элдин көзүнө көрүндү» дейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG