Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Белгисиз генийдин экинчи өмүрү


Иллюстрациялык сүрөт.

*Тилекке каршы Николай Рубцовдун айтканы айтканындай дал келген. Кыргыздар «пенденин оозунда болсо Кудайдын кулагында» дегендей,  акын чынында эле «крещенский мороз» маалында 19-январда дүйнөдөн кайткан.

Ал эми Николай Рубцовдун мына бул ырын которуп бүткөндөн кийин ыр мага толук аягына чыкпай калгандай сезилди да, “Белгисиз” деген атына “Гений” дегенди улап туруп, өзүмдүн ырымды жазып салдым. Ыр “Белгисиз генийге” айланды.

Белгисиз (ГЕНИЙ)

Чаалыккан, калган жарабай,

Там-ташсыз, ачка, оорукчан.

Кайсыл үй дебей, карабай,

Каалгасын какты жолуккан.

Ачылып, кайра жабылды.

-Ким экен?-деди үйдөн бир.

-Аралап жүргөн айылды,

-Селсаяк окшойт, жүргөн бир...

Кыш катуу, ызгаар чапкылайт,

Караңгы, шамсыз, көчө суук.

Улам бир үйдү каккылайт:

-Ууру окшойт, түрү өтө суук...

Барат ал тоңуп, түнөрүп,

Бет алды тозоң, будуң-чаң.

Үнү да бүттү түгөнүп,

Үмүт да өчтү: “жылынсам”.

Өзөндөн өттү, жолдогу,

Кар улам күчөйт эленген.

“Айыл” деп ичтен ойлоду,

Мүрзөлөр экен селейген.

“Селт” этти, анан ыргалды,

Тизелеп барып бүкүйдү.

Сезди да саамга жыргалды,

Сенейди, жаны үзүлдү.

Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн Николай Рубцовдун беш куплеттен турган ырынын оригиналын да келтире кетели.

Неизвестный

Он шел против снега во мраке,

Бездомный, голодный, больной.

Он после стучался в бараки

В какой-то деревно лесной.

Его не пустили. Тупая

Какая-то бабка в упор

Сказала, к нему подступая:

--Бродяга. Наверное, вор...

Он шел. Но угрюмо и грозно

Белели снега впереди!

Он вышел на берег морозной,

Безжизненной, страшной реки!

Он вздрогнул, очнулся и снова

Забылся, качнулся вперед...

Он умер без крика, без слова,

Он знал, что в дороге умрет.

Он умер, снегами отпетый...

А люди вели разговор

Все тот же, узнавши об этом:

--Бродяга. Наверное, вор.

* Рубцовдун “Белгисиз” деген ыры мына ушул куплет менен аяктайт. Мен ырдын атын “Белгисиз гений” деп атап, андан ары карай улап чыктым. Буга а-бу деп, кине коюш, же автордун “макулдугусуз” өз билгенин кылган ээнбаш катары мени күнөөлөштүн өзү туура эмес болорун маданият тарыхынан кабары бар адамдар жакшы билишет. Анткени мындай мисалдар искусствонун көпчүлүк түрүндө боло келген нерсе. Гомер менен Шекспирди албаганда да, кечээки эле В. Распутиндин “Живи и помни” деген повестин окугандан кийин өзүнүн “Бетме-бетин” андан мурда жазган Ч. Айтматов өкүнүү менен бармагын тиштегенин, мыкты акын дагы, мыкты прозаик дагы Нуралы Капаров кыргыздын дагы бир мыкты прозаиги Казат Акматовдун “Шахида” аттуу повестинин сюжетинде окуган адамды бура бастырбай макул кыла турган өзүнүн күчтүү повестин жазып жатканын, Пушкиндин башка элдердин жомокторун, орустуку кылып кайрадан иштеп чыкканын көргөндө далайлардын ичи ачышканын, далай улуу композиторлор элдик обондор менен күүлөрдү өздөрүнүн чыгармаларына өзөк кылып, гениалдуу симфонияларды жазгандарын, композитор Түгөлбай Казаковдун даанышман Кара Молдонун атактуу “Насыйкатын” иштеп чыгып, эл сүйгөн ырга айлантканын... санай берсек, мындай фактылар өтө эле көп экендигин эстей кетели дедик. Эми менин улаган ырым...

Май уурдап, сатып жүргөндөр,

Маркумду тоңгон көрүштү.

-Ким экен?-дешти билгендер,

-Ууру экен,- дешти өлүктү.

Май уурдап, сатып жүргөндөр,

Мансапка жетти, байышты.

“Маладес!” дешти билгендер,

Мактоодон дөөлөт табышты.

Жылдардын кай бир жылында,

Күндөрдүн кай бир күнүндө.

Атагы кеткен кылымга,

Укмуш иш болду түнүндө.

Бут батпай турду зал толо,

Буйругу менен Теңирдин,

Концертин дүйнө алкоодо,

Баягы “ууру” генийдин.

Билген жок бул эл чоң сырды,

Генийдин изин жууду кар.

Ложада өңчөй олтурду,

Өлкөсүн жеген уурулар.

Күндөр да күүсүн ташыды,

Жылдар да жылды басышты.

Уурулар дагы акыры

Мүрзөгө барып жатышты.

Уурулар бирок кайткан жок,

Курттардын калды жеминде.

Жараткан гана айткан жок,

Эки өмүр барын генийде.

Нан

Сыр менен печеньесин,

Бадамын жана башкасын

Баштыкка шыкап бүт тыгып,

А бирок нанды албады.

--Жол алыс, анын үстүнө,

Же нанды белем жей элек,

Не кылам аны жүк кылып!—

Дегенде кемпир жемелеп,

Баласын тилдеп, урушту:

--Баарынан улук нан деген,

Нанды албай койгон дуруспу!

Нан деген ырас, өтө көп,

А бирок балам, биле жүр,

Апанын наны жүк болбойт,

Жолдо өзүн өзү көтөрөт…

Тун сүйүүм тууралуу баян

Мен да кызмат кылгам аскер флотто,

Баары эсимде: шамал - алай-дүлөйгө,

Айланганда деңиз - өрткө, суу- отко,

Каршы тургам далай укмуш үйөргө.

Деңиз, деңиз, сага жаным чырмалды,

Саа жаккан кыз, мага дагы жакты эле.

Кайгысы жок, азабы көп жыргалды,

Сенде кызмат өтөп жүрүп тапты элем.

«Кана, сенин кетпейм, деген убадаң?»--

Ой, Кудай, ай! Жанын таштап денеме!

Жашын төгүп, көөдөнүмө кулаган,

Толкун келип кулагандай кемеге.

Кара чачын кайра учуруп, жел ыргап,

Кайгысы анын калды жетпей кемеге.

«Өмүр бою сизди күтөм…» деп ыйлап,

«Өмүр бою сизди сүйөм...» деди эле.

Деңиздерде сүйүү көктөй албайбы,

Кара жерде гүл көктөгөн сыяктуу.

Басты бир күн, өксөгөн ый, зар-кайгы,

Ал унутту ошол таттуу убакты.

Анан бир күн кат беришти колума,

Эки ооз сөздөн турган мындай кеп экен:

«Баарын унут, каскак болбо жолума,

Сүйүү деген келди-кетти неме экен».

Антсе дагы анын муңдуу элесин

Көп эстеймин өткүнүндөй бейиштин.

Көөдөнүмө кулар кезде денесин,

Алып кетип баратканын деңиздин.

* * *

«Крещенский мороз» маалда өлөмүн,

Мен өлөмүн жарылганда кайыктар.

Кирдеген жаз шалтактатып көл өңүн,

Кыян-селге батпаганда арыктар.

Унутулган, маанайы пас табытым,

Калкып чыгып, жармы суудан көрүнөт.

Карап турам үрөй учкан агышын,

Чарт деп сынып, туш тарапка бөлүнөт.

Өзүм дагы ишенбеймин тереңде,

Өлгөндөн соң жаның тынчыйт дегенге.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG