Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Жакшы сүрөтүм жок президенттикке талапкер болбой калдым!


"Популисттин сөзүнө эрип, оозуңдагыны алдыра көрбө, шайлоочу!" А.Кустовскийдин азил сүрөтү.
"Популисттин сөзүнө эрип, оозуңдагыны алдыра көрбө, шайлоочу!" А.Кустовскийдин азил сүрөтү.

“Күлкү кербендин” кезектеги шиңгилине Кыргызстандагы алдыда күтүлгөн президенттик шайлоого байланыштуу азилдер кирди.

* * * * *

– Мен жалпы тели-теңтуш, тууган-туушкандарымдын алдында өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип жатам, түгөткүрдүкү!..

– Эмнеге?

– Тың кишилердин ичинен президенттикке талапкер болуп катталбаган жалгыз мен эле калыптырмын.

* * * * *

– Мен президенттик талапкер болуп каттала албай калдым.

– Эмне, миллион сом табылбай койдубу?

– Жок, анысын тапкам, бирок жарашыктуу сүрөт жок... Көрсө, талапкердин 2 даана 3х4 көлөмдөгү сүрөтү БШКга тапшырылышы керек экен да!

* * * * *

Президенттикке талапкер Айныкеев Чынчылбектин шайлоо программасы

1. 5G коюлбайт.

2. Бутунда чип бар көгүчкөндөр эмне максатта учуп келгени иликтенет.

3. Тик учак (вертолёт) менен коронавирус чачкандар табылып, жазага тартылат.

4. Партиялар жоюлат.

5. Курултай башкарат.

Урматтуу патриоттор, маалыматты өз ара Вотсапптан гана бөлүшүп, тышка такыр чыгарбагыла! Кээ бир интернет долбоорлордун артында миллиарддаган доллар бөлүнгөн, эларалык масондор турат, тарады дегенче эле катуу тоскоолдук болушу мүмкүн. Жеңип келгенден кийин баарын «даканса» (биротоло) жайлайбыз!

Урматтоо менен, Айныкеев Чынчылбек.

* * * * *

Илгери баданы эшекчен кайтарып жүргөн бир кишиден:

"Эгерде сен Президент болсоң эмне кылат элең?" – дешсе: "Баданы ат менен кайтарат элем", – деп коёт дейт.

* * * * *

«Президенттик кызматың майлуу-сүттүү болсун!" деген эл кантип оңолмок эле...

* * * * *

Аялы күйөөсүнө:
– Колоктоп бекер басып жүрө-бербей, жумуш таап, жок дегенде саал-паал иштесең боло?
– Оме-ей! Президенттикке талапкерлигимди койбодумбу! Өтүп калсам өлө иштейм да!

* * * * *

(Интернет булактарынан иргеп алынды).

XS
SM
MD
LG