Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:36

Саясий кадр маанилүүбү же кадырбы?


Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. Т.Карыкеев тарткан азил сүрөт. 05.07.2011.

Кызмат иргөө, жетекчилик орунду аныктоо учурунда иши кылып «жаштар келсин!» деген ураан астына эмес, «жашына карабастан, кесипкөй реформачыл адис келсин!» деген ураан астында жүргөнү орундуу. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогунун маңызы ушундай.

Негизи, элдин алдында кадыр-баркка ээ кишилердин жетекчиликке көтөрүлчү саясий кадр болушу ылайык эмеспи. Бирок, соңку бир канча жылда бул экөө бири-биринен бир топ эле узакташып кеткендигин байкаса болот. Буга эң чоң далил катары соңку саясий окуяларды көрсөтүүгө мүмкүн. Анткени, жогорку кызматтагы бир топ аткаминер элдин алдына эркин чыгып, караламан топко кебин угуза албаганы көрүнүп калды. Кадырынын салмагын биле жүрбөгөндөр тобокелге салып, аянтка чогулган элдин алдына чыгып кадырын таразалап көрүп, кандай күнгө кабылганын да бары көрдү.

Демек, мандаттын же мансаптын артына жашынып, өзүн элдин сыйына татыктуу катары көрүү мүмкүн эмес экен. Жогорку бийликтен кресло тапкан менен элдин көңүлүнөн орун таппаса пайда бербейт тура. Андыктан, чындап кадыр-баркы элге сиңген киши эл өкүлү болууга, элдин атынан сүйлөөгө ашыкса дейм.

Аксакал жана ак сакал

Илгери «аксакал» кишилердин коомдук жашоону жөнгө салууда, андагы тең салмакты сактап турууда зор ролу болгондугу маалым. Алтургай, Манас атабызга да Бакай атанын акыл-насаат, кеп-кеңеш берип турганы мунун эң чоң далили. Кыскасы, аксакал – кыргыз каада-салтында, иденттүүлүгүндө акылман, даанышман кишини чагылдырат.

Аксакалдар көптү көргөн, көп нерсени баштан өткөргөн кишилер болгондуктан, адатта жашы өтүп калган кишилер болушкан. Бул абал бара-бара эл арасында «Жашы бир топко барып калган кишилердин бардыгы эле аксакал боло берет окшойт», – деген туура эмес түшүнүктүн жаралышына да себеп болду. Ушул нерсени тактап алуу зарыл. Жашы бир топко арып калган, улгайып калган, сакалы агарып же небере көрүп калган кишилердин баары эле аксакал деген наамга татыктуу боло бербейт. Бул абалды түрктөрдүн төмөнкү макалы таамай талдаган экен: «Бардык сакалчанды эле чоң атаң элестете бербе!».

Муну менен эмне демекчимин? Эгемендүүлүктөн ушул күнгө чейин жашы бир топко барып калган кишилер бийликти ээледи. Жашы өткөн киши жаштарга салыштырмалуу көптү көргөн киши болгондуктан алардын билимине, маалыматына, өзгөчө тажрыйбасына жана улуулугуна ынанып, эл кош колдоп шайлап берип жатты. Мындайча айтканда «аксакал» деген түшүнүктөн улам да көптөгөн саясий тандоолордо жашы улуураак тарап артыкчылыкка ээ катары көрүлүп келди.

Мындай түшүнүк менен тандоо, балким, бир учурларда оң таасирин көрсөттү. Жаштардын күч-кубат менен аксакалдардын тажрыйбасы, көрөгөчтүгүн кошуп арабаны тарттыруу чындыгында туура эле болмок. Качан аксакалдардын ичинен аксакалдыгын тангандар чыкты, мына ошондон баштап жаш менен карынын ортосундагы жылуу ымала бузула баштады. Мындайда дароо аксакал боло калгандар да көбөйүп кетип жүдөтпөй койбойт экен. Же мындайлары «Чачым агарганы эле болбосо бирдей элебиз. Докчулук кылбай эле жашай берейинчи» дебейт экен.

А бирок, отуз жылдык саясий өтмүшүбүз аксакал менен жашы улуунун айырмасын так көрсөттү окшойт. Анткени, бүгүнкү саясий кризистин архитекторлору так ошол жасалма «аксакалдар» б.а. ак сакалдар болду да... Бүгүнкү саясий туңгуюк – пайгамбар жашына келип, жаш балалык кылган, жашы элүүнү оодарган жаш балдардын эмгеги болбогондо эмне?.. Демек, саясий тандоодо сакалынын актыгына эмес, аксакалдыгына баа бериш керек экен эле да...

Жаштар «Үмүт» боло алабы?

Заман өзгөргөнүн айтып чоң аталарыбыз кейип калса, ишенчү эмесмин. Илгери «Аксакалдарга төрдөн орун бошоткула» деген сөздөрдү көп укчу элек, азыр болсо «Жаштарга орун бошоткула» деген сөздөрдү көп уга баштадык. Заман өзгөрүп жатыптыр, чындап эле. Калың эл отуз жылда бийликти кимдерге гана карматпасын пайда таппады. Ар жолку башталгычта чындап үмүт артты, үзүр көрбөдү. Ошентип ак сакалдан көңүл калган соң, бул жолкусунда жаштар толкуп чыкты. Кыскасы бул жолкусунда үмүт жаштарга байлангандай.

Бирок, кызык жерлери көп. «Кайсыл жаштар?», «Кайсыл курактагылар жаштарга кирет?», «Жаштардын баары жашы өтүп калгандан артыкпы?» деген суроолордун жооптору бүдөмүк бойдон калууда.

Жаштыгын бетке кармап бийлик талашкандардан тереңдик көрө албай жатам. Анткени «Жаштар – жакшы, карылар – жаман» деген категориялык бөлүү туура эмес. Тарыхта султан Мехмет Фатих сыяктуу, 21 жашында Стамбулду каратып алган жаш падыша да мыкты деген атка конгондой эле, Осмон империясынын чегин эң көп кеңейткен, улгайган султан Сулайман сыяктуу падышалардын аты да алтын тамгалар менен жазылып кала берген.

Демек, маселе жашта эмес, башта экен да. Жашына, уруусуна, жашаган жерине карабай ким билимдүүрөөк, аң-сезимдүүрөөк болсо, ошол кишини колдон кубаттап алуу туура болот. Жаштарга үмүт арткан түшүнүктүн артына жашынып, жаш болгондугу эле үчүн бир топ саясий кызматтарга умтулуп көргөндүк да туура эмес болот деп эсептейм. Анткени ошол эле жаштардын ичинде мушташканага барып темир көтөргөндөн, коркок менен бечелди коркутуп, уруп-сабап күн көргөндөн башкага түшүнүгү жетпегени да бар, акылдуу, билимдүү жана ишбилгилери да бар. Маселе – алардын акылын, билимин жана ишбилгилигин жаштыктын берген күчү менен ширелтүүдө...

Андыктан эч кандай билими, жөндөмү жок туруп «Жаш болгонум үчүн мага беришиң керек» деген түшүнүктөгү жаштар менен узакка барбайбыз. Кудум жаштыкка талыкпай эмгек кылып жеткендей жаштыгын бетке кармап, көрүнгөн мамлекеттик кызматка барып, өзүнөн бир жаш улуу кадрды «Карып калдың, сен кет» дегендин кажети жок. Өзүбүздү өзүбүз алдабайлы, кыскасы. Жаш болуу – жалгыз башына бир артыкчылык эмес, билимдүү жана аң-сезимдүү жаш болуу – артыкчылык!

Реалдуу абалды деле карап көрсөк, жаштардын көпчүлүгү терең билимге ээ эмес. Жогорку окуу жайларыбыздын абалы баарыбызга маалым. Андагы дипломдор кантип, кандай гана жолдор менен берилип жаткандыгы да маалым. Соңку жылдары мушташып жан бакканга кызык артып, жапырт мушташканага толгону да маалым. Ал эми окуган, билимдүү, аң-сезимдүү жаштардын өтө аз экендиги, көпчүлүгү өлкөсүндөгү кадр саясатына таарынып чет жакада жүргөнү да маалым.

Абал ушундай болсо, категориялык тандоо жасайбыз деп жаш эле болсо колуна чылбыр кармата берген туура болбой калат. Мамлекеттик макамга эшикти тээп кирип барып: «Мага орун бошоткула эми», – дегендердин көпчүлүгү кайра эле эски аң-сезимдин балдары, тууган-туушкандары, дос-тамыры экендиги деле көрүнүп турду да. Аныгында, билимдүү жана аң-сезимдүү жаштар антип барбайт. Алар жол-жобо, усул билишет, терең ойлонуп кадам ташташат.

Айтаар кеп

Учурда жаштыгын бетке кармап бийлик талашкан, аянтка чогулуп саясий талаптарын күчкө салып кабыл кылдыргандарды карап туруп, кээ бир замандаштарыбыз жаштарга деле үмүт артуудан чочулап калышты. Аларга жаштар да ич ара бөлүнүп таразаланат деп айткыбыз келет.

Аксакалдарга болгон сый-урмат А.Акаевдин учурунда жасалма «аксакалдардын» пайда болушу менен аябай начарлап кеткен болчу. Жөнөкөй тил менен айтканда, бийлик ээси сакалы агарган бир топ кишини жалдап, бийликти мактатып, бийликке каршы сын айткандарды аларга салып берип, тилдетип олтуруп, салттык «кадырман аксакал» түшүнүгүбүз бузулган болчу. Ыраматылык Дооронбек Садырбаев бекеринен: «Булар аксакал эмес, ак шакал», – дебеген чыгар.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Көрсө, андайлардын кесепетинен улам жаштарга деле көшөкөрлүк менен текеберчиликтин вирусу жугат тура.

Андыктан, саясий жараянга аң-сезимдүүлүк менен катышуу, реформачыл багыт менен эскичил кадамдарды айырмалай билүү, жана бирөөлөрдүн куралына айланбастан, өз алдынча тыянак чыгарып, коомду илгери өнүктүрүү максатында жарандык жигердүүлүктү туура багытта пайдалануу – азыркы жаштар үчүн замандын талабы. Эл арасындагы бийик кадыр - саясий кадрдын тиреги.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш).

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG