Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июнь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Беттин көркү нур менен


Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" берүүсүндө бет, кеп, кепе деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

«Бет» деген сөздү чечмелейли. «Бети сууктан үшүп кетти». «Бети албырып чыкты». «Бети купкуу боло түштү». «Бетинин нуру өчүп калыптыр».

* * *

«Эр жигит эл четинде, жоо бетинде». «Бети ачылары менен душман алсыз болуп калат». «Келин кайнатасынын үйүнө барганда бетин басып жүгүнүп кирди». «Көлдүн бети көйкөлүп турат». «Жердин бети көөп келатты». «Быйыл деги эле Күндүн бетин көрбөдүк».

* * *

«Бети жок неме экен, бир кесим этке таарынып, оозуна келгенди оттоп жүрөт, ооруп калган окшойт» дейт. «Ал айткан сөз 7-томдо, 132-бетте» дейт. «Анын колу жабыла ат коюп жөнөп калышты» дейт. «Бет бактырбай бороон боздоп туруп алды» дейт.

* * *

«Балам эми китепти өз бет алдынча окуп калды» дейт. «Бетме-бет чыга калды» дейт. «Экөө акыры бет маңдай кезигишти» дейт. «Анын адаты, бет алды сүйлөй берет» дейт.

* * *

Эми «кеп» сөзүнө келели. «Кеп сал», «кеп айт», «кеп ур». «Жип кессең - узун кес, кеп салсаң - кыска сал» деген макал айтылат. «Кеп урушуп отурдук» дейт, кеп салышып отурдук дегенди билдирет.

* * *

«Кептен кеп чыгып, ал кайдан келип, кайда баратканын бүт айтып берди» дейт. «Айткан кептин учуна чык» дейт. «Кеп жебеген кежир экен» дейт. «Кеп-сөзгө келбеген иттиги бар эле» дейт. «Кепке да, эпке да келбеди» дейт. «Керүүдөгү талдайсың, кеп айттырсак кандайсың?» деген ыр саптары жазылып калган.

* * *

«Кеп» сөзүнүн экинчи мааниси - «Кеби кетип калган үй экен» десе, «кейпи начарлап, эскирип калган үй дегени. «Кеп жыгач» дейт. «Өтүкчү ултарчу өтүгүнүн кеп жыгачын колуна алды» дейт. «Кеп баштык» дейт. «Кеп такыя» дейт. «Эчкини кеп союп, чанач кылды» дейт. «Кеп дөңгөч» дейт. «Агай тарых музейине жапайы айбанаттардын кебин жасаган» дейт.

* * *

«Кеп» сөзүнүн үчүнчү мааниси - «кепкең үй экен» десе, кең үй экен дегени. «Ичи кепкенен» дейт. «Кеңиптир, кепкең жолуңуз» дейт.

* * *

Төртүнчү мааниси - «Кепе шалаш» дейт. «Там кепе» дейт. «Жер кепе» дейт. «Ат кепе» дейт. «Уй кепе» дейт. «Тоок кепе» дейт. «Кепе-сепе экен» деп коёт. «Чөп кепе» деп да коёт.

* * *

«Кепер» дегенди көбү азыр биле беришпейт. Организмдеги өтө ысыкты - кыргыз табыптар «кепер ысык» деп, тескерисинче организмдеги өтө суукту - «кепер суук» деп коюшкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG