Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 22:56

Айлык көбөйсө коррупция азаймак


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Норузбек Оморов жиберген сунуш.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой коррупция бул - мамлекеттин жана коомдун экономикалык өсүшүнө олуттуу зыянын тийгизет.

Коррупция менен күрөш дүйнөлүк коомчулуктун эң чоң тапшырмасы, ошонун ичинде эле биздин өлкөнүн да эгемендүүлүктү алгандан берки актуалдуу көйгөйү болуп келе жатат. Коррупция бул мыйзамдын үстөмдүгүн, демократия менен адам укуктарын, укуктук талаадагы мамлекеттик башкарууну, коомдук теңдикти, экономикалык өнүгүүнү, атаандаштыкты жана коомдогу адеп-ахлакты бузат.

Коррупцияны үч түргө бөлүп карасак болот:

  1. Үй-чарбалык коррупция - жөнөкөй жарандар менен чиновниктердин ортосундагы өз-ара аракет, кызмат адамына же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылык иретинде берилген белектер, ошондой эле бул түргө непотизмди да киргизсек болот, тагыраагы кадрдык саясатта "кол ийрисине тарткан" көрүнүш (тууган-туушкан, ага-ини, жээн, бажа, куда сыяктуу туугандарды ишке дайындоо).
  2. Ишкердик коррупция - бул бийлик өкүлдөрү менен бизнесмендердин ортосундагы аракет. Мисалы үчүн сот бийлигине кандайдыр бир маселени өзүнүн пайдасына чечиш үчүн ыраазычылык билдирүү. Же болбосо бажы тармагын ала турган болсок, мамлекетке мыйзамсыз ташылып келген контрабанда товарларын киргизүү үчүн бажы кызматкерине берилүүчү сый акы. Бул сый акылар ошол кызматтагы адамдын айлык акысынан бир канча эсе жогору турат.
  3. Жогорку бийликтеги коррупция - бул түргө саясий бийликтин өкүлдөрү жана жогорку сот кирет. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында полиция кызматкерлеринин айлыгы жогору. Ошон үчүн аларда жогорудагы коррупциянын 1-түрү дээрлик жокко эсе. Аларга 200 доллар пара берүү абийирсиздик эмеспи? Андан көрө сизге штраф салып, аны мамлекеттик казынага төлөтүп, жүзү жарык айлык алганы жакшыраак. ​

Сингапур коррупцияны кантип жеңген?

Сингапурда биринчиден зор бийликке ээ болгон БЮРО ачылган (Азыркы биздин өлкөдө АКС). Бюро эмне кызмат кылган? Бюро соттун чечими жок эле коррупцияга шектүүнү кармоого, тинтүүгө, алардын банктык эсептерин текшерүүгө, алардын жакын туугандарын же болбосо кандайдыр бир күбөнү суракка алууга укуктуу болгон. Ал адам кандай кызматтын ээси, бийликтеги статусу болсун текшерилген. Коррупция менен кармалган адам кызматынан гана айрылбастан, бардык мамлекеттик жеңилдиктерден (льгот), жада калса пенсияга чыгуудан да ажыраган. Сингапурда мамлекеттик бюджеттен камсыздалган кызматкерлердин айлыгын болуп көрбөгөндөй жогорулаткан.

Сингапур саясатчысы Ли Куан Ю айткандай “Бир гана стабилдүү жана жетиштүү камсыз болгон өлкө - бул мамлекеттин ийгиликтүү башкаруусу” деп айтканы бүгүнкү Сингапурга далил.

Жогорудагы өлкөлөр коррупция менен ийгиликтүү күрөш жүргүзүп, бүгүнкү күндө анын жемишин татып жатканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Эмне үчүн мен коррупция менен күрөштө Сингапурду мисалга тарттым. Анткени Сингапур коррупция менен күрөшкөндө эң туура жолду тандап алган десем жаңылышпайм.

Эгерде өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жакшы болуп, мамлекет тараптан жакшы камсыз болуп турса, ал адамда финансы жактан муктаждык болбосо, ал адам пара албайт деп ишенем жана буга Сингапур өлкөсү далил. Айлык акы жогору болсо ошончолук иш жана жарандарды тейлөө сапаты да жогорулайт. Анткени билимдүү жаштар башка өлкөгө иш издеп барып отурбай, өз өлкөсүнө билимин арнап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошмок.

Бардык билимдүү жаштар азыр чет жакта иштеп, кадр маселеси аксап турат. Бул нерселердин бардыгы маянага келгенде көйгөй жаратканы ачык-айкын болуп турат.

Мен эми биздин өлкөдөгү коррупцияга күрөшүү боюнча өз сунуштарымды келтирсем.

  1. Мамлекеттик кызматчылардын айлыгын жогорулатуу жана жогорку билимдүү, квалификациялуу административдик кадрларды окутуп даярдоо.
  2. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы коррупцияга күрөшүү кызматын (УКМК АКС) өз алдынча кылып бөлүп алып, жогорудагы мисал келтирген Сингапурдагы БЮРОго берилген укуктарды берүү керек. Бул органды түз эле өлкө президентинин алдында түзүш керек, ал бир гана президентке көз каранды болушу зарыл.
  3. Чиновниктерди ротациялоону катуу ишке ашыруу керек жана кимдир- бирөө корруцияга байланышкан учурда пландан сырткары текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл.
  4. "Коррупция бул – кылмыш" деген сабакты мектептин окуу программасына киргизүү керек.

Эмне үчүн мен коррупция менен күрөшүүдө биринчи эле айлыкты көтөрүүнү сунуш кылдым. Себеби, айлык жогору болмоюнча, эки-үч сунушту ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде маянанын аздыгынан бардык мамлекеттик органдарда кадр маселелеринде сапатсыздык өкүм сүрүп жатканына баарыбыз күбө экенибизди билебиз.

Дүйнөлүк тажрыйбада да коррупция менен күрөштү биринчи кадам айлык акыны жогорулатуу менен баштаган. Айлык акыны көтөрмөйүнчө коррупция менен күрөшүү тешик чакага суу куйгандай эле көрүнүш болуп калат.

Норузбек Оморов, Ош шаарынын тургуну

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG