Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 05:09

Уз менен уузду чаташтырбайлы


Кыргыз уздарынын колунан чыккан буюмдар.

"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында арыба, ууз, уз, ууч, уч деген сөздөрдүн маанисин талдайбыз.

Ар бир элдин учурашуу салты болгондугу белгилүү. Биздин кыргыздар бири-бири менен учурашканда:

- Арбаңыз! - деп учурашкан. Ага берки киши

- Бар болуңуз! - деп жооп кайтарган.

Эгер көпчүлүк болсо, алардын жанына келген киши:

- Арбаңыздар!-деп көптүк түрдѳ баарына бир учурашкан. Тигилер ага жооп иретинде, кичүү болсо:

- Бар бол!, - деп, жашы улуу киши болсо:

- Бар болуңуз!, - деп жооп кайтарган.

* * *

Ал эми “салам” деген сөз бизге араб тилинен кирген. Мндан улам бүгүн бизде “ассолоом алейкум”, “Саламалейкум”, “алейки салам” деген өңдүү саламдашуунун ислам дини менен кошо кирген түрү кеңири колдонулуп келет.

* * *

Азыр айрым жерлерде, кѳпчүлүк катышкан жыйындарда, той-аш мезгилинде учурашуунун накта кыргызга таандык “Арбаңыздар!” деген жакшынакай сѳзү менен учурашып жүргөндөр арбып баратканы кубантат. Айрыкча “Арбаңыздар” дегенди өз элинин каада-салтын калыбына келтиргиси келген жаштар кѳбүрөөк айта баштады. Бул колдоого ала турган, абдан жакшы көрүнүш экенин баса белгилей кетпесек болбос.

* * *

Ал эми “ары” деген сөздүн ар кандай маанилери бар. “Ары тур” десе, алыс тур дегенди билдирет. “Анын айылы тетиги тоонун ары жагында” дейт. “Ары жыгыл десе, бери жыгылгандар бар” дейт. Ишти оң жаса десе, тескери жасагандарга карата айтылган сѳз. “Колундагы таягы менен баштан ары бир салды” дейт.

* * *

“Ары” сѳзүнүн дагы бир мааниси: “Ал ары досум, ары агам болот” дейт. “Маркум Нурак ары ашкан комузчу да, ары мыкты ырчы да болгон” дейт.

* * *

Үчүнчү мааниси - чаалыккан, чарчаган, куурап-жүдөгөн учурду түшүндүрөт. Мисалы “Атты карыганда көр, жигитти арыганда көр” деген макал айтылат. “Барган сайын арып-азган адамдар көбөйдү” дейт.

* * *

Кыргыз тилинде, бир сөздүн бир тамгасы алмашып калса, башка маанини түшүндүрүп калган сөзгө ѳтүп кеткен сөздөр өтө арбын кездешет. Тилибиздеги ушундай сөздөрдү жакшы билбегенибиз үчүн кээде эне тилибизди туура эмес сүйлөп, туура эмес жазган журналист жаштардын арасында көбөйүп баратканы өкүнүчтүү.

Мисал келтирели. Бизде “уз” деген сөз бар. “Уз” деген кыргыздын кыз-келиндеринин ичиндеги колу иштүү, саймачы, түймөчү, килемди мыкты токуган, шырдакты, туш кийизди мыкты жасаган, куракты мыкты кураган, колунан көөрү төгүлгөндөрдү сыйлап, урматтап “уз” деп койгон. Акындар ыр менен мындайларды “Булутту бычкан уз экен” деп ырдашкан.

* * *

Эми мына ушул “уз” сөзүнө дагы бир “у” кошулуп айтылганда “ууз” болуп калат да, бул таптакыр бөлөк маанини түшүндүргѳн сөзгө айланып кетет. Мисалы жаңы тууган малдын сүтүн “ууз сүт” дейт кыргыз. “Уйдун уузу” , “койдун уузу” дейт. “Уйдун тууруна күтүп, уузуна күтпөй кетип калышты” дейт. Жанатан бери чыдап күтүп отурушуп, кереги келген кезде кетип калышты дегени. “Ууз бозо” дейт. “Жаңы бозо” дегени. “Ууз кайың” же “ууз арча” дейт. “Жаш кайың” же “жаш арча” дегени. “Өңчөй ууздай кыз-келиндер тосуп чыгышты” дейт. Өңчѳй жаш кыз-келиндер тосуп чыгышты дегени. “Атаңдын көрү, “Манастын” ууздай бөлүгүн Тыныбек айтчу эле!” дейт. “Манастын” чыныгы бөлүгүн, мыкты бөлүгүн Тыныбек айтчу эле дегени. Бул жерде Саякбай менен Сагынбайдан да мурдагы, атактуу Тыныбек манасчы тууралуу сөз болуп жатат.

* * *

Ошондой эле “ук” десе, “айтканымды ук” дегенди билдирип, “уук” десе боз үйдүн “уугун” билдирет.

* * *

“Уч” десе, карандаштын учун, ийненин учун же “асманга уч, жардан уч” дегенди билдирсе “ууч” деген колдун уучун билдирген мааниге өтүп кетет. “Сууну кошучтап ичти” дейт.

* * *

“Бар!” деген буйрук этишти билдирсе, “баар” деген жаз мезгилин билдирет.

* * *

“Кол” деген кадимки эле колду. Адамдын он эки мүчѳсүнүн бирин же эскиче “аскер” дегенди билдирсе, “коол” деген “жарлуу жер”, “эңкейиш жер” дегенди билдирет. Бул сөз алтайлык кыргыздарда дагы ушундай эле мааниде. Алтай тили менен кыргыз тилинин тамыры бир экенин окугандар жакшы билишет.

* * *

“Шар” деп жел толтурулган, майрам күндѳрү же той-топурларда кооздук үчүн жасалгаларга колдонгон же балдар көтөрүп, ойноп жүргөн шарды түшүндүрѳт. Ал эми “шаар” деген калаа экенин баарыбыз билебиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG