Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 05:57

Абийири тазалар жемкорлукка жол бербейт


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Аскат Оморов жиберген сунуш.

Кыргызстандагы эң башкы көйгөйлөрдүн бири - бул коррупция. Мамлекеттин өнүгө албай жатканы, олку-солку экономика, жакырчылык бардыгы келип коррупцияга такалып жатканы талашсыз. Тилекке каршы, бул маселе коомдо кадыресе көрүнүш катары каралып, аң-сезимибизге сиңип калды. Азыркы мезгилде бүтүндөй мамлекеттик структураларда, укук коргоо органдарында, бажыда, саламаттык сактоодо, билим берүү системасында паракорчулук кулачын кеңири жайган. Андыктан бул кесел менен күрөшүү коомдун негизги баш оорусу болуп турат.

Бүгүнкү күндө мамлекет коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатабыз дегени менен ал абдан татаал процесс. Ошол себептен көп учурда натыйжа бербей же аягына чыкпай сөз бойдон эле калууда. Өнүккөн мамлекеттерде коррупция менен күрөшүү алда канча жеңил болсо, жакырчылыкка баткан Кыргызстан өңдүү мамлекеттерде аткара турган, жасай турган иштер али да болсо көп экени көрүнүп турат.

Дегеле Кыргызстанда коррупцияга каршы кантип күрөш жүрүшү керек? Канткенде коррупциянын деңгээли азаят? Эл аралык тажрыйбада айрым мамлекеттерди карай турган болсок, бул жаатта олуттуу күрөш жүргүзүп, өнүгүүгө багыт алганын көрүүгө болот. Өрнөк ала турган мамлекеттердин бири - бул Сингапур.

20-кылымдын 60-жылдарында Британ империясынан өзүнүн көз карандысыздыгын алган бул мамлекет жакыр жана коррупцияга белчесинен батып турган. Ошол мезгилде бийлик башына реформатор Ли Куан Ю келип, паракорчулукка каршы катаал күрөштү баштаган.

Ли Куан Ю «Эгер бийлик өзүнүн башындагы коррупцияны жок кылбаса, аны менен күрөшүү эч натыйжа бербейт», - деген экен. Анын отуз жылдык мамлекетти башкаруусунда далай мамлекеттик министрлер, чиновниктер, депутаттар сот жообуна тартылып, түрмөгө кесилген. Ли Куан Ю отуз жылда мамлекетти Азиянын гана эмес, дүйнөнүн алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин бирине айланта алды. Бүгүнкү күндө Сингапурда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы башка мамлекеттерден алда канча жогору, бирок ошону менен катар паракорлукка шек саналган кызматкердин күнөөсү далилденсе, жүз миң доллар өлчөмүндө айып пул салынып, үй-мүлкү толугу менен конфискацияланып, он жылга чейин түрмөгө эркинен ажыратылат

Сингапурдан башка коррупция менен күрөшүүдө өз жемишин берип жаткан мамлекеттердин катарына бүгүн Жаңы Зеландия, Дания, Норвегия, Швеция кирди. Жакынкы коңшубуз болгон Кытай да акыркы мезгилдерде паракорчулукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатат. Башка мамлекеттерден айырмаланып Кытайда коррупцияга айыпталган адамдын күнөөсү далилденсе, ал өлүм жазасына тартылат.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүш керек? Эл аралык тажрыйбаны өзүбүздүн системага колдонууга мезгил келип жетти деп ойлойм. Ушуга байланыштуу мен коррупцияны азайтууда аталган алты багытты колдонсок, ийгиликке жетерибизге ишенем.

Айлык акыны көтөрүү

Ар бир мамлекет өзүнүн кол алдындагы мамлекеттик кызматчылардын коррупцияга аралашпашы үчүн аларга шарт түзүп берүү керек. Татыктуу айлык акы, карьералык өсүш менен келечегине ишеним арттыруу зарыл. Бүгүн 10 миң сомдун тегерегинде айлыгы бар милиция, прокуратура, мугалим жана башка кызматчылар пара албаганда эмне кылат?

«Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат» болгон заманда алар дагы үй-бүлөсүн багуунун амалын ойлойт эмеспи. Бүгүн КМШ мамлекеттеринин ичинен эң айлык акысы төмөн болгон мамлекеттердин катарына киребиз.

Эгерде коррупцияны азайтабыз десек эң оболу мамлекеттин бүтүндөй тармагындагы мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын эки эсе көтөрүш керек.

Катаал жазаларды киргизүү

«Жеп-ичкич уруулардын орду түрмө» деген лозунг менен иш алып баруу зарыл. Биздин отуз жылга жакын эгемендик тарыхыбызда бир катар министрлер, саясатчылар коррупцияга шек саналып камалганы менен алардын баары жыйынтыгында акталып, бүгүнкү күндө баары сайрандап жүрөт. Мына бул саясатчы же министр он жылдан ашуун түрмөдө отурат деп бүгүн эч кимди көрсөтүп бере албайбыз. Ошондуктан коррупцияга шек саналган ким гана болбосун күнөөсү далилденсе, 15-20 жылдык катаал түрмө жазасын берип, анын экинчи жолу мамлекеттик кызматтарга келишине толугу менен тыюу салыш керек.

Пропагандалык мамлекеттик саясат

Бүгүнкү күндө мамлекет коррупцияга каршы пропагандалык саясатты иштеп чыгып аны коомго жайылтышы керек. Бала бакча, мектептерден тартып жогорку окуу жайларга чейин атайын усулдук сабактарды өтүү, иш-чараларды уюштуруу керек. Массалык маалымат каражаттарынан болсо атайын роликтерди уюштуруп, кыска метраждуу фильмдерди тартуу зарыл. Бул коомдун аң-сезимин башка нукка өзгөртүүгө өбөлгө болуп саналат.

Жарандык коом менен кызматташтык

Коррупция менен күрөшүүдө жарандык коомдун ролу абдан зор. Катардагы ар бир кыргыз жараны, активисттер, күбөлөр паракорчулукка байланыштуу көргөн-билген маалыматтарын атайын органдарга билдирип туруу. Ошону менен катар алардын коопсуздугун мыйзамдуу негизде коргоо жана кепилдик берүү.

Ачык тендер өткөзүү

Мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлер коррупцияга жол бербеш үчүн ачык-айкын өтүшү керек. Массалык маалымат каражаттары коомчулукту ар бир өтүп жаткан тендер менен кабардар кылып турушу зарыл.

Профессионалдык кадр саясаты

Мамлекеттик кызматкерлерди ишке алууда аларды тааныш-билиш аркылуу эмес, билимине жана тажрыйбасына таянып, конкурстук негизде ишке алуу. Ошону менен катар ар жыл сайын алардын профессионалдык деңгээлин атайын мамлекеттик комиссия текшерип, баллдык упай менен көрсөткүчтөрүн аныктап туруу. Мындай ыкма менен кадрларды иргөөгө, айрым ишбилги жөндөмү аз кадрларды иштен алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби, мыкты кадрлар менен гана ошол сфераны алдыга жылдыра аласың. Башка түрдүү мүмкүн эмес. Муну түшүнүү керек.

Жогоруда мен санап өткөн багыттар коррупцияны жок кылып жибербесе да аны азайтууда өз жемишин бермек. Мындан тышкары ар бир Кыргызстандын жараны өзүн абийиринин алдында, кудай алдында жоопкерчилигин сезе билиши керек. Мен коррупцияга жол бербесем, сен коррупцияга жол бербесең анда коом дагы коррупцияга жол бербейт деген сезим ар бирибиздин жүрөгүбүздө уялашы абзел. Ошондо гана биздин мамлекет ыплас делген паракорчулуктан кутулуп, өнүгүүгө багыт алары турган иш.

Аскат Оморов, Бишкек шаары

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG