Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Кытай лидерлери менен Ли Куан Юнун мамилеси


Ли Куан Юнун портретинин алдында турган адамдар. Сингапур.
Ли Куан Юнун портретинин алдында турган адамдар. Сингапур.

Тарыхтын жолун же бир генийлер, же бир жиндилер гана өзгөртө алат (2-бөлүк)

Сингапурдун биринчи премьер-министри, даңазалуу Ли Куан Ю өз өлкөсүн белчеден коррупцияга баткан жеринен, саздан сууруп чыккан жетекчи. Акын Шайлообек Дүйшеев Кыргызстандан да жакыр жашаган Сингапурду 30 жыл ичинде дүркүрөп өнүккөн мамлекетке айланткан Ли Куан Юнун айткандарын кыргызчага которду.​ Котормонун биринчи бөлүгүн бул жерден окуй аласыз.

ЛИ КУАН Ю: ЭГЕР ЭРТЕҢ СИНГАПУР БИРДЕМЕ БОЛСО,
МЕН ӨЛГӨН ЖЕРИМДЕН БҮГҮН ТУРУП КЕЛЕМ

* * *

Кытайдын өнүгүүсүнүн себеби анын туу тутуп карманып келаткан тарыхы менен маданиятынын тереңдигинде, тутунган салт-санаасынын бекемдигинде жатат. Өлкөнүн узак тарыхынын бардык доорунда мамлекеттик күчтүү борбор гана анын гүлдөп-өсүшүн шарттап турган. Күчсүз борбор башаламандык менен туруксуздукту алып келген. Кытайда коммунисттик түзүлүш деген аты болгон менен заты эски бөтөлкөнүн ичине жаңы куюлган винонун эски этикеткасына окшогон эле нерсе.

* * *

Кытайлыктарда мындай бир макал бар: “Тоолор бийик, император өтө алыс” деген. Кытайда ар бир аймактын начальниги—император. Кытай кылымдардан бери эле ушунтип жашап келген, мындан кийин да ушунтип жашай берет. Кытайды өзгөртүп жок кылам дегендер, өздөрү жок болуп кетиши мүмкүн. Ооба, бүгүн Кытайга да интернет, мобилдик байланыш, дүйнөлүк технолгогиялардын баары кирген. Бирок Кытай айрым бир элдер сыяктуу жаңы нерселерди көрөрү менен аны баса калып, элеп-желеп болуп делбирттеп кетпеген, адегенде анын пайда-зыянын тактап, таразалап көрүп, анан пайдасын алып, зыянын ыргытып таштаган, сабырдуулугун, сактыгын, сабаты менен салабатын өтө кылдат сактап кала алган эл. Мындай эл менен дагы бир Жер планетасын “жасаса” болот.

* * *

Айрым бир массалык маалымат каражаттары жазгандай Жакынкы Чыгыштагы “араб жазы” деген эч качан Кытайда болбойт. “Болуп кетиши мүмкүн” деп жазгандарды мен кытай деген эмне деген эл, эмне деген өлкө экенин билбегендердин айтканы деп эсептейм. Кытайдын Коопсуздук министрлигиндей кудуреттүү күч азырынча дүйнө жүзүндө түзүлө элек.

* * *

Мен Си Цзинпин менен Пекинге жасаган визитимде, 2007-жылдын ноябрында Элдик жыйындар сарайында жолуктум. Аны менен жолуктургула деп суранган да эмесмин. Мен башка киши менен жолуккум келген, бирок мага ошол адамды жөнөтүштү. Көрсө ал Ху Цзиньтаонун ордуна өлкө башчылыгына даярдалып жаткан адам экен.

Мени таң калтырганы Си Цзинпиндин көз карашынын кенендиги болду. Аналитикалык терең акылы бар киши экен. Ал иштин көзүн мыкты билип турса дагы аңгемелешкен адамына өзүнүн акылдуу, билимдүү, кыйын экенин көрсөтө бергиси келген жок. Сыйлап, урматтай тургандай жагымдуулугу барын байкадым. Менин ага болгон алгачкы таасирим ушундай болду.

* * *

Бул адам 1969-жылдагы кыйынчылыкты көп көргөн. Атасы Маонун “маданий революциясында” репрессия болуп кеткен. 16 жаштагы өспүрүмдү Кытайдын Шэньси деген эң эле артта калган элетине -- “эмгекке кайра тарбиялоочу” лагерге айдап жиберишкен. Ал башынан далай азап-тозокту өткөргөн. Бирок бир да жолу турмушка, бийликке нааразы болуп, жанын “тыткылап” кыжынган эмес. Мен бул адамды Нельсон Мандела менен бир катарга коер элем.

* * *

Си Цзинпин Кытайдын 1949-жылдан берки келаткан лидерлеринин бешинчи муунунун өкүлү. Бүгүн Кытай өкмөтүнүн жетекчи кызматтарынын көбүн англис тилинде эркин сүйлөгөн, Батыштан мыкты билим алып келген адамдар ээлеп турат. Булардын баарын чыныгы маанисинде коммунисттер деп айтуу мүмкүн эмес, төшүндөгү партбилеттери эле “коммунист” болбосо, булар коммунисттик сүрсөөлөт дымакка караганда өз өлкөсүнө өнүккөн, дүйнөлүк алдыңкы технологияларды алып кирип байыткысы келген прагматиктер.

* * *

Кытайдын мурдагы жана азыркы лидерлеринин ар бири жаңы Кытайды куруу үчүн өздөрүнүн өзгөчө салымын кошкондор.

МАО ЦЗЕ ДУН үчүн Кытай революциялардын доору болсо,

ДЕН СЯОПИН үчүн Кытай реформанын жана айкындыктын доору болгон.

ЦЗЯНЬ ЦЗЕМИН үчүн—өлкө биримдиги менен өнүгүүнүн доору болсо,

ХУ ЦЗИНЬТАО үчүн гармониялык коом түзүү, байлар менен кедейлердин айырмасын азайтуу доору болгон.

Ал эми СИ ЦЗИНПИН үчүнчү?

Мен 1976-жылкы биринчи визитимден тартып Кытайда көп болдум. Мао менен Сиге чейинки бардык жетекчилер менен жолугуштум. Мао деген очорулуп, ордунан туралбай калган Кытайды ордунан тургузган улуу адам. Ал партизандык согуштун мастери. Улутчулдарга каршы күрөштө жеңип чыгып, чачылып-басылып жаткан Кытайды ордунан тургузуп, бир улутка жыйнаган. Кытайды эркиндикке чыгарган да Мао, ошол эле убакта кайра Кытайды “маданий революция” менен талкалаган да Мао.

* * *

Дэн Сяопин бийликке келери менен Кытай бараткан багытын дароо башка жолго бурду. Ал Сингапурга 1978-жылы келип, төрт күн бою жүрдү. Бир жолку кечки сый тамакта сүйлөп жатып: “Сиздин шаарлар укмуш экен, бейишке айланыптыр” деди. Мен ыраазылыгымды билдирдим да: ”Биз канча мыкты иш жасабайлы, сиз мындан да жакшы жасай аласыз, анткени биз—Кытайдын түштүгүндөгү жерсиз дыйкандардын урпагы эмеспизби. Сизде окумуштуулар менен мыкты адистер жетиштүү. Сиз эмне жасасаңыз да колуңуздан келет” дедим. Ал кунт коюп укту, бирок унчуккан жок.

* *

Си Цзинпин деген Дэн Сяопиндин саясатын уланткан адам—ал баарын “көлөкөдө” жүрүп, “көрүнбөй” жүрүп жасаганды жакшы көрөт. Ал аябай акылман адам, эмне жасабасын, кандай жасабасын, бардыгын Кытай үчүн жасайт.

* * *

Кытай эртең кандай болот?

30 жылдан кийин дүйнөнүн бардык өлкөсүнө кожоюндук кылгысы келген улутчул маанайдагы гигантка туш келбейбизби? Болушу толук мүмкүн. Кытай канчалык өзүнүн күчүн сезе баштаган сайын аны менен улутчулдук сезим да кошо өсөрү чын. Бирок убакыт өткөн сайын ал толкун да басаңдайт, кептин баары улутчулдукта эмес экенин ойлоно баштайт.

* * *

20-30-40 жылдан кийин Кытай бүтүндөй дүйнөнүн экономикасына өзгөчө таасирин тийгизип калат.

* * *

Жапонияны жок кылыш үчүн Кытайдын үч эле бомбасы жетиштүү, ал эми ошол үч бомба менен Кытайды жок кылыш мүмкүн эмес.

* * *

Коррупция деген Кытай коммунисттик мамлекети түзүлгөн биринчи күндөн тартып эле ага мүнөздүү көрүнүш бойдон келатат, рыноктук реформа жүргөндөн баштап ал геометриялык прогресс менен өстү. Анткени министрлер менен чиновниктердин айлыгы ылдам байып бараткан элдин тапканына салыштырганда алда канча аз болуп калды. Кытайда бүгүн “гуаньси” леген нерсесиз же “тааныштыгы жок” бир нерсе чечүү деги эле мүмкүн эмес. Тааныштык деген керектүү адамдын кызмат даражасына жараша белек-бечкек берүү менен башталат. Ар бир адам бийликтеги таасирдүү деген киши менен “гуаньси” болууну кааласа, андан кийинки адам статусу өзүнөн жогору турган персон менен “гуаньси” болууну каалайт. Мисалы менин начальнигим мага жаман мамиле жасай берсе, мен ал маселени анын начальниги менен “гуаньси” боло калып эле чечип алсам болот. Бул деген чыр-чатакты чечүүнүн илгертен берки келаткан классикалык жолу. Кытайдын коммунисттик партиясы коррупция менен күрөштү бекеринен “өмүр менен өлүмдүн маселеси” деп атаган эмес.

* * *

Кытай коррупцияны жөнгө сала алабы? Партия бийликке, ичкен-жебеген, “таза колдорду” алып келүүсү керек. 2012-жылдын 11-ноябрында "Нью-Йорк Таймс" гезити Кытай Эл Республикасынын Элдик Кеңешинин премьер-министри, партиянын Борбордук Комитетинин бюро мүчөсү Вень Цзибаонун үй-бүлөсү 2, 7 млрд. доллар жеп алганын жазып чыкты. Менин оюмча бийлик баары бир жергиликтүү органдын арасындагы коррупцияны көзөмөлдөй албайт.

Ошондой эле ал жалпы системанын иштөөсүнө анча деле таасир эте албайт. Анын үстүнө чечүүчү орундарга дайындоолордун баарын жеке тааныштык аныктап, саясат ошого байланыштуу жүргүзүлгөндүктөн бул багытта оптималдуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн эмес.

* * *

Кытай өзүнүн уникалдуу жолу аркылуу өз институттары менен өз системасын гана өнүктүрүп отурат. Бирок ал кандай гана реформаларды жасабасын өзүнүн күч-кубаттуу болушу үчун гана жасайт жана Кытайда бир гана нерсе эч качан өзгөрүлбөйт, ал—күчтүү борбор.

* * *

Ошентип бүгүн дүйнөлүк экономиканын тең салмагы мурдагы Аталантика аймагынан Тынч океандын аймагын көздөй биротоло оой баштады. Бул аймак дүйнөнүн соода аянтына айланды. Өткөн кылымдын биринчи жарымында саясий жактан болсун, индустриалдык өнүгүү жактан болсун дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкө Германия болсо, дүйнөлүк согуштан жеңилгенден кийин дүйнөдөгү экономикалык үстөмдүккө Америка ээ болду.

* * *

Эми мындан кийинки 30 жылдык үстөмдүктү Кытай ээлейт. Кытайдын кел-кели келди. Ушундан улам мага мындай суроо беришет, “отуз жылдан кийин Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк Банкты Кытай башкарып калабы?” деп. Ооба, ошентип калышы да мүмкүн. Мына бул системанын алкагында Кытай ансыз деле туруктуу өнүгүп баратат. Ошондуктан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк Банкты француз башкарабы же америкалык башкарабы, Кытайга баары бир. Бирок ага дейре эле Кытай көптөгөн Батыш өлкөлөрү үчүн эң башкы кредиторго айланары турган иш.

ДЭН СЯОПИН

“Мамлекеттик улуу ишмер деп кимди эсептээр элеңиз?” деген суроого мен Дэн Сяопин дээр элем. Албетте Черчилль да улуу болгон. Черчиллсиз Батыш Европа Экинчи дүйнөлүк согушту жеңе алмак эмес.

* * *

Дэн дүйнөдөгү бою эң кичинекей, бирок эң чоң саясий лидер.

* * *

Ал тамекини өлгүдөй көп тартчу, бирок эмфиземадан жабыр тартканын көргөн жокмун. Анан дагы бир кызыгы, ал эч качан, алтургай өзүнөн бир метр алыс турган түкүргүчкө да жазбай түкүрөр эле.

* * *

Ал Сингапурга биринчи жолу Вьетнам Камбоджа менен Лаоско кол салган учурда келди. Анан мени Вьетнамга каршы биздин күчтөрдү бириктирүүгө угүттөй баштады. Кечки сый тамак маалында кездештик, кагазы жок эле сүйлөп кирди, көрсө бизге чейин Бангкогдо, Куала-Лумпурда болуп, сүйлөөнүн ыгын алып калган экен. Мен ордума отурдум да: “Адегенде тамак ичип алып, анан сүйлөшпөйлүбү? Же сүйлөшүп алып анан тамак ичелиби?” дедим. Ал: “Ооба, адегенде тамак ичели” деди. Эртеси мен ага: “Сиз бизди орустун аюусуна каршы бириккиле” дейсиз. Бирок биздин коңшуларыбыз кытай ажыдаарына каршы бириккенди каалашат. Аларга орус аюусу эмес, силердин радиостанцияңар менен, Таиландда, Малайзияда жана башка жерлерде партизандарды колдоп жаткан акчаңар алда канча коркунучтуу” дедим. Мен аны ушул сөздөн кийин жини келип, жарылып кетет го деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Ал унчукпай туруп, анан: “Мен анда эмне кылышым керек, айтыңызчы?” деп сурады. Мен “Сиз муну токтотуңуз” дедим. Ал: “Мага убакыт бергиле” деп жооп берди. Анан ал чатак бир жылдын ичинде токтоду. Бул 1978-жылдын ноябры болчу.

* * *

Ал чындыктын көзүн тике караган адам эле. Самындын алкындысындай болгон, Сингапур деген аты бар тепкедей бир аралдын лидери мен ага: “Биз орус аюусунан эмес, ажыдаардай болгон сиздин Кытайдан коркобуз” десем, жөн гана айтып атпайбы, “Биз анда кандай кылышыбыз керек?” деп. Ушунусу менен эле мени ал аябагандай таң калтырган.

(Уландысы бар)

XS
SM
MD
LG