Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 00:43

Бир токойго бербей турган дарак бар


Ак калпак күнүндө тартылган сүрөт. Бишкек

Бир окуяны айтып бергим келип турат. Муну мага жакында жакшы санаалашыбыз Сайраш айтты.

Кадимки эле маркум болуп кеткен таланттуу кыргыз акынынын бир тууган иниси, дин жолуна түшүп, сакал коюп, күндөрдүн биринде зыяратчылар менен Меккеге барып келгенин айтып берди дейт.

“Барган жеримде мен дагы ак топу, ак көйнөк, ак дамбал кийген кишилерди туурап, чылгый акка оронуп, сыйынчу адамдардын агымына кошулуп кетип бараттым. Жердин бети жалаң аппак кийинген кишилерге толуп чыгып, айланабыздын баары эле аппак болуп кылкылдап калды. Бир маалда эле тээ алды жагыбыздан башына ак калпак, ак жибек жиптен жеңил оюу түшүрүлгөн ак кемсел, бутуна келишкен ак булгары өтүк кийген, кыскасы кыргыздын накта улуттук кийимин кийинген кыргыз жигит чыгып келатты.

Ишенесизби, сизге жалган, мага чын, ошондо миң сандаган арабдар, зыяратка келген жер жайнаган мусулмандар эстери ооп эле ошол жигиттен көзүн албай карап калышты, карасам, тим эле бешенелери чачырап, биздин керемет кийимибизге таң калып, суктанып бүтө албай турушту. Мага күтүүсүз жерден Күн чыга калгандай сезилип, толкунданганыман көзүмө жаш алып, бүткөн боюм чымырап жатты. “Бул деген менин элимдин кийими болот!, - көрдүңѳрбү, кыргыздын кийимин!” деп кыйкыргым келип кетти. Кыйкыра албадым, бирок ичимден “атаңдын көрү ай, эмне үчүн мен деле ушунтип кийинип келбедим” деп өкүнүп жаттым", - деди дейт.

* * *

Аттигиң-ай, Сайраш, ошол Меккеге барып келген жигит, кыргыздын алп көкүрөк уулу, улуу акындарыбыздын бири Турар Кожомбердиевдин:

Максаттан кантип күчтү аянамын,

Майышып алдан тайып баратканда

Манастын алп денесин таянамын.

Кыйналып кетип бара жатканымда,

Кыргыздын намысына таянамын.

* * *

Текей тергем, согон үзгөм аскаңдан,

Мен сендикмин, түшкөн жокмун асмандан.

Кээде ушунча ыйык көрүп кетем да,

Уяламын таман менен баскандан.

* * *

Алсыз болсоң, азаптантып кыйнашат,

Күчтүү болсоң, аргасыздан сыйлашат.

* * *

Бир токойго бербей турган дарак бар,

Бир китепке бербей турган барак бар.

* * *

Кызыл гүлдүн жанында тезек жатат,

Аргымактын жанында эшек жатат.

* * *

Тулпар жалгыз качырлардын тобунда,

Шумкар жалгыз каргалардын тобунда.

* * *

Кереметти сезбептирмин башында,

Көрбөптүрмүн сайрап турса кашымда.

Сары-Булактын санат жеткис гүлдөрү,

Сиңген тура жада калса ташына!, - деген ыр саптарын окуду бекен?

* * *

Кум сапырган чөлдө куурдак болуп куйкаланып, тамчы сууга зар болгон арабдар Мекке менен Мединасынан биздин жерге келип, келген сайын тоо-ташыбызды аралап, “Мына, анык бейиш деген ушу!” деп тамшанып кеткендерин ошол акындын иниси көрдү болду бекен? Мен көргөнмүн.

Айтылуу Ала-Арча капчыгайынын кире беришинде, Бишкекте жашагандардын көбү барып суу алып кетип турган Күмүш-Булак деген булак бар. Элдин баары билет. Биз да ошол булактан кээ бир кездери барып идиштерибизди сууга толтуруп кетип турчубуз. Бир күнү демейдегидей эле ошол булакка бара калып, араб кийимчен бейтааныш эки кишини жана мага университеттен берки тааныш, бир факультетти куйрук улаш окуган адамды көрдүм. Арабдар аккан сууну тиктеп отуруптур.

- Сен быякта эмне кылып жүрөсүң?, - дедим таанышымдан.

- Көптөн бери арабдар менен иштешем, - деди ал.

- Тигилериң эмне эле суудан көзүн албай тиктеп олтурушат?, - деп сурадым.

- Ушинтип эле токтобой ага береби? Коромжу кылбай токтотуп, баш жагынан бурап койсо болбойбу?, - деп сурашканынан, түшүндүрүп бердим, - деди.

Биз идиштерибизге суу толтуруп жаттык. Арабдар булактын суусуна мына-мына таамп түшөргө аз калган капкара каректерин кадап алып орундарынан дагы эле жылбай отурушат.

- Биз эми кетели, тигилериң ушинтип эле отура беришеби? Качан кетесиңер?, - десем, “кой, биз да кетебиз, ишибиз бар эле” деп, арабдарга собол салды эле, алар да орундарынан турушту. Мен арабдарын бирине 5 литрлик идиштеги суудан бирди бердим. Анан таанышымды котормочу кылып алып бир ооз эле сөзүм бар:

- Силердин чүмкөнгөн кийимиңерди биздин айрым кыргыздар да кие башташты, бирдеме десең эле, “бул деген мусулмандардын кийими, мусулман баласы ушундай кийиниш керек деп турат, ушул туурабы?”,- деп сурадым.

Салабаттуу соодагер араб ошондо:

"Биздин элдин биябан чөлдө жашаган тарыхын дүйнө билет. Чөл деген чөл. Айрыкча алай-дүлөй шамал жүрүп, кум учурган маалда денеңдин ачык жерин бүтөгөнгө айла таппай каласың. Биздин эл мындай чүмкөнгөн кийимди мусулман динин алып жүргөнү үчүн эмес, көзгө, кулак-мурун менен оозго, иши кылып ачык жердин баарына шамал аркылуу ийне сайылгандан да жаман күч менен чачырып кирип кирчү кумдан сактаныш үчүн кийинген. Куюндаган кумдан сактануунун мындан башка жолун азырынча таба элекпиз. Бул кийимге исламдын да, мусулмандыктын да кенедей тиешеси жок", - деп жооп берген эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG