Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Илдетке каршы күрөштө дин ишмерлеринин ролу


Имам Сарахси атындагы Бишкек шаарындагы борбордук мечит. 12-июнь, 2020-жыл.
Имам Сарахси атындагы Бишкек шаарындагы борбордук мечит. 12-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстанда кайрадан күчөп баракан коронавируска каршы күрөшкө дин ишмерлери кандай салым кошо алат?

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун мүдүрү, теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимов талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстандын диний ишмерлери коронавируска каршы күрөшкө кандай салым кошо алат? Бул жерде мечиттерди кайрадан жабуу тууралуу маселени кыйыткан жокмун. Диний лидерлердин, молдо-имамдардын социалдык жоопкерчилиги тууралуу оюңузду билейин дегем.

Самаган Мырзаибраимов.
Самаган Мырзаибраимов.

Самаган Мырзаибраимов: - Өзүңүз белгилеп кеткендей молдо, имамдарыбыздын пандемия мезгилиндеги эки негизги иш багыты жөнүндө сөз кылсак болот.

Биринчиси - мечиттерде жана медреселерде коронавируска каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча талаптардын аткарылышы. Экинчиси - жалпы эле коомдогу динчил адамдардын социалдык милдеттенмелери. Мындайча айтканда, оорунун алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу багытында тикелей маалыматтар аркылуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Илдетке каршы күрөштө дин ишмерлеринин ролу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:14 0:00
Түз линк

Пандемия мезгилинде ыктыярчы катары диний ишмерлер канчалык активдүү катыша алышты? Менимче, алар Кыргызстандагы башка мекемелерге караганда же башка мекемелер сыяктуу бул ооруга каршы күрөштө жандуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылды деп айта алабыз. Себеби, мечиттердеги аралыктардын сакталышы жана башка алдын алуу каражаттарын колдонуу. Бул жагынан мечиттерде намаз окууга уруксат берилген мезгилден баштап жоопкерчиликтүү мамиле кылынды деп айта алабыз.

Имамдардын социалдык жоопкерчилигин карай турган болсок, пандемия башталгандан кийин түшүндүрүү иштерине өзгөчө басым жасалды. Дин кызматкерлеринин канчалык деңгээлде медициналык маалыматы бар болчу, алар калкка канчалык деңгээлде сапаттуу маалымат бере алды деген суроо өзүнчө каралышы керек.

Бул жерде эки маселе турат. Биринчиси - оорунун алдын алууда имамдардын потенциалын пайдаланып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Экинчиден, алгачкы этапта бул оорунун, вирустун бар экендигине коомчулукта күмөн жаралган. Ал кезде диний чөйрөдө да коронавируска карата ишенбестик пайда болгон. Албетте, ошол мезгилде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү диний кызматкерлердин милдети болуш керек эле.

Канатбек Мурзахалилов: - «Имамдар мечитке келгендер кишилерге жоопкерчилик тууралуу айтып келе жатат» деген маалыматтарды угуп жүрөбүз. Бирок бул үчүн имамдарда медициналык маалыматтар канчалык жетиштүү? Алар укканын эле айтабы же молдолорго адистер тарабынан атайын маалыматтар берилеби?

Самаган Мырзаибраимов: - Пандемия мезгилинде медициналык маалыматы канчалык денгээлде экендиги жөнүндө имамдарга кандай жоопкерчилик алыш керектиги боюнча кээ бир түшүңдүрүү иштери болду. Мен өзүм ал иш-чараларга катыша алган жокмун. Ошондуктан ал жерде кандай сөздөр болгондугун айта албайм. Албетте, имамдарга медициналык маалымат берип, андан кийин тереңдетилген түшүндүрүү иштерин жүргүзүү олуттуу маселе.

Бул жерде имамдар медицина кызматкерлери менен бирге иштеши керек. Жалпы коомчулук билиши керек болгон маалыматтарды семинарлар аркылуу молдолорго үйрөтүп, чогуу иштесе жакшы болмок.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

Канатбек Мурзахалилов: - Азыр дааватчылык кандай болуп жатат? Коронавирус кризиси маалында дааватка чектөөлөр барбы? Ушундай күтүлбөгөн кырдаалда дааватка байланышкан маселелер кандай өңүттө ишке ашырылышы керек?

Самаган Мырзаибраимов: - Пандемия мезгилинде дааватка чыгуу муфтиятта талкууланган. Коронавирус кризисинин алгачкы этаптарында мынчалык жоготууларга, оор абалга дуушар болушубузду мүмкүн көпчүлүгүбүз түшүнө алган жокпуз. Дааватка чыгуу маселеси ошол оор мезгилдерде талкууланды.

Азыркы кезде массалык түрдө дааватка чыккан эч кандай учурду байкаган жокмун. Угушум боюнча пандемияга байланыштуу дааватка чыгууга тыюу салынган. Бул туура чечим. Себеби, бул да оорунун күчөшүнө алып келүүчү себептердин бири болушу мүмкүн. Акыркы учурларда муфтияттын түшүндүрүү иштеринин негизинде даават маселеси актуалдуу эмес деп ойлойм.

Канатбек Мурзахалилов: - Деги жалпысынан жоопкерчилик жөнүндө кеп салалы. Илдетке байланыштуубу же башка жагдайлардабы, диний ишмерлердин жалпы жоопкерчилик маселеси кандай болушу керек?

Самаган Мырзаибраимов: - Албетте, диний ишмерлердин жалпы жоопкерчилиги жөнүндө сөз болушу үчүн алардын билим деңгээли жана жоопкерчилик сезими жогору болууга тийиш. Алар бири-бири менен айкалышы зарыл.

Акыркы жылдары диний кызматкерлер Кыргызстандын коомдук, социалдык маселелеринде жакшы жагынан кызуу катыша башташты. Бирок бул жетишсиз. Эгерде дин кызматкерлеринин белгилүү бир маселеде терең маалыматы болуп, коомчулук менен иштеше турган болсо, анда алардын коомго таасир этүүчү күчү жогору. Мисалга Түркияны алсак болот. Түркияда дин кызматкерлери мамлекеттин коомчулук менен иштешүүдөгү эң күчтүү рычагдарынын бири болуп эсептелет. Бул жагынан албетте, коомдук уюмдар, мамлекеттик органдар, муфтият болсун атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

XS
SM
MD
LG