Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

«Жаштардын диний билими аалымдарга көз каранды»


Мечиттеги кадыр түн. Архивдик сүрөт.
Мечиттеги кадыр түн. Архивдик сүрөт.

Диний көз караштар жаштардын тандоо мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир этет? «Биз жана дин» түрмөгүн ушул темага арнайбыз.

Элет жаштарынын келечек багыттарын тандоодо диний көз караштардын ролу жөнүндө сөз кылып, илим жолун тандаган улан-кыздарга айлана-чөйрөдөгү кишилердин пикири, стереотиптер канчалык таасир этерин талдап көрдүк.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен жаш активист Эржигит Таштанов талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - Эгемендик жылдары өлкөдө диндин таасири күчөп, коомдо социалдык жаатташуу, бөлүнүп-жарылуу, улуттук салттарды жериген тенденциялар күч алууда. Ушуну менен эле динге ишенген жаштардын катмары да пайда болду.

Диний көз караштар жаштар арасында күчөгөн учурда алардын тандоосу кайсы багытка бурулууда? Динге ыктаган системагабы же дүйнөбий коомгобу?

Эржигит Таштанов.
Эржигит Таштанов.

Эржигит Таштанов: - Совет доору аяктап, эгемендик алгандан кийин чынында дин эркиндиги күчөдү. Жаштар үчүн да кайсы гана дин болбосун эркин сыйынууга жол ачылды. Ошонун негизинде бөлүнүп- жарылуу сыяктуу көрүнүштөр келип чыкты. Социалисттик система орногон совет мезгилинде деле кыргыз элинде түрдүү диндерден куралган көп түрдүүлүк сакталып турган. Бирок ачык-айкындык жок болгон. Жаңы диний уюмдардын келиши менен кыргыз коомунда орногон салт-санаа менен үрп-адатка таасир тийгизүү аракети болду. Элибиздеги салт-санаанын көпчүлүгү карманган динине жараша ыкташып келди.

Мындан сырткары, дин аралашпаган же орто жолдон пайда болуп калган кээ бир үрп-адаттар да бар. Аны баарыбыз ачык эле билебиз. Социалдык жаатташуу, бѳлүнүп-жарылуу, улуттук салттарды жерүү сыяктуу көрүнүштөрдүн кээ бирлери диний катмар менен диний фактордун күчөшүнүн натыйжасында жок болушу мүмкүн. Жаштардын тандоосу динге ыктайбы же дүйнөбий коомго бурулабы - динчилдиктин даражасына, жеке тандоосуна байланыштуу болот.

«Жаштардын диний билими аалымдарга көз каранды»
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:49 0:00
Түз линк

Канатбек Мурзахалилов: - Элет жаштарынын келечек багыттарын тандоодо диний көз караштар роль ойнойбу?

Эржигит Таштанов: - Ооба, сөзсүз түрдө. Диний көз караш жалаң элет жаштарынын эмес, бүтүндөй жаштардын жашоого болгон тандоосуна, келечекке болгон багытын аныктоодо мааниси чоң. Жаштардын келечекке болгон тандоосу динди канчалык деңгээлде карманып жатканына, динчилдиктин чегине жараша болот. Бардык эле диндерде «арам», «адал» деген түшүнүк бар. Алсак, ислам дининде пайызга акча берүү же алуу арам деп эсептелет. Башкача айтканда, бул тыюу салынат дегенди билдирет. Мисалы, жогорку окуу жайына тапшырганда да туура багытты тандап, элине зыян келтирбеген, элине пайда алып келүүчү өнүктүрүү багытын тандообуз зарыл деп айтсам болот. Тандоо маселеси бир кесиптин ээси болууда, үй-бүлө курууда да атайын шарттардын негизинде ишке ашуусу абзел. Динден толук түшүнүгү бар жаштар өз келечек багытын тандап жатканда диний көз караш сөзсүз роль ойнойт.

Канатбек Мурзахалилов: - Туугандардын, айлана-чөйрөдөгү кишилердин диний көз караштары, жашоодогу стереотиптер жаштардын заманбап билим алышына канчалык таасир этет?

Эржигит Таштанов: - Ата-эне, туугандар, курчап турган коом ар бир инсандын өсүп-өнүгүшүнө толук таасирин тийгизет. Ал чөйрө диний же диний эмес болсо дагы. Андыктан ислам дининин алкагында заманбап илим-билим алуу - бул парз. Исламда «шарият жолуна эч зыяны жок болсо билим алыш керек, окуп, үйрөнүш керек» деп ачык эле айтылган. Заманбап дүйнөбий билим алуу үй-бүлөнүн динге болгон ишеним деңгээлине да байланыштуу болот. Илим, билим алуу ислам дининде парз. Кыргыз элине, дүйнө элине кызмат кылам десе, мейли ал космонавт болууну же микробиологияны изилдөөнү самасын, диндин эч кандай зыяны жок. Бирок диний көз караштар менен жашоодогу стереотиптер билим алууга сөзсүз таасирин тийгизет.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Турмушта өз ордун издеп жаткан, диний билим деңгээли жетишсиз, жумушсуз жаштар түрдүү радикалдык диний агымдардын азгырыгына кирип кеткен көрүнүштөр тыйыла элек. Бул тенденция көп учурда диний чөйрөдө чыңалууну күчөтүп, коомдо диний сабырсыздыкты, ишенбестикти жана коркунучту жаратып жатканы жашыруун эмес. Жаштар арасында динге байланышкан маселелерди оң жакка чечиш үчүн мамлекеттик органдар, жарандык коом, диний уюмдар кандай иштерди жасаш керек деп эсептейсиз?

Эржигит Таштанов: - Туура маселени айттыңыз. Калыптанып, жашоодо өз ордун издеп жаткан жаштар радикалдык уюмдардын курмандыгы болуп жатканы - эң көйгөйлүү маселелердин бири. Бул көрүнүштү жоюш үчүн эмне кылыш керек? Албетте, диний билимдин жетишсиздигин жоюп, түрдүү багыттагы илим алууну тереңдетүү зарыл.

Эгерде жаштар бир жактуу диний билим алчу болсо, анда радикал болуп калабыз. Ал эми дүйнөбий билимди бир тараптуу алсак, анда атеисттик көз карашка ээ болобуз. Кемеде эки калак бирдей шилтенгенде, алдыга карап сүзгөндөй же болбосо чымчыкта эки канат болсо, уча алгандай дүйнөбий да, диний да билим алыш керек.

Ошондо гана радикал көз карашты карманганга, бузуку коомдун пайда болушуна бөгөт коюлат. Маселени ушинтип чечсек болот. Мамлекеттик органдар, жарандык коом, диний уюмдар жаштардын эки тараптуу билимин тереңдетүүгө шарт түзүп бериши керек. Бул багытта көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Жер-жерлерде радикализмдин алдын алууга багытталган семинарлар, түшүндүрүү иштери жүрүп турууга тийиш. Ошондо система туура иштей баштайт. Жаштар арасында динге байланышкан маселелерди оң жакка чечиш үчүн жалпы эле билим деңгээлин тереңдетүүгө арналган эки жактуу окуулар менен диспуттар керек деп ойлойм.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргыз коомчулугунда жаштарга диндин баалуулуктары жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип, терс көрүнүштөгү диний риторика менен идеология таратылып жатат. Элет жериндеги жаштардын динге тартылуусун, динчилдиктин өнүгүшүн кандай багытта көрөсүз?

Эржигит Таштанов: - «Чала молдо дин бузат», «устаты начар болсо шакирти жаман болот» дегендей биз устатты же маалымат берген булакты тандабагандыктын натыйжасында берилген «боткону» жута беребиз. Анын даамын ачуу-таттуусун билбестен ала беребиз.

Андыктан биздин өзүбүздө да туура маалымат болушу керек. Маалымат туурабы же жокпу деп талдаш керек. Биринчи кезекте биздин жашоодо орун алган баалуулуктарга алынган диний маалымат же окуу туура келеби - ошону синтездеп гана жыйынтык чыгарууну үйрөнүшүбүз керек. Элет жериндеги жаштардын динге тартылышы, динчилдиктин деңгээли окуткан устаздарга жараша болот. Интернеттеги, китептердеги диний маалымат, диний сабактар жаштардын динчилдиги менен динге байлангандыгынын натыйжасы деп айтсак болот. Ал эми жаштардын динге тартылышы орто темп менен өнүгүп жатат десем жаңылбасам керек.

XS
SM
MD
LG