Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Жайың айтам деп баарын айтпа


Жаачылар

"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында жай, жаз деген сөздөрдүн бир нече маанисин чечмелейбиз.

Биринчи мааниси, кадимки эле жылдын төрт мезгилинин бири болгон-жай мезгилин түшүндүрөт. «Жай келди» дейт. «Жайы-кышы дебей киши үзүлбөгөн жер экен» дейт. «Биз ал жерде жай бою иштейбиз» дейт. «Жайында келгиле» дейт, дагы ушул сыяктуу…

* * *

Экинчи мааниси - эл орношкон жайды айтат. «Бүгүн силерге орун болбой калды, жайыңарды таап алгыла» дейт. «Конок тосчу жайы начар экен» дейт. «Даярдап койгон жайың жок, кайнатып койгон чайың жок» дейт. «Орусияда кагаз өнөр жайы өнүккөн» дейт. «Өнөр жайы өнүкпөгөн өлкө элек» дейт. «Кыргызстан окуу жайларынын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда» дейт. «Ден соолук жайын куруп алдык» дейт. «Адегенде ошол айылдын маани-жайын байкап көргүлө» дейт. «Депутаттардын чоо-жайы кандай экен?» дейт. «Жаман жайын айтам деп, баарын айтат» дейт. «Укпаган неме экен, жайына кой» дейт. «Оюбуз жайынан чыкпай калды» дейт. «Жайма-жай отурганда кирип келишти» дейт.

* * *

Үчүнчү мааниси - «жай адам эле» дейт. «Жай чарба» дейт. «Жай соода» дейт. «Ал атын жай бастырып келатты» дейт. «Жанын жай алдырып койгулачы?» дейт. «Жалгыз калгандан бери Жаңылдын жаны жай таппай жүрөт» дейт. «Бүкөндүн көңүлү бүгүн жай» дейт. «Далай жоону жай кылып, Таластын баарын бай кылып» деген саптар бар. «Акыры бир күн жайыңды табам го, сенин!» деп кекенди” дейт. «Жай табар, жан бактыларга толуп кетти» дейт. «Жайбаракат келатканда балээ баспадыбы» дейт. «Жай турмуш» дейт, «тынч турмуш» дегени. Тилдин грамматикасында «жай сүйлөм» деген бар.

* * *

Төртүнчү мааниси - Жай жайла» дейт. «Жай таш» дейт. «Алмамбет жай ташын сууга салды» дейт.

Бешинчи мааниси - «Дасторкон жай», «китеп жай», «кол жай» ж. б. «Отургандар колун жайып бата беришти» дейт. «Аман турсам, сен үчүн колум жаярмын» дейт. «Аргымак оозун жайды» дейт. «Чачын жайды» дейт. «Сугатчылар эртең эгинге суу жайышат» дейт. «Сиңер жерге суу жай, угар жерге сөз айт» деген бар. «Бутуман кан жая бериптир» дейт. «Бул кабарды элге жай» дейт. «Кой жай» дейт. «Уй жай» дейт. «Жайган жылкысы миң болду» дейт. «Кара шумкарды эми жаялы, табына келди» дейт.

Алтынчы мааниси - жай-жарак. Манас жай-жарагын алып жоого аттанды дейт. «Жай-жарагы жок эле бара бересиңерби?” дейт. “Чөпкө барсак, чарбасынын жай-жарагы жок неме экен” дейт.

* * *

Эми “жаз” сөзүнө келели. “Жаз келди”. “Жакында эле жаз майрамын тостук”. “Жаз келип, күн жылый баштады”дейт.

Экинчи мааниси - “кат жаз”, “сабак жаз”, “Кудайдын жазганын көрөрбүз”, “бала муштумун жазды”, “бой жаз”, “чер жаз”, “кабагыңды жаз” жана башка...

Үчүнчү мааниси - “Анын айбалтасы саал жаза тийди”. “Жаза сүйлөдү”, “ката сүйлөдү” деген эле түшүнүк. “Жазбай атат экен” дейт. “Караңгыда да анын үйүн жазбай табам” дейт. “Машинанын үнү жазбай угулду” дейт. “Жаза кетирбей кууп жетти” дейт. “Ал жаза кетирбей тиктеди” дейт. “Акылдан жаздыңбы?” дейт. “Жаза-буза кармап алдым” дейт. “Мен сага эмнемден жаздым?” дейт.

* * *

Төртүнчү мааниси - жазда. “Башыңа жаздык жазда” дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG