Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы. Сингапурду саздан сууруп чыккан Ли Куан Ю


Ли Куан Ю.

Сингапурдун биринчи премьер-министри, даңазалуу Ли Куан Ю өз өлкөсүн белчеден коррупцияга баткан жеринен, саздан сууруп чыккан жетекчи. Акын Шайлообек Дүйшеев Кыргызстандан да жакыр жашаган Сингапурду 30 жыл ичинде дүркүрөп өнүккөн мамлекетке айланткан Ли Куан Юнун айткандарын кыргызчага которду.

ЛИ КУАН Ю: “ЭГЕР ЭРТЕҢ СИНГАПУР БИРДЕМЕ БОЛСО,
МЕН ӨЛГӨН ЖЕРИМДЕН БҮГҮН ТУРУП КЕЛЕМ”.

* * *

Дүйнөнүн бизден да алсыз, бизден да жакыр жашаган, жери начар, жадагалса ичерге суусу жок, кен байлыктардан Кудай айтпаган, элинин көбү билимсиз деген өлкөлөр мыкты башкаруучуга туш келсе, ушул 30 жылдын ичинде оңолуп олтуруп, арты бакубат өлкөлөргө, алды дүйнөнү таң калтырган гүлдөгөн өлкөгө айланып кеткен мисалдар арбын. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер экономикасы начар деген мамлекетти кубаттуу мамлекет кылып кайра курганга 15-20 жыл кенен жетет деп айтышкан экен.

Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болгондугуна 30 жылдын жүзү болду. Төрт президент кетип, бүгүн бешинчиси менен жашап жатабыз. Калыссыздыктын, адилетсиздиктин айынан үч ирет революция болду. Бирок тилекке каршы, калыстыкка, адилеттикке умтулган падыша дагы деле келе элек. Качан келери белгисиз.

Бүгүн биз “Азаттыктын” угармандарына кезинде Малайзиядан бөлүнүп чыгып, 30 жылдын ичинде дүйнөнү суктанткан Сингапур мамлекети, анын башчысы ЛИ КУАН Ю деген адам жөнүндө айтып берели деп чечтик. Мамлекетин, элин, жерин ойлогон адам кандай болорун өзүңүздөр баалап аларсыздар.

* * *

Ли Куан Ю 1923-жылдын 16-сентябрында Сингапурда туулган. Сингапур Британиянын колониясынын борбору болгон. Ли Куан Юнун улуту кытай. Ал малай, англис, кытай тилдерин суудай билген. Лондондогу экономика мектебин жана Кембриж университетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Эң эле артта калган өлкөнү дүйнөдөгү өнүккөн өлкөгө айлантып, “экономикалык керемет” жараткан мамлекеттик улуу ишмер.

Маргарет Тетчер Ли Куан Ю тууралуу: “Ал эч качан жаңылган эмес” деп бүтүм чыгарган.

Ричард Никсон аны “Дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер” деп атаган.

Ден Сяопин атайылап Сингапурду көргөнү келип, төрт күн бою баса жатып, Ли Куан Ю менен сүйлөшүп кеткенден кийин Кытайга барып анын жасаган реформаларын “туурап”, Кытайды гүлдөй турган жолго салган, дүйнөнү дүң кылып өнүгүп бараткандыгы үчүн Кытай дал ошол Ли Куан Юга милдеттүү деп айткан.

Дүйнөдөгү коррупциясы жок өлкө кайсыл десе бүгүн сөзсүз бир ооздон Сингапурду мисал кылып көрсөтүшөт. Ли Куан Ю бийликке келген биринчи эле күндөрү коррупцияга белчесинен баткан министрлерди түрмөгө олтургузуп, жегендерин кайра кустуруп, казынага салдырган. Аны “Өлтүрүп кетебиз! Көзүңдү талайбыз!” деген коркутуулар саат сайын, күн сайын болуп турган. Бирок эркинин күчтүүлүгүнөн, таштай бекем, кылычтай курчтугунан, мамлекетти жеп-ичкендерди аеосуз жазалоо жолу менен акырындап коррупциядан арыла берген.

Туура бийде тууган, туугандуу бийде ыйман жок

Жазалоону эң биринчи өзүнүн кыйбас досторунан баштаган. Алтургай жакын тууганы делген, эң жогорку бийликте иштеп турган эки чиновникти түрмөгө кестирип жиберген. Кыргыздын “туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген сөзү дал ушул Ли Куан Юга туура келет. Ал минтип айткан: “Эгер сен коррупцияны жок кылгың келсе, адегенде эле эң жакын деген үч досуңду камат, алар эмне үчүн камалганын өздөрү жакшы билишет”.

* * *

Сингапурда бүгүн чоң кылмышкер тургай майда ээнбаштык жасаган шүмшүктөр да жок. Көчөлөрдөн полицейлерди көрүү дээрлик мүмкүн эмес. Мамлекетти уурдап-тоногондор менен оор кылмыш кылгандарды, гомосексуалисттерди өлүм жазасына тартуучу мыйзам бар. Кылмыш кылгандар дарга асылат же балак менен сабалат. Жазалоонун дал ушундай катаал түрү өлкөнүн өнүп-өсүшүнө өлчөөсүз салым кошуп, өлкөдө темирдей тартиптин сакталышын шарттап келе жатат.

Ли Куан Ю 2015-жылдын 23-мартында, 92 жашында дүйнөдөн кайткан.

* * *

Англиянын колониялык чеңгелинен бошоп чыгары менен Малайзия Сингапурду өз аймагынан бөлүп салган. Ата-энесиз, ага-туугансыз, томолой жетим баладай жалгыз калган, аябагандай жакыр жана коррупциялашкан Сингапурду башкарууну колуна алган 31 жылдын ичинде Ли Куан Ю аны дүйнөдөгү эң эле өнүккөн өлкөгө айландыргандыгы менен мен-мен деген мамлекеттик дөө-шааларды таң калтырып, алардын урматтоосуна татыган бирден-бир мамлекеттик ишмер.

Бүгүн биз мына ушул улуу адамдын “Менин келечек дүйнөгө көз карашым” деген орус тилинде жарык көргөн китебинин айрым жерлерин окурмандарга кыргызча которуп сунуш кылып жатабыз.

Балким коррупциялашкан мамлекет үчүн мунун кереги жок болушу мүмкүн. Бирок карапайым калктын канын соргондорду жети желмогузундай жек көргөн, 27 жылдан бери мына ушул ажыдаарлардын алкымынан чыгалбай келаткан элибиз, айрыкча Интернет менен азырынча анча тааныштыгы жок элет эли муну сөзсүз окуп-билүүгө тийиш. “Үмүтсүз шайтан” деген эмеспи, балким келечекте бизден да Ли Куан Ю сыяктуу чыныгы мамлекеттик ишмер чыгып калгысы бардыр.

Кыргызчага которгон Шайлообек Дүйшеев.

1920-жылдары мен жаш бала болчумун. Биздин Бедок айылынан атамдын каучук талаасына чейин бир сааттык жолду жөө басып отуруп барчу элем.

***

Элден сурамжылоо жолу менен жакшы тамак-аш жасап чыгаруу мүмкүн эмес. Эмнени каалап турганын, эмнени жегиси келип турганын өзүнүн көзүнө көрсөтүп, жегизип көрмөйүн эл ишенбейт. Биз “муну кандай кылсак?” деп эки анжы болуп, элден сурамжылап, көпчүлүктүн көөнүнө жараша иш кылбастан, Сингапурдун жашап кетишин шарттай турган, элдин муктаждыгын чече турган нерселерге аларды ынандыруу жолу менен иш кылган оң, биз ушундай кылганбыз.

* * *

Жаратылыш байлыгы дегенден Кудай бизге такыр эле эч нерсе айткан эмес, жадагалса сууну да башка жактардан ташып ичебиз, бирок биз—билимдүү жаштарга жана өз кесибин мыкты билген ыйманы таза, эл-жер үчүн чындап күйгөн, керек болсо мамлекет дегенде башын сайган кадрлардан турган башкарууга таянуу менен иштедик. Кыйынчылыктан чыгуу үчүн бизге гениалдуу өкмөт керек болду.

* * *

Сингапурдун дагы бир өзгөчөлүгү—ал бардык дүйнөгө терең интеграциялашканында.

* * *

1930-жылы мектеп окуучусу элем. Төртүнчү жана бешинчи күндү аябай күтчүмүн, анткени Сингапурга беш-алты жумада келе турган англиялык кемелер менен менин жакшы көргөн журналым да кошо келчү. А бүгүн жазган катыңды реактивдүү самолеттор каалаган жериңе саналуу сааттарда жеткирип бере алат. Бирок азыр авиапочтаны да эчким пайдаланбай калды. Мобилдик байланыштар аркылуу электрондук кат алышуу же Интернет аркылуу байланыш бизди бүгүн жарыктын ылдамдыгына теңеп салды.

* * *

Алдыдагы 50 жылда дүйнө кандай болушу мүмкүн? Айтуу кыйын. Жок дегенде алдыдагы 15-20 жылда кандай өзгөрүүлөр күтөт? Айтып көрөйүн.

* * *

Дүйнөлүк аренада манилүү ролду эми АКШ менен Кытай ойнойт.

* * *

Сингапурдун тарыхтагы ордун өлкөнүн ичиндеги үч принципке таянуу менен аныктоого болот.

Биринчиси - жашоо үчүн, жумуш үчүн Сингапурду эң эле коопсуз өлкөгө айлантуу,

Экинчиси - өлкөдө жашаган бардык адамдардын тең укугун сактоо,

Үчүнчүсү - сингапурлуктардын бардык муунунун ийгиликке жетиши үчүн болгон шарттардын бардыгын түзүү.

Биз мына ушул үч принцип менен Сингапурду өнүккөн өлкөгө айлантканбыз, мындан ары да ушул үч принцип менен узак жылдар бою гүлдөп, өнүгө беребиз.

* * *

Сингапур бардык параметрлер боюнча алганда бөтөнчө өнүккөн, бай, коопсуз, ыңгайлуу, таза, саясий жана экономикалык жактан абдан туруктуу өлкө. 1950-жылдары бул жерде иш табуу өтө кыйын болчу, элдин 40% сабатсыз, жазганды кой, окуганды билчү эмес. Ички дүң продукция жан башына эсептегенде жылына 550 АКШ долларын түзгөн.

* * *

Азыр өлкөнүн ички дүң продукциясы 100 эсеге өскөн же жан башына жыл сайын 55 182 долларды түзөт. Бул көрсөткүч Гонконгдо 38 123, Түштүк Кореяда 25 976, Тайванда 31 900, Европанын айрым өлкөлөрү менен АКШда 53 042 доллар.

* * *

Сингапур дүйнөдө инфляция дегенди билбеген өлкө, жумушсуздук дээрлик жокко эсе, салык менен өкмөт чыгымдары ички дүң продукциянын 14% гана түзөт, ошол эле убакта бул көрсөткүч Европа өлкөлөрүнүн көбүндө 30, АКШда 40, Данияда 50%.

* * *

Мен азыр 89га чыктым. Пенсиядамын. Эгер Сингапурду азыр башкарып турган болсом, жаңы төрөлгөн балдар үчүн сингапурлуктардын эки жылда тапкан айлыгынын көлөмүнчөлүк акчаны жөлөк пул кылып чектеп турар элем. Ошол каражат биздин балдарды мектепке барганга чейин багууга толук жетмек.

КЫТАЙ

“Кытай алдыдагы 20 жылда кандай болот?” деген суроого жооп берүү үчүн анын адамдары менен коомдук жашоо-турмушунун өзгөчөлүктөрүн жакшы билүү керек. Кытай тарыхтын беш миң жыл аралыгында өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун сактоо үчүн күчтүү борбор болушу керек экенине көзү жеткен эл. Күчтүү борбор гана тынчтыкты жана гүлдөп, өнүгүүнү камсыз кылып турат. Ар бир кытай ушинтип ойлойт. Бул принцип эзелтен бери эле элдин кан-жанына же менталитетине сиңип бүткөн башкы принцип. Жакын арада Кытай мындай принциптен тайып кетет деп ойлоо чоң жаңылыштык. Жүздөгөн жылдардан бери карай, балким миңдеген жылдардан бери карай эле Кытай ушул жол менен былк этпей жашап келатат.

* * *

Батыштагы айрымдар Кытайдын батыш үлгүсүндөгү демократияга жетишин аябай каалашат. Батыш канча кааласа да Кытай эч качан ал каалагандай болбойт. Америкалыктар эгер ар бир жаран президенттик шайлоого катыша алганда гана, президент менен парламент белгилүү бир мөөнөт сайын алмашып турганда гана ошол өлкө ийгилик коштогон өлкө боло алат деп ойлойт. Америкалыктардын дүйнөгө болгон көз карашы ушундай. Ал эми Кытайдын көз карашы таптакыр мындай эмес. Кытай деген өзгөчө уникалдуу тарыхы жана маданияты бар, 1,3 млрд. калкы бар, эбегейсиз чоң өлкө. Ал өз жолу менен жашап келген, мындан ары да ошол жол менен жашай бере турган эл.

* * *

Америкалыктар бүгүн Кытайдын деңиз жээгине чейинки 12 миль аралыгына жакындап келип чалгындоо иштерин жүргүзүп турса, жакынкы мезгилдерде Кытай аларды ошол 12 миль аралыктан ары, андан кийин 200 миль аралыктагы экономикалык аймактан ары сүрүп чыгарып салат, ошону менен Кытай өлкөнүн чыгыш жээктерине америкалыктардын тыңчылык иштерди жүргүзүшүнө биротоло чекит коет.

* * *

Күчтөрдүн глобалдык тең салмагынын өзгөрүшүн болжолдоп айта алам. Кытай 20-30 жылдын ичинде дүйнөдөгү эң күчтүү державалардын катарына кошулат. Ал буга жаңы күчтөрдү жаратуу менен эмес, эскилерин танбай, карманган салт-санаасынын жаңылоо жолу менен жетет.

* * *

Мезгил желаргысынын таасири менен өлкөлөрдүн саясаты да алмашат. Бир дагы система өзгөрүүсүз түбөлүк жашабайт. Өзгөрбөйт деген СССР да урап түшүп, коммунисттик система өзгөрдү. Ал эми Кытай да ушундай болуп кетет дегенге мен пайгамбарлык кыла албайм. Анткени Кытайда эч качан батыш тибиндеги демократия болгон эмес, болсо да ал эч качан Кытайды гүлдөп-өнүгүүгө алып келген эмес. Ошондуктан мындан кийин деле Кытай батыш демократиясын кабыл алмак тургай, жанына жакын жолотпойт.

Уландысы бар...

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG