Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:51

Кыргызбай менен Кыргызгүлдүн баяны


Бишкек.

Кыргыз үй-бүлөсүнүн түмөн түйшүгү тууралуу акын Шайлообек Дүйшеевдин чыгармасы. Ыр 1989-жылы жарык көргөн.

Калаанын Кызыл-Аскер

Жагындагы чекесинде.

Орустун жалдап кирме

Күпкөдөй бир кепесинде

Кыргызбай деген жигит,

Кыргызгүл деген келин турак кылат.

Кыргызбай бүгүн мына кыркка чыгып,

Кожойке кемпирине энекелеп:

- Маша эне, бүгүн бир аз,

Казанга аш кылууга,

Катуураак сүйлөп бир аз каткырууга,

Айылдан агам-жеңем келишти эле,

Бир түнгө батириме баткырууга,

Уруксат болобу? -

Деп сурап турат.

Кыргызбай деген жигит,

Кыргызгүл деген келин,

Бул шаарды турак кылат.

Кыргызбайдын бүтүк көз

Терезесин үлүңдөтүп,

Онунчу чырак турат.

Кыргызбай кыркка чыгып,

Кыз-уулу «атакелеп»,

Куттуктап жетине албай

«Маша эне уруксат берсе экен» деп,

Чыдап турат.

... Жыйырма жыл мурун мунун,

Жан күйөр жакташы жок,

Жалаң иш,

Андан башка максаты жок,

Жанында жарты тыйын акчасы жок,

Кыргызбай кирип келген кыргыз шаарга,

Кылт этме,

Куудуң-шуудуң

Маскасы жок.

Жыйырма жыл мурун мунуң

Кырчындай жигит эле,

Кыялы кыздар тийсе

Шыңгырап күмүш эле,

Кыйналбай иштеп алса

Кыргызбай кыргызына

Не деген үмүт эле?

Заводдор сынык-сунук тетиктерин

Кыргызбай менен жамап,

Заводдор

Майда-чүйдө тешиктерин,

Кыргызбай менен кадап,

Айына элүү сомдон үчтү ыргытып,

«Чыйт» түкүрүп,

Кыргызбайдын өмүрүн турган санап

Күндөн бери «жылт» деп жыл, ай,

Жыйырма жыл өткөн экен.

Кыргызбай там алганча

Кыргыздын борборунан

Кыйла жыл өткөн экен...

«Алтын баш» адис эмес,

Маскөөдөн колдоо көргөн,

Афгандык жоокер эмес

Жоодон келген.

Кыргызбай кыргыз эле карапайым

Кыргыздын борборуна

Тоодон келген.

Кызыл-Аскер тараптагы

Күпкөдөй бир кепеде

Чырактын чөгөт нуру,

Кыргызбай кыркка чыгып бүгүн бир аз

Төгөт бугун...

Кыргызбай ырысы жок,

Кыйкырып кылычы жок,

Кыркка чыктың,

Кызымтал болуп алып,

Кээ күнү тышка чыктың.

Кыргызбай кимге ишендиң,

Кылжыйып иштей берип кыркка чыктың?

Кырк жашка чыккычакты

Кысылып ачыла албай,

Кыйналган турмушуңду

Кыйшайган калпагыңа жашыра албай,

Кыштактан атаң келсе,

Кыштактан апаң келсе

Кыйылып батириңе батыра албай,

Кырк жашка чыккычакты

Кыргызча үйгө мейман чакыра албай

Балаңдын тыңшап турдуң басыгын бек,

«Кожоюн урушпасын,

Акырын,

Айланайын акырын» деп.

Кыргызбай, турак-жайың

Кырк жашка чыккычакты

Кылайган алкак болду,

Кысылган бурчта жашап,

Кыз-уулуң жалтак болду.

Кыргызбай тааныштарың:

- Ишиң барбы? - деп сурашпай,

- Кишиң барбы? - деп сурашат.

Мээңи көзөп мезгил учат:

«Киши, киши, киши...» деген,

ГорИСПОЛКОМ,

БТИ... деген.

Кыргызбай гезитти ачса,

«Жакында чоң кызматта бир жубанга

Төрт бөлмө там бериптир ити менен»

Деген жазуу...

Шаарды араласаң

Капкара дөбөттөрүн сүлкүлдөтүп,

Капталын бүлкүлдөтүп,

Катар-катар кабат тамдан

Сүлүктөй балдар түшөт,

Сүмбөдөй кыздар түшөт

Сүлкүлдөшүп,

Алар шаарга ити менен узап чыгып,

Газонго алып барып ушаттырып,

Гүлбактын саясында бөпөлөшүп,

Гүлзардын арасында жетелешип,

Итин алар,

Үшүсө кийинтишип,

Ысыса ваннасына

Күндө бир маал киринтишип,

Баладан артык көрүп

Бапестеп үч бөлмөнүн

Биринде алып жатса,

Дасторкондун четин керип,

Колбаса, этин берип,

Кааласа бетин берип,

Жалбарып багып жатса,

Кыргызбай, Кыргызгүлдөр

Жай кылар жай табалбай,

Таянар тал табалбай,

Көк түтүн көөдөнүнөн агып жатса,

Ар жыл сайын

Батир издеп,

Көрүнгөн Машалардын

Көпкөлөң дөбөттөрүн ырылдатып,

Көрүнгөн Сашалардын

Эшигин чырылдатып,

Кагып жатса,

Кыргызбайдын мончо тургай,

Таранар тарагы жок,

Колбаса, эти тургай табагы жок,

Наристесин тойгузар тамагы жок,

Иштээрге иш табалбай,

Беш чиедей баласын жеңден сүйрөп,

Көчөдө калып жатса,

Кыргызгүл Кыргызбайга жар болбосо,

Кыргызгүл гүлдөгөндөй

Төрүндө жай болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайлар

Бай болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайлар

Кыргызга тукум улап түтүн булаар,

Астында иш,

А үстүндө там болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайда барк болбосо,

Кыргызгүлдү жеңе кылар

Жеринде шарт болбосо,

Кыргызгүлүн кыргызга эне кылар

Элинде нарк болбосо,

Кыргызгүл, Кыргызбайдын

Тагдырын ойлой турган калк болбосо,

Кыр-кырда мал деп жүрүп,

Кыргызгүл, Кыргызбайда тиш калбаса,

Кыйналган турмушунан

Кыргызга из калбаса,

Кыргызгүл, Кыргызбайды

«Келегой» деп

Ишке албаса,

Кантип анан

Кыргызбайлар

Жеринен бакыт таппай,

Жем издеп Ата Журттан

Жер кезип жөнөбөсүн!

Кантип анан

Кыргызгүлдөр

Элинен бакыт таппай

Эси жок эркектерден

Эри жок төрөбөсүн!

Кантип анан

Кыргызбай, Кыргызгүлдөр

Жай тапкан жакты көздөй

Ашыкпасын!

Кантип анан

Кыргызбайлар

Көр оокат азабы үчүн

Көрүнгөн жакты көздөй качышпасын!

Кантип анан,

Кыргызгүлдөр

Апаппак денелерин

Акчага сатышпасын!

Эй кыргыздын

Кызматы чоң,

Үйү чоң,

Айлыгы чоң,

Басып койгон байлыгы чоң уландары,

Улуу Кытай чебине окшоп,

Дуулдаган дубалдары,

Кыргызбайды кыжынтып акмак кылбай,

Кыргызбайды калааңа каттаттырбай,

Каттаттырсаң каалгасын канторуңдун

Милийсаңа тостуруп аттаттырбай,

Кыргызбайдын жүрөгү сыздаганын,

Угуп турдуң чалкалап сен калааңда,

Улуп турду ит болуп эл талааңда,

Кыйла жылдар жыргабай жата берип,

Кыргызбайлар айланды наркоманга,

Кыргызгүлдөр айланды жел таманга.

Эй кыргыздын

Үйү чоң,

Айлыгы чоң,

Басып койгон байлыгы чоң уландары,

Улуу Кытай чебине окшоп

Дуулдаган дубалдары,

Кыйырыңа кычырап завод толуп,

Кыргызбайдын кычырап жаны от болуп,

Кыргызбайга бу да жок, а жок болуп,

Кыргызбайың кыйналып там алганча

Канча идеяң жок болду мамонт болуп,

Канча балаң жок болду аборт болуп?!

1989-жыл.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG