Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды


Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгону 22-октябрда расмий кабарланды.

Токтогазиевдин бул кызматка талапкерлигин парламент бир күн мурда көпчүлүк добуш менен колдогон.

30 жаштагы Тилек Токтогазиев мурда ишкерлик менен алектенген. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен барган. 7-октябрь күнү анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG