Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

«Автору жок» Баш мыйзамдын долбоору


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 19-ноябрда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын сын-пикирине жооп берди. Социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланган кайрылууда Жапаров «2010-жылдагы Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын көрсөттү» деп айтылат.

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга койгон. Анда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону айтылган. Бирок долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат азыркыга чейин белгисиз.

Буга чейин президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев иштелип чыккан долбоор үчүн 80 депутат жооптуу экенин билдирген.

Демилгечилердин бири деген депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында долбоорду колдогонун түшүндүргөн.

Ал арада Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыккан демилгечи топтон бир катар депутаттар чыгып кетти. Айрымдары койгон колун да чакыртып алганы маалым болду.

Ошентип, президенттик аппарат коомчулуктан сунуштар түшүп, алар парламентке жөнөтүлгөнүн айтканы менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча демилгени Жогорку Кеңештин 80 депутатына оодарып койду.

Күчтүү президенттик башкаруу формасын сунуш кылган бул долбоорду бир катар саясатчылар менен юристтер кайрадан артка - авторитаризмге карай жол катары сынга алышууда.

Мыйзам бузууга толгон демилге

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдын долбоорун сунуш кылуунун тартиби бузулуп, аны алдамчылык менен парламенттен алып өтүү аракети көрүлө баштаганын айтып чыкты:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Бул жерде Баш мыйзамдын талабына ылайык, 80 эмес, 120 депутат биригип да Конституциянын жаңы долбоорун даярдап, кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт. Мында депутаттар өзгөртүүлөрдү гана сунуш кылып, киргизе алышат. Ал эми силер Баш мыйзамдын жаңы долбоорун киргизип жатасыңар. Ага Конституциялык палатадан уруксат алыш керек. Бирок андай корутунду алган жоксуңар. Себеби, анда азыр кворум жок. Кворум болгуча 10-январга үлгүрбөй калабыз деген негизде, шашылыш түрдө Конституциялык палатанын корутундусу жок эле демилге көтөрүп, аны алдамчылык жол менен парламенттен алып өтүп кетүүгө болбойт. Силер минтип Жапаров менен Ташиевди алдашыңар мүмкүн. Бирок юристтерди, элди жана тарыхты алдай албайсыңар».

Демилгечи болуудан баш тарткан депутаттар

Ошол эле кезде Баш мыйзамдын жаңыдан иштелип чыккан долбооруна демилгечи болгону айтылган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары андан баш тартып, койгон колдорун чакыртып ала башташты.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова долбоорго демилгечи болгон депутаттардын катарынан чыккандардын бири:

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

«Мен Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун башында үстүртөн окуп, таанышып эле кол коюп бердим эле. Анткени убакыт аябай тар эле. Мен мамлекеттик каражатты үнөмдөш үчүн 80 депутат демилге көтөрсө, мыйзам долбоорун алып чыгып, референдумду президенттик шайлоо менен кошо өткөзүш керек экен деген жүйөдөн улам ага макул болгонмун. Бирок кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун окуп, таанышып чыксам, жалаң эле президенттик башкарууга ыктап, парламенттин укугу кыскарып кеткен экен. Ошондуктан мен буга макул эмес экенимди айтып, демилгечи топтун катарынан чыгуу тууралуу парламенттин төрагасынын атына кечээ арыз жазып берип койгом. Мен азыр ага демилгечи эмесмин», - деди Махабат Мавлянова.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сунуш кылган депутаттардын катарынан КСДП фракциясынын мүчөсү Айнура Осмонова да чыгып кеткен. Парламент депутаты Эмил Токтошев башында Баш мыйзамды иштеп чыгууга макулдугун билдирип, кол койгонун айтып, бирок анын ысымы жаңы долбоорго демилгечи катары кирип калганын билдирген. Ошондуктан Эмил Токтошев койгон колун чакыртып алган.

Дагы бир депутат Аалы Карашев демилгечи топко кирбегенин, бирок өзүнүн ысымын интернет-сайттардан көргөнүн маалымдады:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Мен демилгечиси да, автору да эмесмин. Конституцияны жазууга аралашкан эмесмин. Тизмеде турам, бирок мен «конституциялык реформа керек, референдум аркылуу кабыл алынсын» дегенге кол койгом. Конституциянын жаңы долбоорун мен көргөн да, ага кол койгон да жокмун. Кийин гана жалпыга маалымдоо каражаттарынан Баш мыйзамдын жаңы долбооруна демилгечи экеним тууралуу өзүмдүн аты-жөнүмдү окуп калдым».

Президенттик аппарат эмнеге чочулайт?

Жогорку Кеңештин сайтына жарыялаган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевдин аты-жөнү түшүп калган. Ошондуктан долбоордун түпкү демилгечиси президенттик аппарат деген түкшүмөл пайда болду.

Бирок президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев иштелип чыккан долбоор үчүн жоопкерчиликти өзүнөн алып салып, демилгени парламенттин 80 депутатына жүктөп жатат:

«Бул жерге 80 депутат кол коюп, демилгечи катары чыккан. Эми аны «коомчулуктан жашыруун жазып, азыр талкуулап, кароого алып чыгыптыр» деген туура эмес. Президенттин аппаратына, парламенттин аппаратына ар кандай коомдук демилгечи топтордон 40-50 долбоор келип түшкөн. Жогорку Кеңештин депутаттары жана алар түзгөн жумушчу топтор ошолордун баарын карап чыксын деп жатабыз. Талкуулаган учурда коомчулуктан түшкөн ар кандай сунуштар эске алынып, алымча-кошумчалар да болот. Эл ошону талап кылууда. Анан аягында демилгечи топ долбоордун соңку вариантын даярдайт».

Автору жок, катасы көп Конституциянын долбоору
please wait

No media source currently available

0:00 1:08:51 0:00

Жаңы долбоор жоопкерчиликтин жүгүн көтөрө алабы?

Баш мыйзамдын жаңыдан иштелип чыккан долбоору бийликтин жоопкерчилигин жогорулатып, анын натыйжалуу иштешин камсыз кыла турган болсо, анда эмнеге аны иштеп чыккан авторлор ачыкка чыкпай жатканы туңгуюк бойдон турат.

Анткен менен Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров демилгечи катары кээ бир ченемдерди сунуш кылганын айтып, президенттик башкаруу ыкмасын эмнеге колдогонун мындайча түшүндүрдү:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Бийликтин жоопкерчилигин ким ала турганы боюнча маселени 10-15 жылдан бери көтөрүп келдик. Бирок мына, 2010-жылдан бери деле канча жолу коалиция куралды, канча жолу кайра урады? Канча өкмөт кетти? Бирок ошолордун арасынан бирөө чыгып, жоопкерчиликти алып, кетирилген мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурап койгон жок. Мына ушундай мезгилде бир адам жоопкерчиликти алып, өкмөттү курап, экономика, башкаруу жана коопсуздук маселелерин чечсе натыйжалуу болот эле деген ойдомун. Ошондуктан мен ушул долбоорго өз сунуштарымды да берип, аны колдодум».

Артка чакыртууга чакырык

18-ноябрда Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясы өткөөл мезгилде ыйгарым укугу чектелген Жогорку Кеңеш конституциялык реформа жүргүзө албай турганын парламенттик шайлоо мөөнөтүн жылдыруу маселеси боюнча чукул корутундусунда жарыялады.

«Парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, шайлоолор кийинкиге жылдырылган учурда парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүүлүгү жок», - деп айтылат Страсбургдан иш алып барган комиссиянын корутундуда.

Бир катар депутаттар референдум дайындоо тууралуу демилгеге каршы болбогон. Бирок алар жаңы долбоордун мазмуну менен тааныш эмес болуп чыгышты. Ал эми өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 19-ноябрда кайрылуу жасап, буга чейинки Баш мыйзамдар бир ууч топтун кызыкчылыгына карата жазылып келгенин, бул жолу бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган кайрылуусунда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сындагандарга минтип жооп кайтарды:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган. Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемен мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган. Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым» деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле Жапаров жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүүнү түшүндүрбөй турганын, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө элди катыштырууга шарт түзүү аракети экенин билдирген.

Жапаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого жигердүү катышууга чакырып, сунуштар эске алынарын айткан. Учурда бут тосуу көп болуп жатканына токтолгон:

«Мындан 20 эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор «кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат» деп кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга да каршы болуп, «мыйзам бузуу болуп жатат» деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат».

Ошол эле кезде Садыр Жапаров Баш мыйзамдын фундаменталдык укуктарды четке кагып, бийликти кармап туруу жана тең салмактуулук принциптери бузулган учурлары тууралуу комментарий берген эмес. Буга чейин ал Баш мыйзамдын жаңы долбоорун конституциялык кеңешме иштеп чыгарын билдиргени белгилүү.

Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

Ал тапта президенттик жарышта Садыр Жапаровдун штабын жетектеп жатканы айтылган экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов демилгечилерди бул долбоорду артка чакыртып алууга үндөдү. Шыкмаматов "Азаттыкка" маселе чукулунан эмес, шашпай, терең каралышы керек деген ою менен бөлүштү:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Конституциялык реформаны жасабаса болбойт. Бул тарыхый талап, мезгил талабы. Бирок конституциялык реформаны эл аралык стандарттар менен, Конституциялык палатанын корутундусун алып туруп, мыйзамдарга ылайыкташтырып, шашпай, 6-7 айда жасасак болмок. Бул чийгилеп туруп кабыл ала турган документ эмес. Көп жеринде бири-бирине каршы келген, демократияга, сөз эркиндигине сокку ура турган, кадр саясатын Элдик курултайга берип койсо башаламандыкка алып келе турган механизмдер бар экен. Айтор бул долбоорду Жогорку Кеңеш тез арада чакыртып алыш керек. Азыр баарыбыз ынтымакта президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз зарыл», - деди Шыкмаматов.

Учурдагы Баш мыйзамдын 114-беренесине ылайык, парламенттин үчтөн экисинин же 80ден кем эмес депутаттын демилгеси менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн. Негизи Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун конституциялык кеңешме иштеп чыгып, анан референдумга коюлуп келген. Бул жолу 80 депутат Баш мыйзамдын жаңы долбооруна демилгечи катары жарыяланып отурат.

Конституциянын жаңы долбооруна токтолсок, анда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Долбоорго ылайык президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктап, беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн да өзү аныктайт. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

Мындай өзгөрүүлөр коомдук-саясий чөйрөдө бийликти узурпациялоо, бир колго топтоо аракети, өлкөнүн келечегине доо кетирүү катары бааланып жаткан кези.

Коомчулукта долбоордун чукулунан эле парламент аркылуу сунушталышына референдумду президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү аракети себеп болушу мүмкүн деген пикирлер да айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG