Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

«Ууруну өзүңүз тандапсыз го!..»


Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... TKy. 2-апрель, 2011-жыл.
Саясатчынын өз эрки, кайдан каалга жасаса... TKy. 2-апрель, 2011-жыл.

«Күлкү кербени» заманбап кыргызстандык саясий азилдерден үзүндү тартуулайт.

* * * * *

- Эмнеге эле ун, кант, картөшкө сыяктуу азыктардын баасы асманга чыгып кетти? - деп бир мугалим өз кесиптешинен сурап калды.

- Ошону да түшүнбөйсүңбү? «Мугалимдердин акчасы көбөйөт экен» деген каңшаар чыкса эле дароо базар баасы чамгарактап чыкпадыбы!

- Опей, андай болсо президентке “маяналарыбызды кайра ылдый түшүр” деп талап кылып кат жазалыбы?

* * * * *

- Уурулардын канча түрү бар? – деп бир киши замандашынан сурап калды.

- Эки эле түрү бар!

- Кандайча?

- Өтө жөнөкөй эле. Эгерде карапайым ууру болсо, анда ал сиздин акчаңызды, документтериңизди, үйдөгү эмеректи, жашырган асыл таштарды, чөнтөктөгү уюкфонду жана башка ушул сыяктуу уурдаганга жеңил нерселерди кымтып алып кетет. Булардан башка «саясий уурулар» бар. Алар болсо сизге жолукпастан эле келечегиңизди, билимиңизди, кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүңүздү, ал түгүл демократияга жетем деген кыялыңызды уурдап кетишет.

- Ой тобо! Алардан качып кутулууга болобу?

- Биринчи түрүнөн оңой кача аласыз. Анткени жөн уурулар өздөрү сиз сыяктуу кишилерди атайын издеп таап алышат. Алардан буйтай качууга болот. Бирок эгерим уурулардын экинчи түрүнөн качуу өтө кыйын.

- Эмнеге?

- Анткени саясий ууруларды сиз өзүңүз тандап, аларды колдоп, алар үчүн шайлоодо добуш берип аласыз. Анан беш жыл күтүүгө туура келет. Андан соң алардын арасынан «ирденгендери», «тоюнуп калгандары», «маршруткага түшкөн кесиптешимди көргөндө өлө уялам» деп өздөрүн өздөрү көтөрмөлөп айткандары кайра эле акчанын күчү менен өздөрүн сизге тандатып алганын сиз өзүңүз да байкабай каласыз!

* * * * *

Депутат үйгө келсе, байбичеси даттана кетти:

- Неберең таптакыр уктабай жатат, тим эле ырпымды кетирди!

Анда берки айтат дейт:

- О-о, мунун жарасы жеңил. Менин портфелимде бир мыйзам долбоору бар, анын алгачкы беренелерин окуй баштасаң, неберебиз түгүл сен да уктап каласың!

* * * * *

- Биримдиктин аты – Бажы.

Бизге келет алардын газы.

Бизден кетет быжы менен казы.

- Жо-ок,

Бизден кетет карысы да, жашы.

Бизге келет байкелердин саясий сазы.

* * * * *

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG