Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 22:29

Бактыны тактан издебей баштан изде


Иллюстрациялык сүрөт

Фарс тилинен кирген “бак” деген сөз, кадимки эле биз тиккен бак. Мисалы жемиш багы, гүлзар багы жана башка.

“Бак” сөзүнүн экинчи мааниси - бакты-таалай, бакыт. “Балдарымдын бактысы деп жашап жүрбөймүнбү” дейт. “Бактылуу кыз экен” дейт. “Башына бак конду” дейт. “Алганы начар чыгып, байкуш кыздын бактысы байланды” дейт. “Бейиштей жери бар бактылуу эл экенбиз” дейт.

“Бактыны тактан издебей баштан изде” деген кыргыз.

“Бак” сөзүнүн дагы бир мааниси - “бала бак”, “мал бак”, “эл бак” жана башка.

“Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны бага албайт” деген макал бар. “Кумшекер туз болбойт, кузгун куш болбойт” деген макал айтылат.

Кыргыз тилинде “Бөрү жарды, кузгун тойду” деген макал бар. Бөрү деген кадимки карышкырдын эле ѳзү экенин балким шаардык жаштар билбейт деле болсо керек.

Эмне себептен “бөрү жарды, кузгун тойду” деп койгон, анткени карышкыр жайылып жүргѳн койго тийсе, бирди гана жеп, калганын тамактап кете берген. Чалажан койлордун баары карга-кузгунга жем болгон. Бул макалды канча жылдан бери өлкөгө жардамга берилген миллиондогон акчаны келери менен чиновниктердин талап кеткенине салыштырсак куп жарашат.

Кузгун узакка жашарын айтышат. Буга мисал келтирели “Кузгундун көзүн жедим беле, мен теңдүүлөрдүн баары эбак тигил дүйнөдө жүрөт, мени ажал унутуп салды”, - деди чал дейт. Мындагы “кузгундун көзүн жедим беле?” дегенди түз мааниде түшүнбөй, каймана мааниде түшүнгөн оң. “Кузгундун көзүн жедим беле?” дегени “Кузгундай узак жашадым” дегени.

“Кузгундай көзүн кызарткан, куу сакалын чубалткан” деген да бар. Кузгундун көзү кызыл болорун, чалды ошого салыштырып атканын түшүнөбүз.

“Кузгун заар” деген түшүнүк айтылат. Таң али ата элек кезди түшүндүрөт. “Ал кузгун заардан туруп аттанып кетти” десе ал эрте туруп, таң атпай туруп аттанып кеткенин айтып жатканы.

Доңузду же чочконун жапайысын “кара кийик” дешкен. Илгери кыргыз табыптар ооруган адамды айыктырыш үчүн “чочконун майы” десем, жийиркенип, жебей коет деп, “бул кара кийиктин майы” деп жедиришкен экен. Үстүбүздөгү жыл ошол кара кийик же доңуз жылы деп аталат эмеспи.

“Киши кийик” деген бар. “Киши кийик” уламыштарда, жомоктордо, фантастикалык чыгармаларда көп кездешет. Төөнүн жапайылары да болгон. Кыргыздар аны “төө кийик” деп атаган. Ал эми кайберендер тоо кийик же кызыл кийик деп айтылат. Эпостордо “бука кийик” деген да айбанат бар. “Илгери-илгери Теңир-Тоонун койнунда башы мүйүздүү эликке окшогон бука кийиктер болгон, аларды көзгө же куйрукка атамайын өлбөйт” деген уламыш да айтылып калган. “Семетейде” Толтойдун минген аты Суркийик деп аталат эмеспи.

“Келик” деген сөздүн маанисин да билбейбиз. Мисалы “келик киши” деген сөз “түшүнүктүү, сыпайы киши ” дегенди билдирет экен.

“Кашка” деген сөз кыргызда өзгөчө көзгө түшкөн касиети бар адамдарга, жан-жаныбарларга берилген сын-сыпат десек болот. Мисалы: “Акундун кызы Айчүрөк кереметтүү кашка эле” дейт. “Анын аты кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал” дейт. “Анын ата-теги кыргыздын айтылуу кашкаларынан болгон” дейт. Мисалы “Чыңгыз Айтматов кыргыздын даана кашкаларынан эле” десе эмне үчүн жарашпасын.

Эми адамдын канаты болгон аттарга келели. Тору кашка, жээрде кашка, кара кашка жана башка.

“Ала-Тоонун мөңгүлөрүнөн аккан көк кашка сууларга эмне жетсин!” деп суктанып турдук дейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG