Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп дайындалды


Абдрахман Маматалиев.

Абдрахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгону 22-октябрда расмий кабарланды.

Мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевди Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына дайындаган. 19-октябрда Садыр Жапаров аны бошоткон.

Абдрахман Маматалиев буга чейин транспорт министринин орун басары, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-премьер-министр болгон.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG