Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Үй-бүлөлүк зомбулук жана диндин позициясы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку күндөрү Кыргызстанда аялын кордогон, зомбулук көрсөткөн эркектер тууралуу маалыматтар кайра көбөйдү.

Бишкектеги кафеде күйөөсү токмоктогон аялдын, Ала-Букада өкүмзордуктан тажаган келиндин өз жанын кыйганы сыяктуу окуялар медиа каражаттарында зомбулук көрүнүшү катары жарыяланды. Калкынын басымдуу бөлүгү диний ишеним менен жашаган элде эмнеге мындай учурлар кездешүүдө? Дин аалымдарынын көбү аялды барктоого чакырат, бирок ал насааттар коомго эмне үчүн сиңбей жатат?

«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев коомдогу аялдардын көйгөйлөрүнө байланышкан маселелерди диний өңүттө карап талкууга алышты.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана диндин позициясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:05 0:00
Түз линк

Канатбек Мурзахалилов: - Диний ишенимден алганда үй-бүлөдө аял баркталууга тийиш. Бирок акыркы кездерде үй-бүлө зомбулугу тууралуу тараган маалыматтарды карап отурсак, аялдар курмандыкка чалынып жаткандай. Эркектердеги өкүмзорлук табиятка диндин таасири кандай деп ойлойсуз? Бул динди түшүнбөгөндүктүн белгиси десек болобу?

Марс Ибраев: - Чындыгында, үй-бүлө маселеси - ислам дининдеги эң сезимтал, өзгөчө маани берип каралган маселе. Бул Жараткандын буйругу, пайгамбарыбыздын сүннөт жолу. Бүгүнкү күндөгү өзгөчө эркектер тарабынан аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун негизги себептери - динибизди толук, жакшы түшүнбөгөндүк. Мындайча айтканда, ислам «аялды кордогула же аны сабагыла» деп буйрубайт. Динде бул маселе айтылган эмес. Тескерисинче, ислам аялзатын жек көрүү, аларга карата туура эмес мамиле кылган адамдардын жоруктары инсандык сапатка туура келбей тургандыгын белгилеген.

Пайгамбарыбыз бир хадисинде «аялдарыңарга жакшы мамиле кылгыла» деген. Мындайча айтканда, эркектердин арасындагы эң мыкты эркек, эң мыкты күйөө деп өзүнүн аялына жумшак, жакшы мамиле кылгандарды айткан. Дегеле адамзат, анын ичинен динчил кишилер өкүмзор болуп, өзүнүн жубайына зордук-зомбулук менен мамиле кылып, аялды тоготпой, басынтуусу таптакыр туура эмес. Тескерисинче, динди толук түшүнбөй, жакшы өздөштүрбөй, чала эле ар кандай кептерди тиги-бул жагын жагынан чымчып, диний маалыматтарды туура эмес чечмелеп алышынан улам ушундай терс көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн. Эркектердеги өкүмзорлуктун эн негизги себеби адамдын табиятына, таалим-тарбиянын аздыгына байланыштуу деп ойлойм. Диндин бул жерде эч кандай тиешеси жок.

Канатбек Мурзахалилов: - Эгер муну динди түшүнбөстүк деп эсептесек, анда дин ишмерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө бул маселеге көңүл бурбай жатабы? Кайсы жерде кемчилик кетип жатат?

Марс Ибраев: - Чындыгында, «диндин тиешеси жок» деп айтып жатканыбыз менен динди туура эмес талкуулап, аны түшүндүрүү маселесинде да кемчилик кетип жаткан болушу мүмкүн. Коомго диний аалымдарыбыз жогорку деңгээлде болбосо да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Байкасаңыздар биз үй-бүлө маселесине көп токтоло бербейт экенбиз. Диний чөйрөдө ата-эненин укуктары, балдардын укуктары деп көп айтылат. Бирок, эркектин милдети, анын укугу, аялдын укук-милдеттери, үй-бүлөдөгү укук, бактылуу үй-бүлө деген кандай болуш керек деген суроонун үстүнөн дагы көп иштешибиз керек. Маселе бир гана угуп, ошол сөзгө таасирленип, аны карманып, алып кетүү болгондо бүгүнкү күндө маалыматты дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна угузуп, жеткире турган бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол эле телефон, Интернет, социалдык тармактар. Анда адамдар маселени угуп коюп оңолуп кетмек. Бул жерде эркиндик, экономикалык, курчап турган чөйрө сыяктуу толтура факторлор бар. Ошол эле учурда менталитет деген түшүнүк да кандайдыр бир деңгээлде бул көйгөйгө өз таасирин тийгизип жатат.

Ар бир улут, анын ичинде кыргыздар да өзүнүн менталитетине ээ. Кээ бир инсандардын, үй-бүлөлөрдүн өзүнө гана тиешелүү менталитети бар экен. Мисалы, эркектердин үй-бүлөдөгү үстөмдүгүнө аялдардын «биз төмөн келбейбиз» деген көз карашы. Кайнене менен келиндин ортосундагы көйгөйлөр. Бул жерде бир гана эркектерди күнөөлүү деш туура эместир. Балким, аялзатынан да кандайдыр бир ката кетип жаткандай. Жөнөкөй эле өз укук-милдеттерибизди жакшы билбегенден улам ушундай терс көрүнүштөргө себепкер болуп жаткандайбыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Деги зомбулукка каршы дин ишмерлеринин ролу кандай болууга тийиш?

Марс Ибраев: - Диний билимди ар кандай теологиялык багытта алса да диний инсандарыбыздын коомдо абдан чоң орду бар. Мындайча айтканда, эл алдындагы орду кенен. Себеби, дин - адамдар менен иштешүү, Жаратканды таанып-билүү жана ал дүйнө таанымды башка инсандарга үйрөтүү.

Дин кызматкерлери, белгилүү диний аалымдар, расмий болбосо дагы дин билимин алган инсандардын негизги милдеттери инсандардын бул дүйнөдө да, наркы дүйнөдөгү бактылуулугу үчүн да сөзсүз иш-аракет жүргүзүшү зарыл. Бул нерсени биз күрөш деп айтабыз. Диний кызматкерлер, диндар инсандарыбыз өзүбүздүн улуттук, диний баалуулуктарды сактоого, аны жоготпоого кандайдыр бир деңгээлде салым кошсо, үй-бүлө эле эмес, коом да бири-бир менен араздашып, жаман нерселерге кетпейт эле деген ойдомун.

Канатбек Мурзахалилов: - Дин аалымдары аялды барктоого чакырган насааттарды айтып эле жүрүшөт. Бирок ал эмнеге коомго сиңбей жатат?

Марс Ибраев: - Чындыгында дин аалымдары, имамдар, молдолор аялзатын барктоого багытталган насааттарын айтып эле жүрүшөт. Бирок, мындай насааттардын натыйжалуулугу көрүнбөй жаткандыгынын себеби зордук-зомбулук кылып жаткан инсандардын баары эле аны угуп жатабы деген да суроо келет.

Тээ кичинекей кезинен баштап балдарыбызды үй-бүлөлүк баалуулуктарга үйрөтүшүбүз зарыл. Кыз балдарга «келечекте сен эне болосуң», уул балдарга «эртең сен ата болосуң» деп айтыш керек. «Ата болгондо атаңдай, чоң атаңдай болосуң» деп үлгү катарында көрсөтүп, өзүбүз да үлгү болуп берсек аларга мындан да чоң таасир болот беле? Куру сөз менен «айткан тил меники болду, ишенген жүрөк аныкы болду» дегендей, айткан тил айта бериши мүмкүн. Бирок, ишенген жүрөк катарында, алар менин сөзүмө ишендиби, менин айткандарымды кабыл алдыбы деген маселе келип чыгат.

Менин оюмча диний кызматкер катары бизге түшкөн милдетти калың журтка жеткире билүү, ал көйгөйдү көйгөй катары көрсөтө билүү, аны айта билүү дагы жакшы болсо керек. Бирок, дагы айтам - бул маселе келип эле динчил адамдардын бир катасы катарында көрүнүп калбашы керек. Балким, коомдун ушул абалга келгендиги бүгүнкү күндөгү коомдун кандайдыр бир деңгээлде кичинекей кезинен берилбей, жеткирилбей калган таалим-тарбиянын дагы мөмөсү болуп жүрбөсүн?

Канатбек Мурзахалилов: - Биз диний түшүнүктөр жайылган, ошол эле учурда мыйзамдар башкарган мамлекетте жашайбыз. Канткенде диний жана мыйзамдык жоопкерчиликти сезебиз?

Марс Ибраев: - Маселе ошол диний жана мыйзамдык жоопкерчиликтерди сезүү маданиятына качан жетебиз дегенде. Динибизде «ихсан» деген түшүнүк бар. Бул «сен Жаратканды көрүп тургандай ибадат кыл. Сен аны көрбөсөң да, ал сени көрүп турат» деген түшүнүк бар. Учурда мыйзамдарды деле, диний баалуулуктардын жоопкерчиликтерин деле сезишибиз абдан кыйын болгудай. Кандайдыр бир катуу аткаруучу, жазалоочу айрым ыкмаларга баруу менен гана диний жана мыйзамдык жоопкерчиликти сездирүү мүмкүнчүлүгүн четке какпайт элем. Бирок анда деле бул көрүнүш көпкө узабайт деп ойлойм. Ыктыярдуу түрдө үй-бүлө баалуулуктарын, аны куруу менен бекемдөөнү байма-бай айтып турушубуз керек.

Бүгүнкү күндө демографиялык проблемаларыбыз бар. Илгери 10 же 14 балалуу үй-бүлөлөр төрт же беш балалуу болгондорго: «Төрт эле балалуу болдунбу?» дегендей кеп кылган болсо, учурда: «Оо, төрт балалуу болдуңбу?» деп башкача көрүп калган заманда жашап жатабыз. Биздин түшүнүктөр кадимкидей өзгөрүп кетти. Биз «бир балалуу, эки балалуу болсок болот» деп өзүбүздү-өзүбүз чектеп жатабыз. Аны экономикалык маселеге байлап жатабыз. «Бага албай каламбы» деп моралдык жактан даяр эмес экенибизди моюнга алып, коркуу менен үй-бүлө деген баалуулукту мокотуп койгондойбуз. Ата-бабабыз кылымдар бою сактап келген ошол баалуулуктарды кайра кайтарып алуунун эң бир жакшы жолу - ыйман менен ишеним. Экинчиси - мыйзамдардын так, жакшы көзөмөлдөнүп аткарылышы деп ойлойм.

Канатбек Мурзахалилов: - Жылына зомбулукка каршы бир айлык сыяктуу ар кандай өнөктүктөр жүргүзүлүп келет. Диний чөйрөдө ушундай өнөктүк кылууга кандай карайсыз? Мисалы, жума намаздарда зомбулукка каршы чакырыктарды дайыма айтып турса болобу?

Марс Ибраев: - Албетте бир айлык, бир жылдык же бир жумалык деп койсок да диний кызматкерлер үй-бүлө, анын баалуулуктары, ата-энени сыйлоо жөнүндө насааттарды жума намазында деле, башка жерлерде деле айтып келе жатабыз. Үй-бүлө дегенде жалаң эле эркек менен аялдын ортосундагы мамиле эле эмес, балдар ата-энесин укпай калганы - бүгүнкү күндүн көйгөйлөрдүн бири. Учурда кайнене менен келиндин ортосундагы түшүнбөстүк чыгып жатат. Бул чындыгында өтө кейиштүү маселе. Анын аркасынан үй-бүлөлөр ажырашып жатышат. Эркек балдар аялынын артынан ээрчип, ата-энесин таштап кеткен учурлар да кездешип жатат. Өз наристелерин балдар үйүнө таштап кеткен ата-энелер бар. Булардын бүт баары үй-бүлөлүк трагедиялар. Ошондуктан, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту негизинен жалаң эле эркектерге байланыштырып, аялдар балдарын атасына каршы койгон учурлар да болуп калышы мүмкүн. Бул жагын да эске алып койсок жакшы болмок.

Негизинен үй-бүлөдөгү көйгөйлөр болбошу үчүн сиз айткандай жума намаздарында, атайын сабактар менен теле берүүлөрдү уюштурсак жакшы болмок. Кудайга шүгүр, абдан көп телеканалдарбыз иштеп жатат. Алар да атайын жумалык программаларды койсо. Илимдүү устаздарыбызды, аалымдарыбызды чакырып, кенен форматта, суроо-жооп түрүндө көрсөтүү, уктурууларды кыла турган болсо, менимче абдан жакшы бир натыйжага келсек керек эле.

XS
SM
MD
LG