Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 8-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 20:31

200 миң доллар пара: Чалбаев соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.

200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаев беш жылга эркинен ажыратылды.

Бул иш боюнча шек саналган дагы төрт киши айыпка жыгылып, бирөө акталды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Чалбаевге карата чыккан сот чечими боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Чалбаев пара алууга шек саналып кармалганда далил зат катары алынган 200 миң доллардын тергөө маалында жоголгону тууралуу маалымат боюнча талкуу токтой элек.

Коомчулукта эң ири пара менен кармалган аткаминер катары эсте калган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевге карата 19-ноябрда сот өкүмү чыкты.

Ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук соту ага кандай жаза бергенин райондук соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова айтып берди.

Асел Равшанбекова.
Асел Равшанбекова.

- Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 19-ноябрдагы өкүмү менен Уланбек Чалбаев Жазык кодексинин 327-беренеси («Пара алууга же коммерциялык сатып алууга түртүү») боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды, - деди Равшанбекова.

Равшанбекованын маалыматы боюнча, андан тышкары бул иште шек саналган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков «Пара берүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Сот ушул эле берене боюнча айып коюлган Самаковдун дагы бир баласы Жаныбек Самаковду актады. Айнура Кайнаева бул иште «пара алууда ортомчулук кылган» деп табылып, мамлекетке 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилсе, Эрлан Кыдыралиевге «Кылмышты жаап-жашырганы» үчүн 220 миң сом айып пул салынды. Ушул эле берене боюнча Максат Тукинов да күнөөлүү деп табылып, ага да 220 миң сом айып салынды.

Уланбек Чалбаевдин ишине тергөөдө «өтө жашыруун» деген белги коюлгандыктан сот башынан аягына чейин жабык өттү. Ошондуктан 200 миң доллар пара боюнча иште Чалбаевден башка кимдер айыпталып жатканы соттун өкүмү чыкканча белгисиз болуп турду.

Мындай ири пара менен колго түшкөн Башкы прокуратуранын жогорку кызмат адамына карата чыккан сот өкүмү коомчулукта сынга кабылды. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова соттун чечимине мындай баасын берди:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- Бул өкүм сот бийлиги президент коррупцияга каршы жарыялаган саясий күрөшүнө каршы иш экенин көрсөттү. Азыр пара менен кармалган чиновниктерди соттор актап чыгарышууда. Мындай сот бийлиги Кыргызстанда жаңы коррупционерлердин пайда болушуна шарт түзүүдө.

Бул арада Уланбек Чалбаевди кармоодо иш бөлмөсүнөн далил зат катары алынган 200 миң доллардын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) жоголушу боюнча талкуу күчөдү. УКМК 2018-жылы 16-апрелде Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканын жарыялаган.

Атайын кызмат ошол кезде бул акчанын таржымалын Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына оң жагына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган.

«Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деген айып менен 2017-жылдын 19-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту Самаковду «Кылмышка шериктеш болуу», «Коррупция» беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бишкек шаардык соту Самаковго карата чыккан өкүмдү 2018-жылдын июнь айында күчүндө калтырган.

Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулу кайсы бир кызыкдар тараптардын курмандыгы болгонун айтып, анын иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар УКМКдан жоголуп кеткенин айтып чыккан.

- Менин уулумдун иши боюнча далил зат катары алынган 200 миң доллар мурда эле тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кетиптир. Буга жооптуу, баламдын ишин тергеген тергөөчү депутат Канатбек Исаевдин күйөө баласы болот экен. Ал болсо акча анын иш бөлмөсүндөгү сейфинен уурдалганын айтып, «менин сейфимдин ачкычын башка бир кызматкер жасатып алып, акчаны алып чыгып кеткен болушу мүмкүн» дейт. Шектүү деген адам акчаны алып, казиного уттуруп жибериптир. Азыр ал адам жок, качып кетиптир. Ал ошол УКМКда иштеген кызматкер экен. Анан Исаев барып, УКМКнын төрагасына кирип, «жоголгон акчаны ордуна коюп берели» деп сунуш кылыптыр. Биздин адвокаттар сотто «ошол акчалай далил затын сотко алып келгиле, акчаны көзүбүз менен көрөлү, номурларын салыштырып чыгалы» деп айтышкан. Кылмыш ишинин материалдары сотко өткөндө далил заттардын бардыгы сотко жиберилиши керек болчу. Бирок тергөө органы акчаны сотко жөнөтө алган эмес. Сот болсо далил зат катары алынган акчаны карабай деле соттой бере турган өнөкөт таап алыптыр. Тергөө органы «иштин кээ бир материалдарына жашыруундук белгиси коюлуп, анын бардыгын жок кылып салганбыз» деген жооп бериптир. Кандай болгон күндө да ал материалдарды жок кылганга мыйзам жол бербейт. Алар архивде сакталышы керек эле.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов каражат жоголбогонун, акча учурда атайын кызматтын тергөөчүсүндө экенин айтып жатат.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Акча мамлекетке өткөрүлүп берилет. Каражат болсо тергөөчүдө. Далилдер көрсөтүлмөйүнчө соттун чечими чыкпайт. Силер муну билесиңер да, - деди Сулайманов.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматта соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин далил зат катары алынган 199 500 доллар жана «Samsung Galaxy S6 edge» уюк телефону мамлекеттин пайдасына чегерилери жазылган.

Бирок сөз болуп жаткан акча сотто далил зат катары көрсөтүлбөгөнү белгилүү болду. Уланбек Чалбаевдин жактоочусу Бакыт Осмонов буга чейин Чалбаевдин иш бөлмөсүнөн табылган 200 миң долларды сотто көрсөтүү боюнча өтүнүчүн судья канааттандырбаганын кабарлады.

- Биз деле сот мынчалык тез бүтөт деп ойлогон эмеспиз. Бирок ишти кароо мөөнөтүндө мыйзам бузуу деле жок. Судья биздин өтүнүчтү колдоп, сотко далилдерди (ред: 200 миң доллар) алып келеби деп ойлогонбуз. Сот бирок өтүнүчүбүздү колдогон жок. Судья буга чейин «жарыш сөзгө даяр болуп тургула» деп айтып жаткан.

Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев буга чейин президентке кайрылып, анын уулу 200 миң доллар пара алды деген айыптоого байланышкан күңүрт жагдайлар тергөөдө иликтенбей калганын айтып, бул иште аты аралашкан бир катар адамдар жазасыз калып, иштин баары уулунун моюнуна илингенин жазган.

Акыркы учурларда коррупцияга айыпталып соттолгон аткаминерлер
эркиндикке чыгып же жазасы жеңилдеши өткөн аптада Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында сынга кабылган.

УКМК өткөн жылы транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганын жарыялаган. Быйыл июль айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга түрмөгө кескен. Кийин Бишкек шаардык соту анын жазасын 12 жылга кыскарткан.

Ал эми «коррупциялык схема түзгөн» деп кармалган Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов быйыл 25-мартта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 12,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок октябрь айында Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени өткөн айда белгилүү болгон.

Жогорку сот 30-октябрда Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Алмаматовду түрмөгө кесүү боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ал азыр издөөдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG