Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Президенттик шайлоонун калыс өтөрү суроо жаратты


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учуру.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учуру.

Алдыдагы президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге мыйзам талап кылган бирдей, тең укуктуу шартты камсыз кылуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.

Айрым саясатчылар президенттин милдетин аткаруучу-премьер-министр Садыр Жапаровдун шайлоонун алдында кадрларды алмаштырып, аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жатканын өзүнүн үгүт иштери үчүн ыйгарым укуктарынан пайдалануу аракети катары баалап жатышат.

Садыр Жапаров буга чейин ыйгарым укуктарын тапшырып, анан президенттик жарышка чыгаарын жарыялаган болчу. Саясат талдоочулар мамлекеттик ресурсту пайдаланган талапкердин шайлоодон утуп чыгуу артыкчылыгы жогору болоорун, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт камсыздалышы кажет экенин эске салышты.

Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары ал президенттикке талапкер катары эмес, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр катары мыйзам чектеген мөөнөткө чейин ишмердигин жүргүзүүгө укуктуу экенин билдирип келет.

Үгүт жүргүзүүдө үстөмдүк болобу?

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кийинки күндөрү өлкөнүн аймактарына барып, жер-жерлерди байма-бай кыдырып, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштады. Ошол эле кезде ал мамлекеттик бийлик органдарынын жана мекеме-уюмдардын жетекчилери алмашпай турганын айткан убадасынан кайтып, бир катар жетекчилерди кызматтан алып, алардын ордуна башка кадрларды дайындады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Искак Масалиев анын бул кадамын тымызын үгүт жүргүзүп, башка талапкерлерге салыштырмалуу шайлоодо жогорку даярдыкты камсыз кылган үстөмдүк катары мүнөздөдү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Садыр Жапаровдун азыркы убакта «экономикалык мунапыс, ишкерлерден акча өндүрөм, коррупционерлерди камайм» деп айткандары - элдин кулагына атайын айтып жаткан сөздөрү. Бул - эмитен эле президенттик шайлоонун тымызын үгүт иштери башталды деген кеп. Анан кадрлардын баары жаңыланып жатат. Мурда бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген, тажрыйбасы жок адамдарды министрлик кызматтарга дайындап жатат. Демек, бул «өзүмдүн командамды кызматтарга коём, алар мага шайлоодо жардам берет» дегени билдирет. Шайлоого даярдык ачык эле башталганы көрүнүп турат. Бул - эч кандай мыйзамдык нукка түшүү эмес. Камчыбек Ташиев баш болуп, жаңыдан келген жигиттери «биз жеңдик, айта беришет, талкалайбыз, коркпо» деп Садыр Жапаровдун башын айландырып жатышат», - деди Исхак Масалиев.

Анткен менен президенттин милдетин аткаруучу-премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары учурда ал ыйгарым укуктарынын чегинде иштеп жатканын айтып, анын кызмат абалынан пайдалануу аркылуу шайлоого даярданып жатканы тууралуу дооматты четке кагышты.

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов үстөмдүк кылуу тууралуу пикирлерди куру доомат катары баалады:

«Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр кадрларды дайындап жатса, эл менен жолугушуп жүрсө, анда ал жогорку кызмат адамы катары өз ыйгарым укугунун чегинде гана иш жүргүзүп жатат. Анан ал «президенттик шайлоого барат элем» деп эле иштебестен, жөн эле отуруп алса болбойт да. Бөйрөктөн шыйрак чыгарып эле ар нерсе деп айта бергенге болбойт. Азыр бир күн эмес, бир саат да мамлекет үчүн маанилүү. Анткени өлкө азыр саясий-экономикалык кризисте турат. Мен Садыр Жапаров декабрдын башында ыйгарым укуктарын тапшырып берип, шайлоого жөнөкөй эле жаран катары бара турганына ишенем. Ал Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарын аткарып, башка талапкерлер менен бирдей шартта шайлоого бара турганын ачык жарыялаганынын өзү чоң нерсе»,- дейт Калматов.

Буга чейин Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоону артка жылдырып, андан мурун президенттик шайлоону дайындоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени колдогон. Муну айрым саясатчылар Садыр Жапаровдун атаандаш саясий күчтөргө карата таңууланган аракети катары баалашкан.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоого баруу шартын атап, андан аркы кадамдарын минтип жарыялаган:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Эгерде 10-январда президенттик шайлоодон утуп чыксак, анда алты айды күтүп отурбай март-апрель айларында эле парламенттик шайлоону өткөрөбүз. Ага чейин Баш мыйзамдын долбоору даяр. Аны конституциялык кеңешме аркылуу алып өтөбүзбү же парламент аркылуу өткөрөбүзбү, аны коомчулук менен кеңешебиз. Ал эми президенттик шайлоого мен президенттин милдетин аткаруучунун, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын тапшырып берип, жөнөкөй жаран катары гана барам. Мурдагы президенттерди билесиздер. Мурда эки ирет ыңкылап болгондо тең, ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткарган адамдар экөөндө тең кызматтарын тапшырып бербей туруп, президенттик шайлоого барышкан. Анан ошонун баарын унутуп калып, мага келгенде эле «жок, бул кызматын тапшырып берсин» деп кыйкырып чыгышты».

Конституциялык реформанын келечеги, админресурстун залакасы

Садыр Жапаровдун мамлекеттин башкаруу формасын жана шайлоо системасын өзгөртүү боюнча демилгеси парламентте колдоо тапкан.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бул демилгенин ишке ашышы ким президент болоорунан көз каранды экенин айтып чыккан:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Садыр Жапаров президент болуп шайланып калса - албетте, анда алар үстөмдүк кылышат. Бирок ага карабастан биз күрөшөбүз. Мен парламенттик башкаруу системасынын тарапкеримин. Бирок Садыр Жапаров эмес, башка талапкер шайлоодон утуп келсе, эмне болот? Биз ошол жагдайды да эске алышыбыз абзел. Ошондуктан бул маселе толук чечилди дегенге болбойт. Менин оюмча Садыр Жапаров президент болуп өтпөйт. Мен ошентип эсептейм. Алар болсо башкача эсептейт. Анан кандай болот - ал жагын эл чечет. Президент ким болорун да эл чечет», - деди Текебаев.

Саясатчы, депутат Сайдулла Нышанов бул шайлоодо административдик ресурстан баш тартуу болсо, чыныгы саясий атаандаштык камсыздалып, анын жыйынтыгын талашсыз таанууга негиз болорун айтты:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Бүгүн шайлоодон ким утуп чыгаарын айтуу кыйын болуп турат. Садыр Жапаровду элдин кайсы бир бөлүгү колдоп турат. Бирок анын бийликке келген алгачкы он күнүнө караганда, кийинки он күнүндө анын рейтинги бир топ түшө баштады. Себеби эмнеде? Себеби - кадр саясаты, кадрдык жүрүштөр. Бирок элдин талабы - мамлекеттик рычагдарды колдонбой турган адамды шайлоодо колдоо бир топ жогору болот. Негизи, Садыр Жапаров кызматка келбей туруп, шайлоого барганда кынтыксыз эле утуп чыкмак. Негизи, бизде элге жөнөкөй жаран катары барып, шайлоодон утулганы утканын куттуктап турса, бул саясий туруктуулук үчүн да абдан жакшы өбөлгө түзө турган маданият болот эле. Анан да шайлоодо эч кандай административдик ресурсту колдонбой утуп чыккан талапкерге карата да сый-урмат күчтүү болот эле. Анда шайлоонун жыйынтыгын да эч ким талаша албайт», - деди Сайдулла Нышанов.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов жана Бектур Асанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого барарын жарыялашкан.

Ал эми Өмүрбек Бабанов, Мелис Мырзакматов, Канатбек Исаев жана Темир Сариев сыяктуу саясатчылар шайлоого катышарын так айта элек.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Буга экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кызматын мөөнөтүнөн мурун тапшырып бергени негиз болгон.

XS
SM
MD
LG