Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

«Эжем атеист, иним мусулман, мен – машаякчымын»


Кайырбек машаякчы.
Кайырбек машаякчы.

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет.

Ал Бишкектеги “Теңир жыйыны” аттуу диний уюмду жетектеп келе жатканына 20 жылдан ашты. Машаякчылык Кайырбектин жашоосуна кандай таасир эткенин бул эпизоддон угуп көрүңүз.

“Кудайдын астында күнөөнүн чоң-кичинеси болбойт” (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:51 0:00

Подкаст жана автор тууралуу:

Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст Элмурат Аширалиевдин “Киши” аттуу подкастынын 2-сезону болуп эсептелет. Бул подкаст Европа Биримдигинин колдоосу менен “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалган. Андагы айтылган ой- пикирлер Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт.

Баш мыйзам жарандардын дин тутуу жана ишеним эркиндигине кепилдик берет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы боюнча каттоодон өткөн диний объекттердин саны үч миңден ашат. Ал эми жалпылап келгенде алардын баары биригип, жыйырмадай ар кайсы диний багытка таандык.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда диний көп түрдүүлүк пайда болду. Өлкөдө ар кайсы динди тутунгандар болсун же эч кайсы динге ишенбеген жарандар болсун бири-бири менен таанышып, пикир алыша турган аянтча (өзгөчө кыргыз тилинде) жокко эсе.

Адистер коомдогу стереотиптердин калыптануусунун себептеринин бирине маалыматтын жетишсиздигин кошушат. Ушул сыяктуу себептерден улам көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиев ар түрдүү ишенимдеги кыргызстандыктар менен жолугуп, алар жөнүндө подкаст даярдаган.

“Биз бири-бирибиз жөнүндө канчалык көп маалымат алган сайын, бири-бирибизди ошончолук жакшы тааный баштайбыз. Натыйжада коомдо калыптанып калган терс көз караштар өзүнөн-өзү жоголот”, – деп эсептейт ал.

Азыркы күндө Элмурат Борбор Азиядагы мамлекет-дин мамилелерин изилдейт.

XS
SM
MD
LG