Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:39

Николай Рубцов орус поэзиясынын чынар дарагынын бир бутагы, нукура “айылдык акын” болгон.

Орустун мыкты акындарынын бири Николай Рубцов Сергей Есенин өлгөндөн он жылдан соң жарык дүйнөгө келип, отуз жылдан кийин биринчи жолу колуна алып барактап чыккан. Ал бир ырында: “Русь, сактай көр, өзүң өзүңдү!” деп жазган.

* * *

Сталин өлгөндөн эки жылдан кийин ага чейин окууга да, басууга да тыюу салынган Сергей Есениндин китептери кайрадан жарык көрө баштаган. Ошондон тартып флотто кызмат кылган Николай Рубцовдун колунан орустун улуу акынын китеби түшкөн эмес. Башына жаздап алып окуган. Ошентип 1956-жылы басылып чыккан Есениндин, андан кийинки Буниндин китептери ага чейин “маяковизацияланып” калган акын-жазуучулардын, Есенинди, Бунинди жактаган акын-жазуучулардын жалган жаманатты кылган доорунун “күнү бүткөндүгүнүн”, адабияттагы “Берлин дубалынын” кыйрап түшүүсүнүн башталышы болгон.

* * *

Есениндин поэзиясынын аркасы менен Рубцов биринчи жолу поэзия дүйнөсү деген таптакыр бөлөк дүйнө экендигин ачкан. Есениндин айланасындагы, “москвалык” акын-жазуучулар жийиркенип келген “айылдык акындардын” баарынын тамыры экинчи көктөгүс болуп, канатынын баары экинчи учалгыс болуп кыркылып салынган. “Акыркы айыл акыны” болгон Есенин менен кошо “жок кылынган” нукура орус акындары Александр Галин, Николай Клюев, Сергей Клычев, Иван Приблудный, Павел Васильев, Василий Наседкин, Петр Орешкиндин ырлары канча замандан кийин кайрадан жарык көрө баштаган...

* * *

Ошол түбүнөн кыйылып салынган орус поэзиясынын чынар дарагынын бир бутагы болгон “айылдык акын” Николай Рубцов Кудайдын барманы менен чырмоокторго жана акпай калган чөөтөрдөгү балыр чөптөргө чалынбастан “аман” калган. Акыры орус поэзиясы кайрдан өз өңүнө чыгып, ар кандай ыпластыктардан арылып, анык таза поэзия катары жашоосун уланткан.

* * *

Көпкө дейре дымып жатып, сынчымын жана адабиятчымын деген илимпоз сөрөйлөр “жумшак, тынч лириканын” акындарына, айыл турмушун кемелине келтире жазган прозаиктерге Феттин, Тютчевдин, Буниндин салтын улаган орустун чыныгы акын-жазуучуларына кайрадан тиш салып, кайрадан чабуулга өттү. Бул тенденция бутактап олтуруп 1960-жылдардан кийин эми аларды “окоптук поэзия”, “айыл прозасы” деген терминдер менен атап, шылдыңдаганга өтүшкөн. Алар Есенин башында турган мындай акындар өздөрү жаткан “окоптон” аркы турмушту көрүшпөйт, “өз айылдарынан башка жакты билишпейт деп сынтагышкан. Атактуу кара сөз чебери Виктор Астафьев буларга берген жообунда “Анда Гомерди да ошол “айылдык акындардын” катарына кошуп салгыла” деп айткан.

* * *

Эл көп чогулган жерде “үнү бийик чыккан”, кийин “эстрадный поэзия” деген терминге ээ болгон “өмүрү кыска” ырларга табити тартпаган Николай Рубцов “есенинчилердин, фетчилер менен тютчевдиктердин” жолун уланта берген. Акындын алган багытынын тууралыгын, туу туткан позициясынын бекемдигин кийин ага адабияттан сабак берген,- адабиятчымын дегендердин арасында айныгыс кадыр-баркка ээ Вадим Кожинов да айтып чыгып, Рубцовго дем берген.

Акын бир ырында:

Сен барда мен да тереңмин,

Уч-кыйрсыз, чексиз кененмин.

Булбулуң, токой, сууларың,

Бул жерде сөөгү энемдин... деп жазган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG