Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Пушкин да 1-апрель - "күлкү күнүнө" азил ыр жазган


Пушкин менен Махтумкулы Ашгабат шаарынын көчөсүндө. Түркмөн өнөрпоздору көчөдө калайыкка эрмек болууда. 24.9.2013.
Пушкин менен Махтумкулы Ашгабат шаарынын көчөсүндө. Түркмөн өнөрпоздору көчөдө калайыкка эрмек болууда. 24.9.2013.

Орустун даңазалуу акыны Александр Пушкин 1825-жылы октябрь-ноябрь айларында орусиялык барон Антон Дельвигге "Күлкү күнү" тууралуу азил ыр саптар камтылган кат жолдогон экен.

Бүткүл дүйнө жүзү 1-апрелде күлкү менен шаттыкка бөлөнөт. Бул күндү кээ бир элдер “күлкү күнү” деп аташса, “башкалары “аңкоо күнү” дешет. Айтор, жакындарын, досторун, кесиптештерин дал ушул күнү жалган маалымат менен азил кылган учурлар арбын.

Европада орто кылымдардын соңунда эле 1-апрелди күлкү, азил күнү катары майрамдоо салты катталган.

Орусияда бул күндү бери дегенде 18-кылымдын башынан бери белгилешет.

Орустун даңазалуу акыны Александр Сергеевич Пушкин (1799-1837) 1825-жылы октябрь-ноябрь айларында орусиялык барон, акын Антон Антонович Дельвиг (1798-1731) мырзага мындайча азил ыр саптар камтылган кат жолдогон экен:

Кабак-кашы бүркөлүү,
Айтты падыша: “Кечээгүн
Эстелигин Пётрдун
Бороон салды кулатып”.
Анда берки чочуптур:
“Билбептирмин! Чынбы, катыгүн?..
Падыша салды каткырык:
“Тууганым, 1-апрель – ушу күн!”

Т.Ч.
XS
SM
MD
LG