Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Эки алтын сааттуу “Шорпо”


“Таңкы шоокум” музыкалык-тамашалуу берүүсүнүн мейманы - “Шорпо” деген ат менен кыргыздын кыйла жерине таанымал, белгилүү куудул жана пародист Жаныбек Алыкулов.

- Жаныбек мырза, “Азаттыктын” студиясына куш келипсиз!

Жаныбек Алыкулов: Атайын студияңарга чакырганыңыздарга ыраазымын. Бар болуңуздар.

- Сизди мурдагы президент Аскар Акаевден белекке алтын саат алган деп калышат. Анын чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

Жаныбек Алыкулов: Курманжан датка апабыздын 180 жылдыгы Токтогулда болгон. Андан бери жыйырма жыл өтүптүр. Ошол жерге Кыргызстандын бардык аймактарынан адамдар, мен саясатчымын, мен чоңмун, мен артистмин дегендин баары барышкан. Ошол жерге мурдагы президент Аскар Акаевге өзүнчө чоң өргө тигип, кудай бетин салбасын тойлоп жатышкан экен. Анан мен да артисттер менен концерттик программада бар элем.

Бир кезде Акаевдин өргөсүнө чакырып калышты. "Эмне болуп кетти?",-деп жыла басып бардым. Ал жерде мени “белгилүү артисттерди туурап пародия аткарат экенсиң, саясатчыларды да туурап пародия аткарбайсыңбы?”,-деп калышты. Анан макул болуп, Михаил Горбачёвду, маркум Апсамат Масалиевди туурап бердим. Бир кезде Акаев “мени да туурап көрбөйсүзбү. Сиздин номериңизди сыналгыдан көрдүм эле”,-деп калды. Президент ошентип айткандан кийин мен жөн турмак белем. Туурап кирдим.



- Анан Аскар Акаев саатын бердиби?

Жаныбек Алыкулов: Мага чейин боз үйгө артисттер да кирип чыккан экен. Бир кезде менин пародиямдан кийин Аскар Акаев бул чөнтөгүн бир карап, тиги чөнтөгүн бир карап калды. Мага чейин тиги артисттер шыпырып кетсе керек. Бир кезде колундагы алтын саатын чечип туруп мага белек кылып бере салды. Эми муну эл ар кандай ойлойт. Мен болсо муну талантты сыйлап берди, өнөрүмдүн арты менен алтын сааттуу болдум деп эсептейм.

- Ошол алтын саттыңыз кайда? Тагынып жүрөсүзбү?

Жаныбек Алыкулов: Ошентип Акаевден алтын саатты тагынып чыккандан кийин эле ар кимиси “берчи, мен тагынып турайын, мага да жуугар бекен” деп колдон колго өтүп кетти.

Бир күнү ыраматылык апам, “уулум, бул падышанын буюму. Муну мен бекем катып коеюун. Болбосо касиетин качырып жибересиң”,-деп бир жерге катып койгон. Мен анын катылган жерин, өзүмдөгү сырды жаап-жашырып жүрөм. "Анда-санда элибиздин каада-салтын кармап койгон жакшы" деп койом өзүмчө.

- Акаевден дагы экинчи алтын саат алган деп калышат. Ал окуя кандай болду эле?

Жаныбек Алыкулов: 2000-жылы Илим жана билим жылы болуп, Спорт ордосунда салтанаттуу иш чара өтүп калды. Мени да концертке чакырышкан. Аскар Акаев да ошол жерде отурган экен.

Анан баягы Токтогулда алган алтын саатымды кокустан алып калды деген пикир калбасын деген кыязда, сахнага чыкканда, Илим жана билим жылынын темасына карата, “ Курманжан датка апабыз баласы Камчыбекти ажалга тике кара деп, курмандыкка чалып жиберген экен. Сталин болсо Улуу Ата мекендик согуш учурунда “я простого солдата на фельдмаршала не меняю” деп айтыптыр. Аскар Акаевич болсо Илим жана билим жылы деп ушул жылды атайын жаштарга арнап, “билеги күчтүү бирди, билим күчтүү миңди жыгат демекчи, мына демократиянын шарданы жакшы жүрүп жатат. Себеби дегенде райондук эле масштабдагы болушка тийише коем деп Токтогул чоң атабыз Сибирге айдалып кеткен экен, ал эми президентке пародия аткарган Жаныбегиңер маңдайыңарда турат” деп аны өзүнүн үнүдөй туурап айттым. Акаев жайдары күлүп залдын чок ортосунда отурган ордунан туруп келип, сахнага чыгып келип куттуктоо айтып, "мурда Токтогулдан да саат бердим эле, достуктун белгиси кылып колумдагы саатты белекке берем" деп, алтын саатын колунан чечип берген.



- Анан ал саатты да катып койдуңбу?

Жаныбек Алыкулов: Эми ал сааттын тагдыры деле биринчи сааттын тагдырындай эле.

Бакиевдин телевизору

- Ал эми Курманбек Бакиевден эмне белек алдыңыз?

Жаныбек Алыкулов: Бакиев кетердин алдында өкмөттүк үгүт бригада уюштурулуп, ошону менен эл кыдырып жүрдүк. Бакиевге тикелей, даректүү пародия айтпаганым менен, мурдагы пародияларымдан айтып жүрдүм.

Эми шайлоого карата үгүт иштеринде артисттер көп акча табат эмеспи. Мен да ошол үгүт бригадада кыйла эле акча тапкам. Анан элди кыдырып келгенден кийин чоң түстүү телевизор беришкен. Ошону Бакиевдин белеги деп үйдөгүлөргө айтып калам.

Отунбаева келгенден бери отун көп болуп калды

- Сиз президенттерден жолдуу экенсиз. Азыркы президент Роза Отунбаевадан кандай белек күтүп жатасыз?

Жаныбек Алыкулов: Азыркы президенттен белек алайын деген ниет койгон жокмун. Бирок театрдын тили менен айтканда “сахнада илинип турган мылтык спектаклдин аягында атылат” дегендей мени жалпы журт мергенчи катары таанып калышпадыбы. Ошондуктан Роза Отунбаевага да чыгармачыл дүрмөттөр даярдалууда. Даяр болуп калган учурда, менимче тамашанын тили менен таамай атылат болуш керек деп ойлойм.

Мурдагы эки президентибиздин бири жакшы эле ойлорду айтчу. Экинчи президентти мен мактап коем, сөзүнө турган жигит болчу деп. Себеби түнкү саат 12де светти өчүрөм деди, өчүрдү. Эртең менен 6да күйгүзөм деди, күйгүздү. Атам деди, атты. "Мындай президентти кайдан табабыз, бир сүйлөгөн жигит эле, атаңдын көрү" деп калам. Мисалы үчүн кыргыз элинин бактысы бар экен. Бакиев “тезек тергиле, тезек тергиле”,-деп жүргөндө анын ордуна Отунбаева келип отуруп калды. Мына быйыл кышта кудайга шүгүр отун көп болду. Свет өчкөн жок. Токтогулда суу мол болду. Эми жазында розалар жайнап чыкса эле жашообуз оңолуп кетет.

"Азаттык": “Шорпо” деген ат менен элге таанымал, куудул жана пародист Жаныбек Алыкулов эки жыл мурда Насыр Давлесовдун 80 жылдыгына арналып коюлган “Аста секин, колукту” музыкалуу комедиясында бакшы Маркабайдын ролун ийнине жеткире аткарган.



Маркабай жүз грамм арак ичип алып, жүзү албырып, кылтыңдап ырдаганда “күлбөс кыз” да күлгөн.
XS
SM
MD
LG