Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 18:59

Пушкиндин «Көрүстөндөгү ой толгоосу»


Александр Пушкиндин портрети. Автору Орест Кипренский. 1827. Третьяков галереясы.

Улуу орус акыны Александр Пушкиндин «Көрүстөндөгү ой толгоо» аттуу ырын кыргыз акыны Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда сунуш кылабыз.

Эмнегедир токтоо тартып, жоошуп кагат жүрөгүм,

Калаабыздын көрүстөнүн мен аралап жүрөмүн.

Мыктылардын баары мында көмүлөрүн билишет,

Маркумдардын баары келип ушул жерде чиришет.

Тээ мурунку өлгөндөрдүн калдыктарын казышат,

Кийинкилер ошол сөөктөр жаткан жерге жатышат.

Көпчүлүгү жүрүм-турум, иши менен таанымал,

Көргөн дагы, көрбөгөн да адамдардын баары бар.

Жатат мында өнөрпоздор, урмат-сыйга канышкан,

Жатат байлар, байлыктарын апкеталбай калышкан.

Эл-жерим деп, ишенимин бузбай таза кармаган,

Адамдар бар эч убакта жамандыкка барбаган.

Айкөлү да, ач карышкыр, түлкү менен арыстан,

Ак-карасын көмө берип, аралашып калышкан.

Сүрөтүндө баары сонун, баары улуу, билбейсиң,

Сүргөн күнүн окуган соң, ушунчалык кирдейсиң.

Өкүмөттүк киши жатат момун, сыпаа, болтойгон,

Өмүр бою көзүн сатып, кошоматка кой сойгон.

Калп каткырып, казынаны каалагандай талаган,

Падышанын аяк-башын күндө беш маал жалаган.

Жатат ууру, ажыдаарлар, пара жегич жаяндар,

Некрологдо ниети таза, кардан аппак адамдар.

Айкелдери граниттен, баалуу таштан, асылдан,

Аза сөздөр же кара сөз, же ыр менен жазылган.

Жазуулары жалтылдаган металлдарга чегилген,

Жер үстү эмес, жалаң гана көрүстөндүк «генийлер».

Кокус көрдөн туруп келсе жазууларын көрүшмөк,

Окуп алып, алар кайра экинчи ирет өлүшмөк.

Көңүл чөгүп… Үч ат чеккен арабаны алдыма

Тарттым дагы, кеч күз эле, жөнөп кеттим айлыма.

Калаадагы көрүстөндөн түшүп чыгып кейишке,

Кайрылдым мен жол боюнда карапайым бейитке.

Жатат мында жайдыр-кыштыр жан тынбаган ойрондор,

Жашап өткөн жаап-жашырбай, болгондорун болгондой.

Булар менен эч кимиңдин болгон эмес ишиңер,

Жатат мында чын Кудайды алдабаган кишилер.

Жалган даңктын далбас уруп тизмесине катталбай,

Жашап өткөн жазмыш дартын жаратканга даттанбай.

Келген кезде ата-эненин үмүт жолун кеңиткен,

Кеткен кезде бул дүйнөнү бир адамга кемиткен.

Эсилдердин сөөгүн козгоп жайы кайра казылбайт,

Эстелик деп бейиттери оор таш менен басылбайт.

Маркумдардын тынч уйкусун шыбактардан туюшат,

Айылдыктар өтүп бара жатып бата кылып турушат.

Өлүм-өмүр бардыгына бирдейлигин тең ойлоп,

Эртели-кеч ушул жерде турат экен жел ойноп.

Көрдүм анан мүрзөлөрдү каптап жаткан ак карды,

Жаз келгенде куштар сайрап, шуулдай турган бактарды…

Которгон Шайлообек Дүйшеев,

Таш-Дөбө айылы, 11-февраль, 2020-жыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG