Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:17

Кыргызда туз ыйык саналат. Бир карасаң туздан ачуу, бир карасаң туздан таттуу эч нерсе жоктой.

“Адамды билүү үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек” деп айтышат. “Ичиң күйсө туз жала” деген макал бар. Кыргыз кызын “Айланайын кызым ай, ак жалама тузум ай!” деп эркелеткен. “Алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз” дешкен.

Туз сөзүн каргышка да колдонгон. “Байкалып калды, тузу арам ит экен” деген. “Тузума арам санады, тузум урсун!” деген. “Туурасын айтпасак, тузу оор Манастын тузу урбайбы!” деген.

“Сөзүңө туз кошпой, туурасын сүйлө!” деген да бар.

“Туз көмгөндөй көмгүлө!” деген. Эч кандай ырым-жырымын кылбай туруп көөмп салгыла дегенди билдирген.

“Кудайдын тузун уурдаган жок элем, бул эмне кылганыңар?” деп боздоп баратты” дейт.

Бизде туз ыйык. Элибизде “Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам айт” деген, “тузума койдум”, “тузум урсун”, “туулган жердин тузу оор” деген сөздөр жөн эле айтылбаса керек. Абалтан эле Ак менен Каранын айкашында, Жакшылык менен Жамандыктын ашташында туз турган. Чеки иш кылгандарды туз менен сестенткен, туураланып баскандарды туз менен токтоткон. Сатып кеткендерди, кер ооздорду, көзүнө чөп салгандарды тузга сийдиртип майыштырган...

Туз чыккан жерлер ыйык мазар аталган. Нарындагы Кочкор Ата тузу, Кетмен-Төбөдөгү Шамшыкал Ата Тузу мунубузга күбө.

Баратбай Аракеевге арналат.

* * *

Колоттогу кой сарайдын асты эле,

көр-жер менен аралашып.

көк шагыл туз додо болуп жатчу эле..

Камандыга көчөбүз!-деп күпүлдөп,

таң аткандан уйку бербей,

үйдү таңып,

күндү таңып күшүлдөп,

ак-караны аттабаган

ата салтын бузду агам:

Албагыла! Жүк болот!-деп,

алдыртпады тузду анан.

...Туз көп эле,

киши тепсеп, ити тепсеп жөн эле,

ак койго деп алып келген,

туз аябай көп эле.

О, кудурет,

көп болгондо,

төгүп-чачкан кесирликтин

ушул белем акыры,

бир күнү эле,

кара жалдуу токоюмду каптап каман, качыры,

бүркүт учкан тоолорумду,

мекен кылып кузгун менен кулаалы,

жоогазындуу жонду тепсеп,

доңуз менен эшектердин туягы,

урап түшүп.

бүтүндөй бир Улуу Журт,

бүлүнгөндөн бүлдүргү алган шылуундардын

селдеп акты кыяны.

Көкүрөктөн бир үн чыкты:

“Көппө кыргыз,

көпсөң кыргыз, “кесир!” дейт,

көпкөн элге,

көптүн баркы сезилбейт.

Көптү көргөн эл моминтип,

көөп эч качан эсирбейт,

көпкөн элди,

Көк-Теңир да кечирбейт!”

Деген үндү уккан жокпуз,

угуп туруп жайландык,

көрүп туруп,

көр дүйнөнүн кулу болдук,

көгөндөлдүк, байландык,

көрүнгөндүн отун ээрчип,

көпөлөктөй айландык.

Жоготконун издегендей сыгандан,

жол издедик жомоктогу кыялдан,

жол издедик токойлордон, тоо-талаадан тунарган,

ошондоле Адал менен Арамдыктын

жолундагы дубалдан:

-Жалган! Жалган! Жалган!-деп,

отко түшүп,

мүрзөдөгү боз чымчыктай чырылдап,

сайрап турду бу жалган.

Акыйкатты көрдүк анан айылдардан,

арып-ачып,

өңдөн азып кубарган.

Карап туруп,

басып кеттик кол шилтеп.

Ач көздүк бу азыткы экен, айбан экен,

жалт-жулт эткен алтын экен бут алдыңа куланган,

жалаңкычтай сулуу экен, жалбарынган, суранган,

анан бир күн,

азезилге айланды да,

кумарына кутуртуп,

кудугуңа суу толтуртту суу алган.

Кудукту кой,

кун бойлобос дайраны биз,

дайра экен деп санабай,

абийир, ыйман эмне экенин карабай,

аттап өттүк Уят менен Убалдан,

аттап өттүк, аттап өтпөс Курандан,

аттап өттүк,

Ата-Энеден,

Асмандагы Кудайдан!..

Аттап өтүү арзыбаган иш болду,

анан бизге акырындап,

акырындап,

шиш толду...

Акыл бербей,

акча берди ким элге,

Ала-Тоодон тешик таппай кирерге,

жанкечтилер сатып кетип баратты,

жадагалса жер калтырбай сийерге...

Унутулду энелердин

бешик ыры,

боз үйлөрү,

боз талаасы ботолуу,

унутулду Улуу элдин Улуу салты,

ыйы менен кошогу,

унутулуу деген да бир,

улутуңдун экен го бир жоголуусу, азап-муңу, тозогу.

Көрдүк бүгүн,

жамандыкты ой келгендей кутурган,

жалгандыкты жалаңкычтай жутунган,

жакшылыкты жандан кечип бузулган...

Жаман экен, жаман экен

жалбырактап калган кезде

Жараткандын тузу урган!..

Ошондуктан,

“Туз урсун!” деп каргайт тура эл дагы,

туз салмагын билдим акыр,

туз көтөрүп баскан кезде мен дагы,

бутуң булут кечсе дагы,

бутаң тоону тешсе дагы,

тууган жерден туз көтөрүп өтүш парз,

жок дегенде бир килден,

тунуу да парз кирдегенде,

бул дайрадан кан агызып, жин кирген,

тузга кара санай көрбө,

тузга кара санаганды,

кыргыз тузга сийдирген!..

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG