Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:47

Кыргыздар көсөм лидерге жарыбадык...


Бишкек. 6-октябрь, 2020-жыл.

Тарыхтын жолун же бир генийлер, же бир жиндилер гана өзгөртө алышат (4-бѳлүк)

Сингапурдун биринчи премьер-министри, даңазалуу Ли Куан Ю өз өлкөсүн белчеден коррупцияга баткан жеринен, саздан сууруп чыккан жетекчи. Акын Шайлообек Дүйшеев Кыргызстандан да жакыр жашаган Сингапурду 30 жыл ичинде дүркүрөп өнүккөн мамлекетке айланткан Ли Куан Юнун айткандарын кыргызчага которду.

ЛИ КУАН ЮНУН ӨМҮРҮНҮН АЯГЫНДА БЕРГЕН МАЕГИНЕН

Суроо:- Эгер сиз өмүрүңүздүн аяктап бараткан жерин дин менен сооротпосоңуз анда эмне менен сооротосуз?

Ли Куан Ю :- Мени бардык кайгы менен мүшкүлгө, оору менен санаага чекит кое турган өлүм жөнүндөгү ой сооротчу болду. Жакында ушундай болорунан үмүт кылып турган чагым. Гезиттеги некрологдорду окусам, менден көп жашаган адамдар аябай эле аз экен. Мага акыркы күндөрү: “ал кандай жашады экен? Кантип көз жумду экен? Өлүп баратканда акыл-эсинде болду бекен же эч нерсе сезбей кете берди бекен? Дароо эле кете берди бекен же биртопко тил-оозсуз жатып калды бекен?” деген ойлор келе берчү болду. Сексен тогуздагы адамга ушундай ой келет экен. Мен өлгүсү келбеген, бир нече айдан бери же андан да көптөн бери, мурду-башы аппаратка кемээчтелип, комада же жарым комада жаткандарга: “бир аз убакыт үчүн жасалма дем алдырып, атайылап эле тигил дүйнөгө кое бербей кармап турган медициналык жардамдан баш тарткыла, өзүңөрдүн табигый өлүмүңөр менен өлгүлө” деп осуят айтар элем.

Суроо: - Сизге небереңиз келип: “Жакшы жашап өтүү деген эмне?” деп сураса эмне дээр элеңиз?

Ли Куан Ю: - Менин неберелеримдин баары 20дан ашып кетти. Алар менден антип сурашпайт. Алар жакшы жашоо кандай экенин менден жакшы билишет. Азыр алар жашаган дүйнө да, мамилелешкен кишилери да башка, ой-тилек, максаттары да башка, алардын жашоо, турмуш жөнүндөгү ойлогонун менин муунумдагылардын ойлогону менен салыштыруу такыр мүмкүн эмес.

Суроо:- Сиз азыркы жаштарга улуулардын айтканы баары бир таасир этпейт дегиңиз келеби?

Ли Куан Ю:- Таасир этиш үчүн жаңы туулгандан тартып 16 жашка чейин айтып-деп туруш керек. Андан кийин айтканың пайдасыз, 17ден кийин алар өз акылы менен жашай баштайт, аларга сен эмес же ата-энеси эмес, өз турмушундагы окуялар менен жанындагы тели-теңтуштары гана таасир этип калат.

Суроо:- Сиз айтып калдыңыз, өлгөндөн кийин тигил дүйнөдө аялым менен жолукпайм деп. Чын эле ушинтип ойлойсузбу? Адам деген кээде айрым нерселерге ишениши керек эмеспи?

Ли Куан Ю:- Жо-жок, андайларга мен ишенбейм. Андай нерселер менин логикама туура келбейт. Мейли, адамдар өлгөн жок дейли, анда алар кайда барып түшөт?

Суроо: - Балким, биз билбеген метафизикалык мейкиндикке барып түшөөр.

Ли Куан Ю:- Арбак болупбу? Жок, мен андайга такыр ишенбейм.

Суроо:- Аялыңыз тууралуу бат-бат ойлой бересизби?

Ли Куан Ю:- Бизде анын күлү салынган көмүркөй бар, балдарыма айттым, өлгөндөн кийин менин сөөгүмдүн күлү салынган көмүркөйдү апаңардын күлүнүн жанына коюп койгула деп.

Суроо:- Баары бир сиз, аны менен жолугушууга ниет кылат экенсиз да?

Ли Куан Ю:- Такыр андай эмес. Менин аялым эбак өлгөн. Андан болгону—бир ууч күл гана калды. Мен өлгөндөн кийин да бир ууч күл калат. Азыр мен үчүн эми анын күлү менен менин күлүм жанаша турат дегенди ойлоо ушунчалык жагымдуу.

Суроо:- Сиз премьер-министр болуп жүргөндөгүдөн бүгүнкү жашооңуздун айырмасы барбы?

Ли Куан Ю:- Албетте бар. Азыр менин ийинимде андагыдай оор жүк жок.

Суроо: - Сиз ошол даражалуу кезиңизди сагынасызбы?

Ли Куан Ю: -Жок. Эмне үчүн сагынышым керек. Мен жасарымды жасап бүткөн кишимин.

Суроо:-Ошентсе да мурдагыдай Ак Үйдүн жыйындарына катышып дегендей... Жаш министрлерге акыл-кеңеш айтып дегендей?

Ли Куан Ю:- Жок, мага андайлардан алыс жүрө турган мезгил келди. Мен 89дамын. Бүгүнкү Сингапур менин элесимде калган Сингапурдан, менин мээмде калган Сингапурдан алда канча башка Сингапур. Мурда эл жашаган кварталдарды бат-бат аралап турар элем. Мен элди да, үй комитеттеринин башчыларын да жакшы билчүмүн, алар менен сүйлөшүп турчумун. Эми менде андай байланыш жок. Мен мамлекеттин, өкмөттүн отчетун окуп турам, азыр менин убагымдагы кез эмес, башка кез. Ошондуктан өлкөнү башкарып жаткан жаңы муундун лидерлеринин ишине кийлигишкенди каалабайм.

Суроо:- Демек, бул жашоодо сиз бүтпөй кеттим деген иштер калган эмес экен да?

Ли Кун Ю:- Мен эмнени кааласам, ошонун баарын жасадым. Анан өз милдетимди премьер-министр Го Чок Тонгуга өткөрдүм. Ага жардам бердим. Ал Ли Сяньпуга өткөрдү. Эми өлкөнү жаңы, жаш муун башкарып жатат.

Суроо: - Ден соолугуңуз кандай?

Ли Куан Ю:- Бир аз мурда ооруканага жатып чыктым. Жүрөк-кан тамырга байланыштуу бирдемелер бар экен деп врачтар айтышты.

Суроо:- Сиз азыр өзүңүздүн акыл-эсиңизге жана физикалык абалыңызга канааттанасызбы?

Ли Куан Ю:- Жок, канааттанбайм, ал-күчүм баштагыдай болбой баратат, анткен менен айрым досторума караганда акыл-эсим баягыдай эле. Тагдырдын ушунусуна да ыраазымын. Менин оюмча акыл-эстин картайбашы адамдын тегинен болсо керек. Ал эми бүткөн бойдун каруу-күчүн токтотуп кала албайт экенсиң.

Суроо:- Балким, акыл-эсиңиздин жакшы сакталганы, сиздин өмүр бою акыл эмгеги менен мээнет кылган ишмердигиңизге байланыштуу болуп жүрбөсүн? Сиз дүйнөдө, айланаңызда бүгүн эмнелер болуп жатканына кызыгып турасызбы?

Ли Куан Ю: - Албетте. Мен кытай тилиндеги жаңы сөздөр менен сүйлөмдөрдү окуганды улантып жатам, мунум акыл-эс үчүн аябай эле жакшы машыгуу болууда.

Суроо:- Улгайганда тамакка табит мурдагыдай тартпай калгандыр?

Ли Куан Ю:- Мен эми оозу-мурдуман чыкканча тамактанбайм дечи. Курсак кампайганын сезээр замат токтойм. Көбүнчө жашылчаларды жейм.

Суроо:- Сексен жылдык мааракеңизге байланыштуу "The Straits" Times гезитине берген маегиңизде адам карый баштаганда “дүйнөнүн терезеси” тарый баштайт, анан ал акырындап кичирейе берет да бир күнү такыр эле жабылып калат” деген элеңиз. Сиз ошол терезе жабылып калбаш үчүн аракет кыласызбы?

Ли Куан Ю: - Ооба, антпесем азыр мен сиз менен аңгемелешкендин ордуна үйүмдө жалгыз отурат элем да.

Суроо:- Кайсыл гезиттерди же Интернет сайттарды калтырбай окуйсуз?

Ли Куан Ю:- Гезиттерден "Straits Times" менен "Lianhe Zaobao" дегендерди окуйм, мурда "Berita Harianды" окучу элем, аны окубай калдым. Малай тилин жакшы билчүмүн, кийин бул тилдин кереги жок болуп калды, анткени малайлыктардын көбү Сингапурда англис тилинде сүйлөшөт. Интернеттен Сингапурга жана өзүбүздүн түштүк-чыгыш аймагына жана Кытай, Жапония, Корея, Индия, Европа жана Америкага байланыштуу жаңылыктарды калтырбай карайм. Кээде Жакынкы Чыгыштагы жаңылыктарды да окуйм. Ал эми Латын Америкасына байланыштуу маалыматтарды дээрлик окубайм, себеби ал бизден алда канча алыс турат жана биз үчүн эч кандай мааниси да жок.

Суроо:- Кайсыл Интернет-сайтты көп окуйсуз?

Ли Куан Ю:- Көп окуганым эле Google. Аны мен өзүмө ушундай кылып ылайыктап алгам, ал мага дүйнөнүн кайсыл гана аймагынан болбосун каалаган жаңылыгымды дароо таап берет.

Суроо:- Акыркы кездери кайсыл фильмдерди көрдүңүз?

Ли Куан Ю:- Мен фильм көрбөйм.

Суроо:- Китептерден кайсыны окуйсуз?

Ли Куан Ю:- Улуу адамдардын өмүр баяндарын окуганды жакшы көрөм. Мен көркөм адабий китептерди жакшы көрбөйм, анда жазылгандар чыныгы турмуш эмес, ойдон чыгарылып жазылган турмуш. Ал эми чыныгы турмуш андагыдан алда канча кызык, алда канча жөнөкөй, алда канча көркөм жана терең.

Суроо: - Өмүр бою мамлекеттик кызматта болдүңүз. Жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуз?

Ли Куан Ю: - Эгер мен бактылуу турмушта жашагым келсе, адвокат же бизнесмен болуп кетмекмин, анда азыркыдан алда канча бай жашамакмын. Бирок менин ой-максатым башка эле. Өлкөмдүн жакыр жашоосу, элдин кыйын турмушу мени чындап кыйначу. Канткенде жакыр өлкөмдү өзгөртөм, кантип элдин жашоосун жакшыртам деп ойлой берчүмүн. Бүгүн эми ошол тилегиме жеткениме аябай канааттанам. Карасам, элдин турмушу аябай оңолгон, кайгысы жок, жакшы тамактанып, жакшы кийинип, үйлүү-жайлуу болушкан. Каалагандай билим алышат, балдарын каалган окуусуна окутушат. Медицина жагы, тейлөө жагы мыкты. Өлкөнү башкарган адам ийгиликке жетем десе өзүн, үй-бүлөсүн, тууган-туушкандарын эмес, эң биринчи элди ойлошу керек. “Элдин байыганы менин байыганым, элдин турмушунун оңолгону менин оңолгонум, адегенде элде болсун” дегенде гана мамлекет оңолот. Муну мен 90 жаштагы киши айтып жатам.

Суроо:- Бүгүн сизди көбүрөөк эмнелер тынчсыздандырат? Уйку бербей жаткан кандай проблемалар бар?

Ли Куан Ю:- Эң биринчи эле мени Сингапурдун демографиялык абалы тынчсыздандырат. Төрөөнүн коэффицентинин төмөндүгүнө байланыштуу биз үчүн мигранттарды тартуудан бөлөк арга жок. Сингапурлуктардын жашоо образын өзгөртүүгө болбой калды. Билимдүү аялдар барган сайын өз турмушун үй-бүлө менен балага байлагылары келбей баратат. Алар андан көрө дүйнө кыдырып, жашоонун ыракатын көбүрөөк көрүүнү самашат. Ошон үчүн аялдар бала төрөбөй калган куракка жеткенден кийин гана турмушка чыкчу болушту.

Суроо: -Кандай кылса деген ойдосуз?

Ли Куан Ю:- Мен Сингапурдун туруктуу өнүгүп жаткан багытынан тайбастан биздин аймактагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып турган артыкчылыктарын сактап каларына бекем ишенем.

Суроо:- Акыркы суроом болсун. Катардагы саясатчы менен мамлекеттик ишмердин кандай айырмасы бар деп ойлойсуз?

Ли Куан Ю:- Бул суроого так жоопту мамлекетти башкаруунун генийи Уинстон Черчиллден мыкты эч ким айта элек болсо керек. Черчилль: “Катардагы саясатчы эртеңки келаткан шайлоодо элди калп убадага кантип тойгузуп, кантип добуш алар экем деп ойлосо, мамлекеттик ишмер деген эртеңки келеткан муундун тагдыры кандай болор экен, мамлекет кандай болор экен?” деп ойлойт” деген эмеспи.

Котормонун авторунан:

Биз—кыргыздар, кандай кылабыз?

Эгер эртең Кыргызстан бирдеме болсо, бүгүн жаткан “жайынан” туруп келе турган кишибиз барбы?

Ли Куан Ю сыяктуу мамлекетти, элди ойлогон, бир кездеги Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев ѳңдүү азаматтар чыгар бекен?

Чыкса, качан чыгат деп ойлойсуз?

Кыргызстан таптакыр таланып-тонолуп бүткөндөбү?

Караңызчы, жадагалса ичүүчү сууну да башка өлкөлөрдөн ташып ичкен, эч кандай табигый байлыгы жок Сингапурду гүлдөгөн өлкөгө айланткан мамлекет башчысын?

Биздин бейиштей жерибизде эмнелер гана жок? Ак мөңгү тоолордон агып түшкөн сууларыбызчы? Булагыбызчы? Тоо-токойлорубуз менен жер үстүндөгү жер-жемиштерибиз, жер астындагы кендерибизчи?

50-жылдары Сингапурдун калкынын 40 проценти жазганды мындай кой, такыр сабатсыз, жадагалса окуганды билчү эмес экен.

А бизчи? Бизде бүгүн сабатсыз кишини табуу кыйын го?

Ли Куан Ю айтып атпайбы, Сингапурдун экономикасын билимдүү жаштар менен кесибин мыкты билген, ыймандуу, таза, эл-жер деп күйүп-бышкан, негизинен Батыштан окуп келген кадрларга таянып туруп көтөргөм деп...

Бизде билимдүү жаштар жокпу?

Кесибин мыкты билген кадрлар жокпу?

Ыймандуу, таза, эл-жер деп күйгөн улан-кыздар жокпу?

Ли Куан Ю Сингапурду 31 жылдын ичинде коррупциясы жок, чоң тургай, майда кылмышы жок, бардык жагынан өнүккөн өлкөгө айлантыптыр. Биздин өз алдыбызча мамлекет болгонубузга быйыл 30 жыл болду.

Эмне өзгөрдү?

Үч жолку төңкѳрүштѳн бөлөк эмнеге жеттик?

Эң жөнөкөй бир мисал. Майрам сайын Кыргызстандын буту менен басып мурду менен тынган бюджеттик мекеме-ишканалары, ар кандай акционердик коомдор, фирмалар бири-бири менен тымызын атаандашып, эң кымбат откырткаларга заказ берип сатып алышып президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, Жогорку Соттун судьясына, андан кийинки даражадагы чоңдорго куттуктоолорун жөнөтүшөт.

Бийлик башында турган чоңдор үчүн заказ менен жасалган открыткалардын баасы кээде 2-3 миң сомго чейин жетерин айтышат. Эми ушунун канчалык зарылдыгы бар эле? Ондогон, жүздөгөн мекемелерден келген андай открыткалардын баарын президент окумак беле? Окумак турсун карап коерун кудай билет? Бир күн өтөрү менен таштандыга ыргытылчу мындай “жасалма жагымпоздуктун” , “курулай куттуктоолордун” кимге кереги бар? Билинбеген менен казынанын канчалаган акчасы “жасалма открыткалар” аркылуу талаага чачылып жатат? Ушул сыяктуу мисалдар ондоп саналат го?

Америкада 20 доллардан ашкан белек алган чиновник жоопко тартылып, ошол замат кызматынан айдаларын биздин бийликтегилер билет болду бекен?

Ушул сыяктуу майда-барат сезилген, бирок далай акчанын башын “жалмап” келаткан керексиз нерселерибиз канча?

Бир нерсе болсо эле “каражат жок?” дегенди айтабыз.

Акчасыз жасала турган нерселер толтура. Мен бирин гана сунуш кылайын.

Күн сайын Бишкектин автовокзалдары менен аэропортунан өлкбүздүн жети облусуна, ички шаарларына транспорттор каттайт.

Мисалы, Каракол тарапка каттаган автобуска түшкөн жүргүнчүлөргө Ысык-Көлдүн аймагына киргенден тартып, Көлдүн географиясынан, тарыхынан кыскача маалымат берип, Балыкчыга келгенде шаар тууралуу, андан ары өтүп айыл аралаганда айылдар тууралуу, маселен “Бул айыл Тору-Айгыр деп аталат. Бул айылдан кыргыздардан жүрөккө биринчи операция жасаган улуу хирург, академик Иса Ахунбаев, улуу ырчы Болот Миңжылкыев, профессор, көрүнүктүү тилчи Токтосун Акматов, таланттуу ата-бала акындар Совет Урмамбетов, Кыргыз эл акыны Кыялбек Урмамбетов, анын уулу Дастан Урмамбетов, таланттуу драматург Жеңишгүл Өзүбекова, таланттуу актер, обончу, ырчы Асылбек Өзүбеков чыккан” деп маалымат берип жүрүп отурса жаман болбойт эле го?

Же Кара-Балта шаарына маршруткага түшкөндөргө Турар Кожомбердиевдин керемет ырларынан окуп, ырларына кандай обон жазылганын, кимдер жазганын айтып, ырларынан уктуруп жүрүп отурса, биринчиден бүгүнкү кым-куут турмуштан чарчагандар эс алса, экинчиден Кара-Балта тараптан кандай асыл адамдар чыкканын билбегендер билип албайт беле?

Муну жасаганга андай деле акча кете койбойт го дейм. Адегенде жакшылап ойлонуп, текстин жакшылап түзүп чыгып, флежкага жаздырып алып, угузуп кете берсе, канча адамдын жан дүйнөсүн агартып, канчалаган жаш муундарга жакшы маалымат, жакшы тарбия берет элек.

Мен шарттуу түрдө гана чыгармачыл адамдардын айрымдарын гана мисалга тарттым. Болбосо ар бир айылдан чыккан, дыйкан, фермер, ажы, илимпоз, спортсмен, тигүүчү, ашпозчу... Ар кыл кесиптин мыктылары көп эмеспи.

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG