Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Түрмө эмес күрмө, черик эмес шерик


Иллюстрация
Иллюстрация

"Сөз дайра" түрмөгүндө бүгүн айрым сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Кийинки кездери айрым журналисттер “кар” дегенди эки “аа” менен “каар” деп туура эмес айтып жүргөнүн угуудабыз.

Кар деген сөз бир эле “а” тыбышы менен жазылат. “Кар жаады” дейт. “Кар түштү” дейт. “Кар калың жаады” же “кар жука жаады” дейт.

Эки жаштагы койду, итти же торпокту “эки кар басыптыр” деп койгон кыргыз. Бул эки жашка чыгыптыр деген сөз. Алты жаштагы түлкүнү “алты кар басыптыр” деген. “Алты кар баскан түлкүдөй” деген ыр сабы да бар. Бул алты жашка чыгыптыр дегенди билдирген сөз.

“Кар” сөзүнүн дагы бир маанисине келсек, “ал баласынан айрылып кар болуп калды” дейт. Мындагы “кар” деген сөз, “кор болуп калды, кыйын болуп калды, өксүп калды, кайгы-муңга батып калды” дегенди түшүндүрөт.

“Калп Жаныбек кан болду, кайран кыргыз кар болду” деп кезинде Толубай сынчы кайгырган.

Ал эми “каар” деген сөз ачуулуу, каардуу кишилерге айтылат. Мисалы, “каары бетине чыкты” дейт. “Ачуусу келди”, “жини келди” дегенди билгизет. “Ал аябай каардуу киши эле” деп коет. “Заман каар болуп турат” дейт. Мындагы “каар” сөзү “заман кыйын болуп турат”, “заман оор болуп турат” дегенди билгизет.

Кайсыл бир ырчы кызыбыз обончу Канымгүл Досмамбетованын эл акыны Нинакан Жүндүбаеванын сөзүнө жазылган “Кызыл өрүк” деген ырынын мына бул: “Болгонсудуң өмүргө өзүң шерик” деген сабын “Болгонсудуң өмүргө өзүң черик” деп ырдап жүрөт. Ырды жазып алган үн режиссер да, ырды эфирден угузганга уруксат берген музыкалык редактор да ырдын ката ырдалып жатканын угары менен токтотуп, ырдын сөзү кайрадан оңдолуп ырдалмайын эфирден кетирбеши керек эле. Тилекке каршы андай болгон эмес. “Кызыл өрүк” ыры көптөн бери эле ушинтип “Болгонсудуң өмүргө өзүң черик” деп ката ырдалып келатат.

Биз “шерик” менен “черик” сөзүн түшүнбөгөн редакторлор менен ырчы кызыбызга айта кетели. “Шерик” деген сөз түпкү маанисинде “дос, жолдош, кадырлаш, санаалаш” дегенди түшүндүрөт. “Кызыл өрүк” ырындагы маани деле ушуну айтып турат.

Ал эми “черик” деген сөз саруу, саяк, моңолдор, сарбагыш, баргы, тейит, мундуз, басыз уруулары сыяктуу эле кыргыздагы кырк уруунун бирин билдирген сөз.

Ошентип, элге кеңири белгилүү ырдын минтип кадырын кетирип ырдоо уят, чаласабаттык болуп саналат же баягы кызыбыз Аксуубай Атабаевдин акын Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган атактуу “Чагылган” деген ырындагы “Баш катабыз бир күрмөнүн ичине” деген сабын, тилеги өтө жаман сөз менен алмаштырып, “Баш катабыз бир түрмөнүн ичине” деп, “күрмө” менен “түрмөнүн” айырмасын билбей ырдаганы сыяктуу уккан адамдарга өздөрүнүн сабатсыздыгын далилдеп, шылдың болуп жатканын эстерине сала кетели дедик.

Кыргыздын ар бир сөзүнүн бузулуп, туура эмес айтылганы, ката айтылганы, ката сүйлөнгөнү энебиздин тилин ыйык, кымбат туткан элибизди кемсинтип, элибиздин тилине доо кетирерин ар дайым эстей жүрөлү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG