Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

«Атеист эмесмин, дин ордуна билимди тандайм»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону.

Кезектеги алтынчы жана акыркы чыгарылышта Элмурат эки кыргызстандыкты кепке тарткан. Алардын ишениминдеги окшоштук – алар экөө тең кандайдыр бир диний окууга бекем карманбаганында. Бирок алар атеист же агностик дагы эмес. Алардын ишеними тууралуу өздөрүнөн угуп көрүңүз.

Дин өзүнүн миссиясын аткарып бүттүбү? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:06 0:00

Подкаст жана автор тууралуу:

Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст Элмурат Аширалиевдин “Киши” аттуу подкастынын 2-сезону болуп эсептелет. Бул подкаст Европа Биримдигинин колдоосу менен “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалган. Андагы айтылган ой- пикирлер Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт.

Башмыйзам жарандардын дин тутуу жана ишеним эркиндигине кепилдик берет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы боюнча каттоодон өткөн диний объекттердин саны үч миңден ашат. Ал эми жалпылап келгенде алардын баары биригип, жыйырмадай ар кайсы диний багытка таандык.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда диний көп түрдүүлүк пайда болду. Өлкөдө ар кайсы динди тутунгандар болсун же эч кайсы динге ишенбеген жарандар болсун бири-бири менен таанышып, пикир алыша турган аянтча (өзгөчө кыргыз тилинде) жокко эсе.

Адистер коомдогу стереотиптердин калыптануусунун себептеринин бирине маалыматтын жетишсиздигин кошушат. Ушул сыяктуу себептерден улам көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиев ар түрдүү ишенимдеги кыргызстандыктар менен жолугуп, алар жөнүндө подкаст даярдаган.

“Биз бири-бирибиз жөнүндө канчалык көп маалымат алган сайын, бири-бирибизди ошончолук жакшы тааный баштайбыз. Натыйжада коомдо калыптанып калган терс көз караштар өзүнөн-өзү жоголот”, – деп эсептейт ал.

Азыркы күндө Элмурат Борбор Азиядагы мамлекет-дин мамилелерин изилдейт.

XS
SM
MD
LG