Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

АКШда акын Сергей Есениндин уулу көз жумду


Александр Есенин-Вольпин.
Александр Есенин-Вольпин.

Атактуу орус акыны Сергей Есениндин уулу, Совет доорундагы укук коргоо кыймылдарынын активдүү лидерлеринин бири саналган акын, философ жана математик Александр Есенин-Вольпин 92 жашында АКШда көз жумду. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирди.

Эки акын – Сергей Есенин менен Надежда Вольпиндин уулу Александр 1924-жылы Ленинградда төрөлгөн. Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Ал Совет бийлигине каршы ырларды жазганы үчүн 1949-жылы психиатриялык ооруканага зордоп жаткырылган. 1950-52-жылдары камалып да чыккан. 1959-жылы анын алгачкы ырлар жыйнагы “Жазгы жалбырак” деген аталышта АКШда басылган.

1965-жылы бийликти адам укуктарын сактоого чакырып, Москвада демонстрация да уюштурган. 1972-жылы АКШга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG