Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Билим - ынтымак менен өнүгүүнүн негизи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда ушу тапта 18 менен 45 жаштын арасындагы кыргыздын орто эсеп менен он миңге жакын уул-кыздары жашайбыз.

Бул көчтүн аркасында кечээ жакында мектепти бүтүп, жылдык ау-пер деген же социалдык жана экологиялык программалар менен тил үйрөнүүгө келген жаштар турса, көчтүн астын ушул жерден алган кесибин аркалап, өз чөйрөсүндө иш ордун ээлеген адистер түзөт.

Арабызда тарбиячы менен мугалимден баштап, дарыгер, экономист, инженер, машинист, банкир, технолог, эколог, IT, айыл чарба жана тамак-аш адистери, бухгалтер, юрист, политолог, этнолог, психолог, илимий изилдөөчү, журналист, ашпозчу, айдоочу, айтор жазуучу, сүрөтчү, музыкантка чейин бар. Ал гана эмес, жогорку илимий даражаларга ээ болгон, ири ишканаларды жетектеген, немис коомчулугунда атак-данкка, ийгиликке, сыйлыктарга жеткен жердештерибиз да аз эмес.

Европага билимди аркалап келип, жергиликтүү коомчулукка аралашып, алыста өз жашообузду курган менен киндик кан тамган жерибиз менен байланышыбыз тыгыз. Анткени биз Кыргызстандын жарандарыбыз, кыргыз улутунун өкүлдөрүбүз жана кыргыз элинин бир бөлүгүбүз.

Жердештер баш кошкон жерде бурулган көңүлүбүз, сүйлөгөн сөзүбүз – ата-журтубуздун эртеңки тагдыры, мекенибиздин тынчтыгы жана эне тилибиздин өнүгүшү. Ошондуктан өлкөбүздө болуп жаткан азыркы ар кандай кырдаалдарга, кыйынчылыктарга жана тааныш маселелерге биз кайдыгер карай албайбыз. Ушул себептерден улам биз кечээ жакында «Билим алдында биригели, билим менен өнүгөлү!» виртуалдык акциясын өткөрдүк. Бул жамааттык флешмобдо биз болгон-бүткөн ой толгообузду, сарсанаабызды, сын-пикирибизди жана дем-күч берген сөздөрүбүздү билим менен байланыштырып айтабыз. Аны менен бирге ата-журтубуздун ар кандай катмарын аң-сезимди агартууга, жан-дүйнөнү жаңылантууга жана билимдин алкагында келечек курууга чакырабыз.

Анткени биз Германиядагы күнүмдүк турмушубузда билим менен кандай коом түзүлүп, жашоо шарты курулуп, адам өмүрлөрү сакталып, жаратылыш корголуп, мыйзамдар менен эрежелер жазылып жана ишке ашып, ишкерлик жана инвестиция жанданып, коопсуздук системалары жаралып, өлкөнү алдыңкы катарга жеткирген күчтүү экономика пайда болуп, салабаттуу коомдук ортон калыбына келип, демократиялык баалуулуктар, тең укуктуулук жана гумандуулук үстөмдүк кылганына түздөн-түз күбө болуп жатабыз.

Биз мындай жетишкендиктерди өз мекенибизде да көргүбүз келет. Анткени мындай коом түптөө өз колубузда. Анын ачкычы - билим. Тагыраак айтканда бизге билимдүү адамдар, өз ишин мыкты билген адистер, принциптерге таянган кесипкөйлөр, абийирдүү ишкерлер жана мыйзамды сыйлаган инсандар керек. Алардын жогорку дымагы - билим менен эл, жер, эгемендүүлүк үчүн кызмат кылуу болушу керек.

Биз – Германияны байырлаган кыргызстандыктар – ошондой адамдардын катарын толуктап, бардык прогрессивдүү күчтөргө чет элде топтогон тажрыйбабыз менен бөлүшүп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн көмөк көрсөткөнгө даярбыз. Андан тышкары Кыргызстанга байланышы бар ар бир адамдын «Билим алдында биригели, билим менен өнүгөлү!» кыймылына ар кандай форматта салым кошуусун күтөбүз.

Элибиз бөлүнбөс, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү, өлкөбүз өнүгүү жолунда жана келечегибиз кенен болсун!

Германиядагы кыргыз мекендештер

XS
SM
MD
LG