Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Карганбек Самаков жатак абакка которулду


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаков №26 жатак абакка которулду. Бул тууралуу 13-мартта «Азаттык» радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Самаков жаза мөөнөтүн №47 колонияда өтөп жаткан. Ал мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу менен которулду.

Экс-депутаттын адвокаты Бакыт Асамудиновдун айтымында, мыйзам боюнча Самаков быйыл жайында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулушу да ыктымал.

- Биздин эсепте мыйзам боюнча июнь-июлдарда «шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу» дегенге такалып жатат. Баш-аягы жаза мөөнөтү жалпысынан 8-9 ай эле калат, - деди ал.

«Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыпталган Самаковду 2017-жылы 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка шериктеш болуу», «Коррупция» беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Аны менен кошо дагы беш адам сегиз жылга кесилген.

Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG