Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Орустар күлүшөт: Депутаттын жалыйнасы ай!


Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.
Кимбайке айрым "аткаминерлердин" укукка карата мамилесин байкаган. 07.3.2011.

"Күлкү кербени" орусиялыктардын азилдеринен жаңы шиңгил сунуштайт.

* * * * * * *

“Каргыш тийгир демократия!” ‑ деп БШКнын башчысы өзүнчө карганып-шиленип алды. ‑ “Иш эми чачтан көп!”

Анын колуна президенттикке талапкер болгусу келген 146-кишинин арызы түшкөн.

* * * * * * *

Биздин депутаттарга 800 миң рублдик жалыйнанын эмне кереги бар? Алардын айтканын карасаңар: “Биздин өлкөбүздө тумуш оңолду, 7 миң рублдик айлыкка оп-оңой эле жашаса болот!” дешет тим эле!

* * * * * * *

Думанын бир депутаты сыналгынын Биринчи каналындагы берүү учурунда калайыкка кайрылып, Баланчаев деген оорулуу баланын операциясына акча чогултууга үндөдү.

Көгүлтүр экранга тикирейген бирөө жанындагыларга үн катты:

‑ Келгиле, оору-сыркоо балдарга бүжөттөн эле акча бөлөлүк, а депутаттарга жалыйна үчүн акчаны Биринчи каналдан чыгып эле сурап, улам топтоп туралык.

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG