Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Коррупция - өнүгүүнү тушаган кишен


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Ырыскүл Алакунова жиберген сунуш.

Бүгүнкү күндө кыргыз коомунда коррупция тууралуу кеп кылбаган адам аз. Кайда гана барбагын, айылдабы же шаардабы, аштабы же тойдобу, иштеби же үйдөбү, баарынын бүйүрүн кызыткан, баарынын оозунан түшпөгөн мына ушул атың өчкүр коррупция. Кызык жери, акыркы он жылдыкта кыргыз бийлиги - президенти да, парламенти да, аткаруу бийлиги да ар дайым, жылы бою, айлар бою, күнү бою, сааттар бою, мүнөттөр бою «коррупция менен күрөш жүргүзүп жатабыз» деп жар салат. Анткен менен чеке жылытар майнап байкалбайт.

Деги коррупция деген эмне, ал эмнеге жоюлбай жатат? Булактарга кайрылсак, коррупция - латындын «corrumpere» - бузуу, «corruption» - сатып алуу, сатылуу, бузуу деген сөздөрүнөн алынып, кызмат адамдарынын өз бийлигин жеке кызыкчылыгы үчүн, баюу үчүн колдонуусун, кызмат адамдарын сатып алууну ж. б. у. с. түшүндүрөт экен. Бул жерде көңүлгө орногон бир нерсе - коррупция кызмат адамдарына тыгыз байланыштуу экендиги. Анда ошол кызмат адамдары коррупцияга каршы күрөш жүргүзө алабы?

Кыргыз макалында «Карга карганын көзүн чукубайт» деп таасын айтылган сөз бар. Албетте, «карга» - б. а. кызмат адамы, өз кызматташтарынын, б. а. бөлөк «каргалардын» көзүн чукуй баштаганы күмөн жаратат. Ошол себептен, кыргыз бийлигинин коррупция менен күрөшү - бар болгону бийлигин өгө бетер чыңдоо, пикири бөлөктөрдү тизелетүү үчүн жүргүзгөн амалдуу күрөш болуп чыгат. Аныгында, коррупцияга каршы эч кандай күрөш деген жок. Анткени коррупцияны жасагандар да, ага каршы күрөшкөндөр да башынан бери чогуу келаткан бир уруу «каргалар». Муну акыркы жыл ичиндеги окуялар да даана көргөзүп койду. Антсе да коррупциядан арылыш үчүн «жашоо ушул экен да» деп көңүл кош отуруп калбай чечкиндүү аракеттерди кылыш керек.

Азыр төмөнкү суроолор кабыргасынан коюлган: Кыргызстан коррупциясы төмөн өлкө боло алабы? Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын кантип камсыздоого болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамдын негизинде иштеген тутум түзүүгө эмне жолтоо болууда? Бийликтин жарыясы менен иш-аракети коррупцияны жеңүү үчүн жетиштүүбү?

Жооп кайтарсак, коррупциянын деңгээлин азайтууга толук мүмкүн. Бул үчүн биринчиден, адилеттүү, мыйзамга негизделген коомдук түзүлүш орношу абзел. Ал эми азыркыдай жалаң уурдап байыгандар шайлоо аркылуу бийликке келип жаткан учурда коррупция эч качан жоюлбайт. Алар өздөрүнө ылайыктуу мыйзамдарды жазышат, бекитишет жана аларды «буйлаланган төө» иретинде өз кызыкчылыгында колдонушат. Демек, мамлекеттик кызматка эл-жер үчүн күйгөн, билимдүү, кесипкөй инсандарды тартуу зарыл. Бирок муну бийликти бардык күчү менен чыгарып жибербешке аракет кылып колуна мыкчыган, азыр шылдыңга айланган «чимкирик элита» өлүп баратса жасабайт.

Экинчиден, жогорку бийлик өкүлдөрү тууган-туушканын, куда-бажасын бийликке алып келген практика токтошу зарыл. Бийлик - бул эл салыктан түшкөн өз акчасына жалдап алган мамлекеттик кызматчылар тобу экенин эске алсак, элге сапаттуу кызматкерлер керек. Таң каларлык жагдай: азыр Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн эсебинен маяна алган жалданма кызматкерлер же «элдин кулдары» өз иш берүүчүсүнө – элге - кул сыңары мамиле кылышат. Мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн милдетин, парзын түшүнбөйт жана түшүнгүсү келбейт. Анткени алар тууган-туушканынын же кайсы бир саясий партиянын (уюшкан топтун) колдоосу менен кызматка келишкен. Алар үчүн элдин мүдөөсү тыйынга арзыбайт. Демек, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу абзел. Ар бир жалданма кызматкердин ар бир иш-аракети, кадамы элдин көз алдында турсун. Ал эмне документтерге кол койду, эмне иш жасады - баары ачык болсун. Ошондо алар өз иш берүүчүсүнөн - элден уялган абалга келебиз. Бул жерде мамлекеттик сатып алууда коррупциянын очогуна от калаган чоң бир маселе бар - ал тендер. Азыр эмне иш жасалса да, баары тендер аркылуу өтөт, бирок ошол тендерде чоң коррупция жатат. Натыйжада бардыгы эч нерседен уялбай уурулукка өттү. Анткени мыйзамдуу калканч бар - анын аты тендер. Бул тескери көрүнүштү токтоосуз жоюу зарыл. Бирок муну да азыркы биздин илээнди «элита» мойнуна кылыч такасаң да аткарбайт.

Үчүнчүдөн, өлкөдө коррупциясыз тутум түзүүгө мамлекеттик кызмат тутуму өзү жолтоо болууда. Анткени коррупциялык иш-аракеттер дал ушул чөйрөдө баарынан көп орун алат. Жомоктогудай болуп бир башын кыйсаң, ордуна он баш өсүп чыгат. Себеби, мамлекеттик кызмат тутумуна келген адам эбактан бери эле эл үчүн, өлкө үчүн деген принцип менен жашабай калган. Ал башкаруучу элитанын же бийликке убактылуу келген кайсыл бир кландын көзүнүн кареги менен тең айланып, ага кызмат кылып, ошол эле учурда андан пайда таап, өзү да жакшы жашап калууга аркеттенет. Бул турмуш чындыгы. Демек, мамлекеттик кызмат тутумун түп-тамырынан бери жаңылоо, жаңыча мамиле-алака тутумун киргизүү зарыл. Бул үчүн мамлекеттик кызматкер кимге, эмне үчүн кызмат кылып жатканын айкын түшүнгөн деңгээлге жетишибиз керек. Ал эл-жерге кызмат кыларын, анткени алып жаткан эмгек акысын эл салыктар аркылуу төлөп жатканын түшүнүшү абзел. Бирок муну ишке ашыруу тилекке каршы кыяматтын кыл көпүрөсүнөн өтүү менен барабар.

Мына азыр келерки жылдагы парламенттик шайлоо кызуу талкууга алына баштады. Бирок ал шайлоодон кийин деле чекебиз жылып кетерине ишеним жок. Анткени, кайрадан алдамчылар, уурулар, мамлекеттик мүлктү талап-тоноочулар топ-топ болуп чогулушат да, акчаларын чачып, кайрадан парламентке келишет. Келген соң кайрадан бийлик, таасир, кызмат бөлүштүрүшөт, анан шайлоого чачкан акчасын толуктап «ордуна тургузуш» үчүн коррупция жолу менен чогулта башташат. Мына ушундай учу көрүнбөгөн туңгуюк.

Биздин колубуздагы, негизги коррупционерлерге айланган жалданма кызматкерлерибизге - президентке, парламентарийлерге, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө таасир кылуучу негизги рычаг - шайлоо да ошентип түп-тамырынан бузулган.

Демек, «коррупция менен күрөшөбүз» деген бийликтин жарыясы жана анын коррупцияга каршы иш-аракеттери коррупцияны жеңүүнү камсыз кылмак турсун, кайра аны гүлдөтөт. Өзүбүздү алдабайлы. Мисалы, Бишкек шаардык унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн башчысы Насырбек Алмаматов коррупциялык иш-аракети үчүн деген негизде камакка алынды. Бирок аны соттор камактан чыгарды эле, ал дароо качып жок болду. Дагы бир мисал, Аскарбек Шадиев Ч. Айтматов атындагы 30 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сыйлыкты жеп койгону үчүн айыпталды эле, ал да көздөн кайым болду. Ушул сыяктуу миллиондогон көрүнүштөр бийлик коррупцияга каршы чындап күрөшпөсүн, ал бар болгону өзүнө атаандаш болчу башка инсандарга каршы күрөшөрүн ачык-айкын көрсөттү. Чыга турган тыянак көңүлдү жубатпайт. Азыр кыргыз коомунда коррупция менен чындап күрөшө турган реалдуу күч, аларды жетектей турган реалдуу инсан жок. Иштеп жаткан бийлик болсо Райымбек Матраимовго байланыштуу эч бир конкреттүү чара көргөн жок да, ошонусу менен дароо элдин назарынан калды. Эл бүгүнкү коррупцияга каршы күрөш - жөн гана элдин көзүнө топурак чачмай экенин жакшы түшүндү.

Ал эми бийликтин чыныгы ээси болгон эл мындай жагдайда эмне кылышыбыз керек? Бизге баарынан жакшысы - мындай жегич кызматкерлерди салыктын эсебинен түзүлгөн элдик байлыкты коротуп жалдагандан көрө, президент, министр, депутат, сот, прокурор ж. б. бардык мамлекеттик кызматтардын конкреттүү программасы орнотулган роботторду жасап колдонуубуз гана калды. Бардык мамлекеттик кызматтарды жакшы программалык камсыздоосу бар, өз ишин так аткарган, эч качан пара сурабаган, кызматтык абалынан кыянат пайдаланбаган роботторго берели. Аларды бир гана жолу жасайбыз да, иш орундарына жайгаштырабыз, керек болсо айлык да төлөбөйбүз. Алар бизден чоң маяна, жакшы үй-жай, жакшы машине, иш билген бир нече жардамчы, бекер мамлекеттик тейлөө ж. б. артыкчылыктарды эч качан сурашпайт. Биздин тынчыбызды эч качан алышпайт. Орнотулган жерлеринде гана тынч иштей беришет, берилген тапшырмаларды кынтыксыз аткарышат. Эң жакшысы - мамлекеттин акчасын чачып, чет элдерге саякатка чыгышпайт, мамлекеттик байлыкты уурдоо дегенди ойлоруна алышпайт, үч-төрт катын алуу мээсине да кирбейт.

Туугандар, келгиле, бардык мамлекеттик кызматчыларды бошотолу да, алардын ордуна роботторду алып келип орнотолу. Бул биздин акыркы үмүтүбүз. Ошондо биз өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болгон кишенди - коррупцияны биротоло жок кылабыз. Албетте, меним мунум тамаша - бирок чындыкка жараша. Айлаң алты кеткенде аргасыздан айтыла турган ой экен.

Ырыскүл Алакунова, Эл аралык Ала-Тоо университети

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG