Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 17:19

Коррупция - коомдун илдети


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Эржан Болот уулу жиберген сунуш.

Коррупция — бул учурдагы Кыргызстандын гана көйгөйү эмес, рак оорусуна дары табылбай жаткан сыяктуу эле ар улуттун өкүлдөрү күрөшүп келе жаткан илдет. Айрым өлкөлөр жети баштуу желмогуздай көрүнгөн коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү жолун табышса, айрым өлкөлөр дагы деле коррупционерлер менен күрөшүмүш болуп келе жатышат.

Кыргызстанда да учурда ошондой эле көрүнүш. Коррупция карапайым калктын канына гана сиңип калбастан бийлик органдарына, тактап айтканда сот системасына, аткаруу бийлигине, мыйзам чыгаруу органдарына чейин сүңгүп кирип кеткен. Бул илдеттен арылуу үчүн күчтүү лидер, принципиалдуу аткаминерлер керек.

Бүгүнкү күндө шайлоолордун алдында саясатчылардын берген убадалары электораттын бир кулагынан кирип, экинчи кулагынан чыгып кетет. Себеби, кыргызстандыктардын депутаттарга, министрлерге, чиновниктерге болгон ишеними жок.

Жаңылыктардан бир саясатчынын же укук коргоо органдарында иштеген кызматкердин коррупция чуусуна аралашканын окуганыбыз менен аларга берилген жазалар айыпталуучунун жүрөгүнүн үшүн албайт (мисалы, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаев 200 миң доллар пара менен кармалып, 20-ноябрда беш жылга эркинен ажыратылды).

Ошондуктан коррупция беренеси менен айыпталгандардын ишин оор кылмыш иштердин түрүнө кошуп, материалдык байлыгынын баарын мамлекеттин пайдасына өткөрүп алыш керек.

Бирок Кытай Эл Республикасындай оор жазага тартпасак да төрт тарабы муздак дубал менен курчалган түрмөгө 30 жылдан кем эмес отургузуп, чет өлкөгө качкандарды мамлекетке кире албай тургандай кылуу керек. Коррупция менен болгон күрөш жөнөкөй жарандан эмес, коррупционер-министр, коррупционер-чиновник, коррупционер-депутаттан башталышы зарыл.

Алар менен күрөшүү үчүн саясатта тууганы жок же принципиалдуу өлкө башчылары шайланышы шарт. Эски саясий элитадан арылып, жаңычыл, реформатор саясатчыларды өстүрүү кажет. Баары бири-бири менен чымыр байланып, чие байланган жип сыяктуу болгондой, аны сабырдуулук менен жандырууга узак убакыт талап кылынат. Ансыз да өнүккөн мамлекеттердин катарына кирүү үчүн эмне деген жылдарды жоготуп койдук. Учурда Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү — бул чиновник же депутат менен күрөшүү деген сөз.

Менин сунуштарым:

Бүгүнкү күндө депутаттардын дээрлик баары мурдагы ишкерлер. Алар бизнестерин жубайларына, туугандарына же ишеничтүү адамдарына каттатып, анан шайлоого аттанышат. Ошондуктан бүгүнкү ЖКнын, өкмөттүн курамын толугу менен жаңылоо зарыл.

Парламентке бизнеси жок, карапайым эл өкүлдөрү, саясий ой-жүгүртүүсү күчтүү адамдар шайланышы шарт. Антпесе өлкөнү олигархтар башкарып калат. Мамлекеттик органдарга бизнес менен эмес, саясат менен алек болчу кадрларды даярдаш керек. Ал үчүн чет өлкөлүк адистерди чакыруу менен күчтүү мамлекеттик мектеп же окуу жай түзүү зарыл. Мисалы, Кыргыз улуттук университеттин же Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында саясий кадрларды даярдоо программасын иштеп чыгып, өзүнчө факультет ачса болот. Бул келечекке болгон инвестиция.

  • Көз карандысыз ЖМКлардын иштешине шарт түзүп берип, сөз эркиндигин чектебеш керек. Учурда ЖМК — элдин тили болсо, президенттин жана өкмөт башчылардын кулагы, көзү. Өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыз иш-аракеттерди көз карандысыз, коммерциялык басылмалар гана таамай айтып, көрсөтүп, жазып бере алат. Анткени алар рейтинг үчүн күн-түн дебей иштешет. Коммерциялык басылмалар киреше, тактап айтканда жарнама берүүчүлөр үчүн күрөшүп, рейтингге өзгөчө көңүл бурушат. Ал эми мамлекеттик ЖМКлар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, рейтинг тууралуу ойлонушпайт. ЖМКларды мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу, басып алуу аракеттерин токтотуш керек. Ошол эле маалда саясатчыга, саясий партияга жеке менчик ЖМК ачууга тыюу салуу зарыл. Анткени ал басылма кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, адилеттүүлүктүн таламын талаша албайт.
  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян же жаңы шайланган Украинанын президенти Зеленскийдей идеясы күчтүү, өнүгүүгө, өзгөртүүгө бел байлаган адамдар элинин түшүнүгүн, менталитетин жаңылай алат. Ошондуктан президент жана премьер-министр кызматтарына (жөнөкөй эле мисал, эл менен социалдык тармактан байланыша алган) ачык-айрым лидер келиш керек жана ал билимдүү кадрлардын башын бириктирүүсү зарыл. Зеленскийдин жакында эле бир сааттан ашык убакыт маалымат жыйын өткөргөнү анын журналисттерден качпай, эч нерседен коркпой турагындыгын айгинелейт.
  • Партиялардын санын кыскартуу. Идеологиясы жок партияларды жокко чыгарып, күчтүү атаандаш боло турган онго чейинки гана партияны калтыруу. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда саясий партиялардын саны 190го жеткен. Кичинекей Кыргызстанга бул көптүк кылат. Саясий партияларга катуу талаптарды коюп, алардын санын кыскартуу максатында атайын жоболорду иштеп чыгуу зарыл. Өлкөнү өнүктүрөм дегендер бири-бири менен ынтымакка келип, ЖКдагы 120 креслону талашпай, сатып албай, бир түндүктүн алдына биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруусу абзел. Болбосо кресло сатып алуу чоң бизнеске айланып, коррупциянын уюгуна айланат.

2016-жылы Жапониянын экономика министри Акира Амаринин белгисиз курулуш компаниясынан 100 миң доллар өлчөмүндө пара алганын жапон ЖМКлары жазып чыгышкан. Ошондон кийин министр журналисттердин алдына чыгып, отставкага кетип жатканын жарыялаган. Мындай көрүнүштү кыргыз чиновниктеринен күтүү кыйын. Анткени кыргыз саясатчылары баа жеткис байлыгы бар экени аныкталса да, баш чайкап кутулушат.

Отставкага кетип жатса да абалды тыңыраак түшүндүрүп, элинин алдында кечирим сурай алышпайт. Кыргызстан Жапония сыяктуу «экономикалык сыйкыр» жасай алган же принципиалдуу лидери (Ли Куан Ю) болгон Сингапурдун тажрыйбасын изилдеп, алар колдонгон саясий, экономикалык, социалдык ыкмаларды пайдаланыш керек.

Кыргызстан алтын, суу корун, кен байлыктарын эффективдүү пайдаланса, Араб өлкөлөрү мунайзаттан байыган сыяктуу эле финансылык көз карандысыздыкка жетише алат.

Саясий системасы жогорку деңгээлде өнүгүп, коррупциянын көрсөткүчтөрү төмөн болгон Скандинавия өлкөлөрүнөн (Финляндия, Норвегия, Дания, Швеция) үлгү алуу зарыл. Эл аралык Transparency International уюмунун 2018-жылдагы изилдөөсүнө таянсак, (изилдөө 2019-жылы январь айында жарыяланган) Кыргызстан коррупция менен күрөшүү багытында 180 мамлекеттин ичинен 132-орунда турат. Ал эми Дания тизмеде 1-сапта.

Эржан Болот уулу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG